Жаныбеков: Биз өз милдетибизди аткарганбыз

“Алгачкы күндөрү коркунуч болгон. Бирок, ошол турмушка да көнөсүң. Адам көнбөгөн эч нерсе болбойт. 80-жылдарга чейин Афганистандагы жоокерлердин курамы да, офицерлердин курамы да негизинен азият улутундагылар болгон”.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Алгачкы күндөрү коркунуч болгон. Бирок, ошол турмушка да көнөсүң. Адам көнбөгөн эч нерсе болбойт. 80-жылдарга чейин Афганистандагы жоокерлердин курамы да, офицерлердин курамы да негизинен азият улутундагылар болгон”.
    • Author, Гүлнара Касмамбетова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери

Афганистандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы эскерилүүдө. Дээрлик он жылга созулган Афганистандагы согушка Советтик өлкөлөрдөн барган 13 миңге жакын аскер каза болгону айтылып келет. Дайынсыз кеткен үч жүздөй жоокер болгон.

Ал эми Кыргызстандан жети миңден ашуун адам Афганистанда кызмат өтөп, алардын эки жүз кырк тогузу мекенине кайтпай калган. Афганистанда кызмат өтөгөн жоокерлердин миңден ашууну оорукчан жана майып болуп калган. Кыргызстанда Афган ардегерлерине жети миң сомдон жөлөк пул берилип келе жатат. Биз бүгүн Афганистанда Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген, Ошто жашап, эмгектенген белгилүү акын Маматибраим Жаныбеков менен баарлаштык.

-Армияга кызмат өтөгөнү кетип баратканда сиздер Афганистанга барып каларыңарды алдын ала билдиңер беле?

Маматибраим Жаныбеков:

-Чакырылган жоокерлерди Германияга барасыңар деген жалган маалымат менен алып кеткен. Түркмөнстандын Кушка деген даярдоо талаасында үч ай кармашты. Түркмөнстан менен Афганистандын климаты жакын экен. Ошол жерде үч ай даярдагандан кийин тик учак менен алып өтүштү. Бир саатка жетпеген убакыт ичинде Афганистанга барып кондук.

-Ал учурда Афганистанга эмне себептен баруу керек экендигин советтик аскерлерге кантип түшүндүрүштү эле?

Маматибраим Жаныбеков:

-Ал мезгилде дүйнө социализм жана капитализм деген эки блоктон турчу. Советтер союзунун негизги милдети катары жаңы түзүлүп жаткан социалисттик мамлекеттерге колдоо көрсөтүү керек деген түшүнүк болгон.

-Афганистанга барганда сизде өзүңүздүн эл аралык, интернационалдык милдетимди аткарып жатам деген сезим болду беле?

Маматибраим Жаныбеков:

- Андай сезим сөзсүз болгон.

- Коркунучтар да болсо керек эле. Мисалы, бул жерде эмне кылып жүрөм, үйүмө аман-эсен жетсем экен деген ойлор болду беле?

Маматибраим Жаныбеков:

-Алгачкы күндөрү коркунуч болгон. Бирок, ошол турмушка да көнөсүң. Адам көнбөгөн эч нерсе болбойт. 80-жылдарга чейин Афганистандагы жоокерлердин курамы да, офицерлердин курамы да негизинен азият улутундагылар болгон. Булардын жер шарттары жана каада-салттары жакын, тез өздөштүрүп кетет деген саясат менен Борбордук комитет негизинен азият улутундагыларды жөнөткөн. 82-жылга чейин Советтер союзунун Азия чөлкөмүндөгү айылдарга эки-үч айда бир жоокелердин сөөгү келе баштаганда, нааразычылыктар чыккан. Ошондон кийин бизде орус, украин ж.б. улуттагы жоокерлер да көбөйө баштады. Бизге кызматыбызды Совет жергесинде өтөөнү улантуу мүмкүнчүлүгү ачылганда, “мекенди коргоо” милдетибизди аягына чыгаруу үчүн Афганистан жергесинде кала бердик.

-Сиздер Советтер союзунун атынан өзүңөрдүн эл аралык милдетиңерди аткарганы барганыңарда, жергиликтүү калк өзүнүн мекенин коргоп жатышпайбы деген ой келди беле?

Маматибраим Жаныбеков:

-Жок. Ал мезгилде жаңыдан социалисттик багытта өнүгө баштаган өлкөгө жардам берип жатабыз деген жалпы түшүнүк бар болчу.

-Сиз жогоруда азиялыктар, анын ичинен кыргызстандык көп барган деп айтып өттүңүз. Жаныңызда кыргыз жоокерлери да болсо керек эле?

Маматибраим Жаныбеков:

-Сөзсүз болгон. Ош облусунан айтайын, бир чакырылууда Ош облусунан бир күндө поезд менен бир жарым миң киши кеткенбиз. Кийин Түркмөнстандан бөлүндүк. Ошондо ар бир взводдо экиден-үчтөн кыргыз болот эле. Толугу менен кыргыздардан куралган взводдор да болгон.

-Сиздер кандай операцияларга катышчу элеңер?

Маматибраим Жаныбеков:

-Бизге түшкөн маалыматтарга ылайык, кайсы жерде душмандын уюгу топтолгон болсо, ошол жерге барып сокку урууга аракет жасалчу.

-Душмандарга каршы күрөшүп жатабыз деп жүргөндө, кимиси душман, кимиси катардагы жаран экендигин айырмалай алчусуздарбы? Же баары сиздерге жоодой көрүнчү беле?

-Жергиликтүү калк бизди жактырбай, баскынчы катары көрүшчү. Калктын басымдуу бөлүгү бизди эл аралык милдеттерин аткарганы келгендер эмес, өлкөсүн басып келген аскерлер деп ойлошчу.

-Мына эми көп жылдар өттү. Ушул согуш Советтер союзуна керек беле деп ойлойсузбу?

Маматибраим Жаныбеков: Ошол мезгилдеги дүйнөлүк саясаттын алкагында алып карасак, бул согуш керек болгон. Себеби ошол мезгилде Советтер союзу өзүнүн чектерин Азия өлкөлөрүндө бекемдеп албаганда, согуш чыгып кетпейт эле деп эч ким кепилдик бере албайт. Качан гана Советтик мамлекеттин согуштук чеби бекем экенин түшүнүшкөндө, идеологиялык согуш башталган. Кийин 90-жылдары Советтер союзу бул идеологиялык согушта жеңил-желпи жеңилип берди. Биз ага чейин Советтер союзу бейиш деген сезим менен жүрө берип, өзүбүздү улут катары жоготуп баратканыбызды билбептирбиз. Эки жылдык жаштыгымды ошол жакта өткөргөнүмдү эске албаганда, Афганистанда кызмат өтөгөнүм үчүн көп деле өкүнбөйм. Себеби, биз ал жактан мекен үчүн кызмат өтөөнү, элдин жүгүн көтөрүүнү үйрөнүп келдик деп ойлойм. 90-жылдардагы Оштогу окуяларга, андан кийин Баткен окуяларына да чын дилибизден катыштык.