Афган согушу: Гранатанын денеде калган сыныгы эмес, жүрөктөгү так жаман

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

1979-жылы cоветтер союзу Афганистанга кирген учурда кулаган тик учак. Сүрөт 2015-жылы тартылган

Сүрөттүн булагы, ALAMY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жылы cоветтер союзу Афганистанга кирген учурда кулаган тик учак. Сүрөт 2015-жылы тартылган

1979-жылдан тарта ооган согушу миңдеген кыргызстандык жоокердин тагдырына тикелей таасир этти. Бул жоокерлердин артында ошончо үй-бүлө, андан алда канча көп ата-эне, тууган-урук турары талашсыз. Согуш анын баарына таасирин сөзсүз берген.

1979-1989-жылдардагы ооган согушунун түпкү себеби, советтик жоокерлер эмнеге ал согушка барып калганы жаштардын көбүнө, ал тургай ошол жерде курал кармап келген айрым жоокерлердин өздөрүнө дагы түшүнүксүз бойдон калгандай. Оогандагы кан төгүүнүн азабы, оор кесепеттери жаштарга жоктоо ыры, эскерүүлөр, сүрөт, тасмалар менен жетти. Курчоодо калган, ок жааган, жакынын жоготкон учурлар ардагерлердин күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Афганистандагы согушта кыргызстандык 200дөн ашуун жоокер мерт болсо, 4 жоокер дайынсыз кеткен. Ар кандай жаракат алгандар миңдеп саналат. Айрымдары биз менен аңгемелешкен учурда жылдап ошол согуштун запкасын тартып, эми медициналык операцияга камынып жатышканын кеп кылды.

Ооганстандан советтик аскерлерди чыгару учуру, 1989-жылдын 15-февралы

Сүрөттүн булагы, VITALY ARMAND/AFP/GETTY IMAGE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстандан советтик аскерлерди чыгару учуру, 1989-жылдын 15-февралы

Ал ооган согушуна барып келген, ачуусу келсе кармана албай калат, денесинде азыр да гранатанын темирлери бар деген сыяктуу сөздөрдү көпчүлүк уккан чыгаар.

Советтик жоокерлер Афганистандан толук чыгарылганына быйыл 15-февралда 35 жыл толот. Би-Би-Си согуш талаасында жүрүп келген мурдагы жоокерлердин айрымдарын кепке тартты.

Алыбек Сыдыков, 1982-жылы Панжшерде жарадар болгон

Алыбек Сыдыков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алыбек Сыдыков

"Чынында эмне үчүн мусулмандар батальону деп түзүлгөнүн билбейт экем. 1980-жылы Капчыгайда дайындалган. Казак офицери Керимбаев Борис Түкөнович деген болгон. Кытайга, Афганистанга дайындалган деген сөздөрдү укканбыз. Мен өзүм 1981-жылы жазында баргам. Ошол эле жылы 29-октябрда биз Афганистанга кирип бардык. Бир эле аскер бөлүгү болчубуз. Бирок бир жагы башка, тиги жагы башка эле. Мусулмандар батальону деп кийин айтылган. Ошондо бизди Афганистанга калтырышты, ал жерде кыргыз, казак, өзбек, тажик, анан орустар болгонбуз. Азиянын орустары болгон, аларды деле мусулман деп эсептешкен. Бул батальондо мөөнөтү жагынан эң көп кызмат өтөгөн кыргыздар болгон. Ошентип согушка эң көп катышкандардын бири болуп калдык. Жыйырма жашымда экинчи топтогу майып болуп келдим. Ошондо Ахмад Шах Массуддун колу менен кармашып, рубин чыга турган Руха деген жерди талашып согуштук. 1982-жылы жай айында катуу жарадар болдум. Ошондон кийин комиссия тарабынан согуштан бошотулдум.

Панжшер өрөөнүндөгү Ахмад Шах Массуддун портреттери, 2009-жыл. Жергиликтүүлөр арасында Шах Массуд улуттук баатыр катары каралат

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Панжшер өрөөнүндөгү Ахмад Шах Массуддун портреттери, 2009-жыл. Жергиликтүүлөр арасында Шах Массуд улуттук баатыр катары каралат

Согушту көп көрдүк, күнү-түнү согушкан учурлар болду. Бир кадам таштагандан кийин качып кетсең камаласың. Ошон үчүн советтер союзунун тартиби таза, так, туура жүргөнгө үйрөткөн. Бирок көп жоготуулар болду.

Ар тараптан салгылаштык. Эмне болуп жатканын түшүнө албай калган учурлар да болду. Ошонун ичинде "Сарөндөй" деп коёт, афгандардын аскерлери. Чогуу биз менен жүрүп эле кайра өзүбүздү аткан учурлар дагы болду. Бирок мына деп аларды так кармай албай койдук. Кармасак тындым кылмакпыз.

