Талибдерден тайманбаган китепканачы Вахида

Вахида Амири талибдер келгенге чейин катардагы китепканачы болуп иштеп аткан. Бирок согушкерлер аялдардын укугун бузуп басмырлай баштаганда, ал талибдерден тайманбай биринчилерден болуп каршы чыкты. Талибдердин камагына түшүп чыккандан кийин акыры өлкөдөн чыгып кеткенден башка аргасы калган жок.
«Талибан мени шпион деди. Мени аларга каршы көтөрүлүш баштады дешти. Мен көчөгө чыгып, атымды чыгарыш үчүн каршы чыгыптырмын. "Үйүңө бар, даярдан",-деди мага алардын бири.Мен чынында бир гана максат менен, афган аялдарынын укугун талашып чыктым. Мектепке барышсын, ишке барышсын, арыз-муңуна кулак салышсын дедим. Мен эмне көп сурап атамбы?
Бизди кармап-камап койгон күнү Кабул тымтырс болуп калды. Талибдерге каршы чыккан бир нече аялдарды кармап кетишти, ошондуктан биз башка жашыруун үйгө көчтүк.
Талибдер Афганистанд басып алгандан кийин бир нече айда мен күчтүү жана намыстуу аял болдум, алардын саясатына каршы болуп көчөгө жүрүшкө чыгып жаттым. Мен алардын көзүнө тике карап туруп: "Силер мени экинчи сорттогу жаран катары карабагыла. Мен аялмын, силер менен тең укуктамын" деп айттым.Эми минтип бөтөн жерде жашынып, мага качан келишет деп ой -санаага батып турдум".

Ошентип ойго батым отурганымда автоунаанын үнү чыгып, биздин үйдүн жанына келип токтошту. Мен канча машина, канча аскер экенин санаган да жокмун. Алар бир нече аялды эмес, бүтүндөй айылды камаганы келишкендей кезилди. Качан биздин бөлмөгө жулунуп кирип келишкенде, менин досторум кыйкырып ызы-чуу түшүп калышты. "Вахида Амири ушул жердеби? "Ал каякта*? "Мына эми, ишим бүттү, өлгөн турбаймбы" деп ойлодум.
Китепкана - куттуу жайым
2021-жылдын 15-августундагы каргашалуу күн келгенге чейин мен жөнөкөй эле аял болчумун. Мен укуктук билим алып, 33 жашымда Кабулдун борборундагы китепкананы жетектеп тургам.
Китепкана менин куттуу жайым эле, келгендин баарын кубанып тосуп алчубуз, өзгөчө аялдарды. Кээде афгандардын көк чайынын үстүндө феминизм темасында да сүйлөшчүбүз. Афганистан идеалдуу эмес, бирок кандайдыр бир эркиндик бар эле.
Мен китептерге абдан аздектеген мамиле кылчумун, анткени 20 жашка чейин окуганды билген эмесмин.
Афганистанда талибдер биринчи жолу ак-кара желегин көтөрүп чыгышканда мен мектепке жаңы эле бара баштагам. Бул 1996-жыл эле. Алардын биринчи буйругу кыздар үчүн мектепти жабуу болду. Биз туугандарыбыз менен тоо арасындагы Панжшер өрөөнүнө качтык. Менин атам кетпей калып калды, апам каза болгондон кийин дагы бир жолу үйлөндү. Ошол жылдар абдан эле оор болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Акыры Пакистанга көчүп бардык. Үйдөгү түйшүктүн баары менин мойнума түштү. Керели кечке тамак даярдайм, үй жыйнайм. Өмүрүм ушинтип өтүп кеткет экен деп ойлогом.
Андан кийин 2001-жылдын 11-сентябры келди. Мен эгиз муналардын кыйраганын телевизордон көрдүм. Кийинчерээк 11-сентябрдагы окуялардын кандай болгонун, биз сыяктуу карапайым афгандыктардын турмушун ошол окуялар кантип өзгөртө баштаганын билдим. Акыры Пакистан менен коштошуп үйгө кайттык. Талибан жеңилди. Биз эми эч качан качкын болбойбуз деп ойлогом.
Биз Кабулга кайтканда мен он беште элем. Талибдер кеткенден кийин жашоо башкача болуп калганын көрдүм - кыздар мектепке барып, аялдар ишке чыгып атыптыр. Бирок менин турмушумда көп деле өзгөрүү болгон жок. Менин үй-бүлөм үчүн үйдү карап, конок тосуу биринчи орунда болду, мени окуталы деп ойлошкон жок. Менин жакын байкем жардам беип беш жылдан кийин гана мектепке бардым.
Китептеги тамгалар мага кызыктай көрүндү. Мен бир эле убакта окуп дагы, пол жууп дагы иштеп жүрдүм. Окууга тишим өтсө-өтпөсө да аракетимди токтоткон жокмун.
Мени кудай жалгап университетке юрфакка кабыл алганда мен уялчаак кыз элем. Менин турмушумда Виржиния Вульф деген айым пайда болду. Анын "Жеке бөлмө" деген китеби бар эле. Аны окуп чыккандан кийин мен жаңы төрөлгөндөй болдум.
Англиялык бул белгилүү автордун китеби менин көзүмдү ачты. Мен канча көп окуган сайын ошончолук оюм өнүгүп, күчтүү аял боло баштадым.
Кабулдун кулашы
Августтун аптаптуу күнү менин башыман мурда өткөн каргаша жашоомо кайтып келди. Талибдер Кабулга баягы эле ак-кара желегин көтөрүп кирип келишти. Бирок бул 1996-жыл эмес, 2021-жыл эле. Мен мурдагы сабатсыз кыз эмес болчумун. Мен азап менен жашоомду өзгөрттүм эле. Эми аны бузганга макул эмес элем. Мен жалгыз эмес экенимди, мендей ойлонгон башка дагы кыз-келиндер бар экенин көргөндө чыйрала түштүм. Талибдерге баш ийбесең, жазалана турганымды билгем. Ошентсе да тобокел деп каршылык көрсөтө баштадык. Биздин топту "Афганистандын күжүрмөн аялдарынын кымгуут кыймылы деп атап салдык".