Советтер убагында аскерге чакырыласың, буйрукту аткарасың, башка эч нерсе кыла албайсың. Мыйзамы ушундай болгон. Бул жакка дейт, бул жакка барасың, тигил жакка дейт, тигил жакка барып, командирдин берген тапшырмасын аткарасың".

Панжшер өрөөнүнүн жайкы көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Панжшер өрөөнүнүн жайкы көрүнүшү

Кубанычбек Азизов, Пули-Хумри шаарында согушка катышкан

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз Афганистанга барганга чейин Казакстандын Атар деген жеринде болдук. Ал жерде атайын даярдоочу дивизия бар болчу. Ошол жерден бир топ бала өз ыктыярыбыз менен суранып жүрүп барганбыз. Ооганда жалпысынан 18 ай жүрдүм.

Кыргыздан мен, Ысмат, Сергей деген орус жигит үчөөбүз чыктык. 1986-жылдын ноябрь айы эле. Жергиликтүү элге курал-жарак, тамак-аш таратып өттүк. Кайра келе жатканыбызда биз бараткан чопкутталган унаага гранатомет тийди. Сергейдин бетин жулуп кетти, дагы бирөөнүн эки колу жаракат алды. Үчөөбүз тең контузия алдык. Бул абдан оор учур эле. Андан кийин буйрук чыгып, мына кетебиз деп жатканда 1987-жылы апрелде дагы бир жолу жаракат алдым. Ок тийип, буктурмага түшүп калдым. Бир нече саат өткөндөн кийин алып чыгышты. Ошол жерден чыгып жатканда кол салуу болуп, взводдун командири Антонов да жарадар болду. Ошол жерден саперлордун старшинасынын сөөгүн алып чыгууга туура келди. Ошол окуянын залалдары азыр да денеде бар. Жарааттын ооруганы эч нерсе эмес, жүрөктүн ооруганы жаман...

Кубанычбек Азизов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубанычбек Азизов

Жылына ондон кем эмес ардагерди жоготобуз. Ысык-Көлдө эле жылына беш-алты киши каза болот. Аны көрүп жүрөк ооруйт. Ошол кездеги жарааттарга чыдап жүрүп, кесепети бүгүнкү күнгө чейин жетти. Эми мына операция болгону жатам.

Дүйнөдө социалисттик блок менен капиталисттик блоктун ортосундагы ошол кездеги абал оңойго турган эмес. Бир ок чыкса кандай болуп кетмек. Тарыхты баарыбыз билебиз, ошону тунук ой менен түшүнүп, туура жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Биз келгенден кийин советтер союзу өзү урап кетти. Келгенден кийин эч кандай тоскоолдук көргөн жокмун, ушул күнгө чейин дары-дармегимди алып жатам. Бирок азыр кымбат операцияга кантип даярданам деген суроо турат.

Мекенине жөнөп жаткан советтик жоокерлер сүрөткө түшүп жатат. Кабул, 1988-жылдын 16-майы

Сүрөттүн булагы, BERTRAND DE SAISSET/AFP/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мекенине жөнөп жаткан советтик жоокерлер сүрөткө түшүп жатат. Кабул, 1988-жылдын 16-майы

Кызыл жылдыз орденинин кавалери болдум, мамлекеттик органдарда да иштедим, андан кийин айыл өкмөт башчысы болдум. Мен жашаган турмушума өкүнбөйм, өлүмтүгүмдү арткан киши эмесмин.

Кээ бир кыргыз жигиттери ошол жакта калып, ошол элге сиңип, калып калган деген туура эмес көз-караш бар. Кыргыздар өзүнүн аскердик милдетин абдан жакшы аткарган. Мен билгенден башын ылдый салып калган бир дагы кыргыз жигити болгон эмес. Бири-бирибизди сүйрөп, так жүрүп, так сүйлөп, так келдик. Курчоодо калып же жарадар болуп, колго түшүп, анан айласы жок ошол жерде калган бирөө жарым болгон чыгаар. Андай болгон күндө да аны калып калган деп айыптабаш керек. Ким эле ал жакта калгысы келсин?".

Асанаалы Койчукеев. 59 жашта

Асанаалы Койчукеев (Солдо турат)

Сүрөттүн булагы, А. Койчукеевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асанаалы Койчукеев (Солдо турат)

"Ооган согушуна барардан мурда атайын даярдыктан өттүк. Зарылчылык болсо колдоносуңар деп курал берген. Бирок биздин башкы милдет атышуу эмес, ошол жактагы жоокерлерди күйүүчү, майлоочу май менен камсыздоо эле. Мисалы бир станция Бишкекте болсо, экинчиси Сокулукта деп элестетиңиз. Станцияларда басымды өлчөй турган жабдуулар турат. Эгер түтүктүн бир жери тешилсе, экинчи тарабында басым түшкөнү дароо көрүнөт. Андайда эч нерсеге карабай күнү-түнү иштейсиң. Түтүктү кубалап жүрүп отуруп оңдош керек. Биз жөнөйбүз, бизди коштогон аскерлер аркабыздан жөнөйт. Себеби биз адис катары кызмат кылабыз, алар болсо күзөтөт дегендей.

Бир жолу түн ичинде ошентип жөнөп калдык. Кетип бара жактанбыз, бир убакта эле катуу атылган үн чыкты. Биздин чопкутталган унаага тийип, гранатометтун огу темирди көзөп эле кетти. Арабыздан бирөө мүрт эле кетиптир, командирим жарадар, мен жарадар. Канча убакыт эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келсем эле кулак чуулдайт, көз тумандайт. Эч нерсеге дарман жок жаттым, чабуул болгонун билдим. Даяр бута болуп, алаканга салгандай эле жатабыз. Эми качан экинчисин атат болду экен, тирүүлүк ушуну менен бүтөт турбайбы деп жаттым. Бир аз убакыт өткөндө автоматты алып, айланада эмне караан көрүнсө аткылайын дедим. Командирим ага уруксат берген жок. Ок атып жооп кайтарсак, үстөккө-босток аткылайт деди окшойт. Анан аркабыздан бизди күзөткөндөр алып кетти.

Командирим экөөбүз ооруканага жаттык, анын жаракаты оор болгон үчүн СССРге алып кетти. Мени дарылап, кайра кызматыма алып барды. Кийин Кыргызстанга келгенимде мага сыйлык келди, так дайынын дагы билген жокмун. Балким ошол окуя үчүнбү, командиримди ал жерден алып чыгып, жардам көрсөткөнүм үчүнбү, билбейм.

Асанаалы Койчукеев: Кийин бизди кайсы тараптан, кандай атканын билдик. Жакын эле жерде арыкка жашынып, жалгыз кол салган экен.

Сүрөттүн булагы, А. Койчукеевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асанаалы Койчукеев: Кийин бизди кайсы тараптан, кандай атканын билдик. Жакын эле жерде арыкка жашынып, жалгыз кол салган экен.

Эмне болуп ооганга барып калганыбызды ал учурда такыр түшүнбөптүрмүн. Буйрук берилди, аткарабыз деп эле барган экенбиз. Чынын айтсам, ушунча убакыт өтсө да эмне себептен ооганга барган чыныгы себепти азыр да түшүнбөйм. Ошол жакта жүргөндө Кыргызстан, эл-жер көздөн учту. Тилегениң эле аман-эсен элге барсам деген ой.

Союз ал жактагы чоң аскер бөлүктөрүнө кандай кам көргөнүн билбейм, биздики абдан чакан болчу. Талаага барып эле түшкөнбүз. Улам бирин четинен курап, өзүбүзгө мончо куруп, эски имаратты бузуп келип, ашкана салып дегендей. Анда-санда базарына барчубуз. Алар сүйлөгөндө тажик тилине окшошуп кетет. Боолголоп түшүнсө болот. Базарды жалгыз аралап кирип кетмей жок, бири-бирибизди такай акмалап турмай. Унааны токтотуп коюп, ошондон алыс кетпей керектүү нерсени алчубуз".

Асанаалы Койчукеев (Артта, коюу кара чачтуу)

Сүрөттүн булагы, А. Койчукеевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асанаалы Койчукеев (Артта, коюу кара чачтуу)

Кайдасың командир?

"Чабуулдан жаракат алгандан кийин аны дарыланууга алып кетишти дебедимби. Мен болсо калдым, ошол бойдон кат-кабар жок. Азыр аты-жөнү да эсимден чыгып кетиптир. Сүрөт, кагаз дегендин баарын карап жатам, кадимкидей издөө салып, кабарын билсем дейм. Издеп таап, ал-акыбалын, тагдыр аны кандай күнгө туш кылганын, башынан эмнелер өткөнүн билгим келет. Жаштыгыбыз чогуу өттү, оор жылдарды чогуу баштан кечирдик дегендей. Ошонун баары биздин өтмүш. Чамам жетсе жакында издей баштайм".

Жыл сайын катарыбыз кемип жатат деп кейиген ардагерлер согуш болбосун деп тилейт. Арасында дарыланып, жеңил эмес турмушту башынан кечирип жаткандары дагы бар. Мурда аларга кышка көмүр, ар кандай көмөк деп жардам деп берилип келген. Бирок ал ыраттуу болгон эмес. Ошондон улам баарына текши болсун деп соңку ирет 2009-жылы ар бирине айына 6000 сом акчалай көмөк бекитилген. Андан бери 14-15 жыл өтсө дагы төлөмдүн чени ошол бойдон эле келе жатат дешти. Коргоо министри жакын арада бул маселе чечилет деп ишендирди.