Сүрөттүн булагы, Wahida Amiri
Бул учурда талибдер өздөрүнүн чыныгы жүзүн көргөздү. Алар аялдарга иштегенге уруксат беребиз деген убадасын бузуп, дагы бир жолу кыздарга мектепке барууга тыюу салышты. Жаңы өкмөтүн түзүштү, анда бир да аял жок эле.
Биз көчөгө чыгып, өзүбүздүн укугубузду талашып баштаган биринчи күндөрү талибдер бизди кубалай баштады. Көз бууган газ кое берип, асманга аткылап, кээ бир аялдарды уруп-сабап киришти. Андан кийин көчөгө чыгууга таптакыр тыюу салышты. Көп аялдар башын тобокелге салып чыкпай калышты. Бирок алар мени токтото алышпады.
Мен каршылык акцияларын өткөрүүнү уланта бердим. Ар бир түнү уктай албай чыгам, санаага батам. "Эртең менин акыркы күнүм деп" ойлой берчү болдум.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Камак
Афганистанда аялдын камакка алынышы - анын репутациясын бузганга барабар. Аны камакта зордуктап салышат деп ойлошот, ал эми афган коомунда бул аялдар үчүн абдан оор иш.
2022-жылдын февраль айынын ошол күнү талибдер менин жашыруун үйүмө жулунуп кирип келишип, бизди телефондорду тапшыргыла деп талап кылышты. Мен демим чыкпай калды. Эми эмне болот деп ойлодум. Мени өлтүрүшөбү? Кыйнашабы? Менин денем эле калып, жаным чыгып бараткандай сезилди.
Бизди пикапка отургузуп, ИИМге алып барышты. Кызыл килем төшөлгөн узун коридор менен бир чакан бөлмөгө бардык. Бул көрсө мурун министрликтеги балдар бөлмөсү экен. Эч кандай картина, эч кандай оюнчук калбаптыр. Бир бурчта Афганистандын улуттук желектери чокмороктошуп үйүлүп жатат. Дубалда өлкөнүн чоң картасы.
Бизди ушул жерде 19 күн кармашты. Камалгандын эртеси талибдердин бирөө эшикти тээп кирип келди. Узун бойлуу жана жүзү каардуу. Көзү менен бөлмөнү аңтарып карап, мени көргөндө опузалай баштады, мени "ыплас" деди. "Сен алты ай бою ислам эмиратына шек келтирдиң. Ким менен кызматташып жүрөсүң"?

Сүрөттүн булагы, Wahida Amiri
Мен талибдерге баш ийбей жаткан Панджшер өрөөнүнөн болгондуктан, алар мени түндүктө баш ийбей жаткан куралдуу топ - Улуттук каршылык фронту колдоп жатат деп ойлошту.
Кийинки күндөрдүн өтүшү оор болду. Аялдарды камактан чекесинен кое берип жатышты. Менден башкаларын. Бир жолу биздин камерага кирип, бизге суроо беришерин, биз объективге карап жооп беришибиз керектигин айтышты. Биз эмнеге жазып жатасыңар деп сураганда жөн гана министрликтин архиви үчүн керек деп коюшту.
Биз аты-жөнүбүздү, каяктан экенибизди, ким бизге жардам берип жатканын айтышыбыз керек экен. Бизди кыйнап күчкө салып, чет өлкөдөгү афган активисттери каршылык акциясына чыгууга чакырып жатат деп айттырышты.
Анда биз жөнүндө Афганистандан эвакуация болуш үчүн атайы көчө жүрүштөрүнө чыгып жатат деп ойлошорун биз билген эмеспиз. Ошондон кийин бизди кыйнап айттырган көрсөтмөлөрдү ЖМКга жарыялашты, талибдер көзөмөлдөгөн телеканалдардан көрсөтүштү. Коридордогу кичинекей телевизордон Афганистандагы эң ири телеканалдан берилген видеону көрдүк. Биз көзүбүзгө жаш алдык. Эми биздин талибдердин колунда экенибизди баары билишти. Алар бизди зордуктаган жок, бирок басмырлашты.

Ошондон эки күндөн кийин бизди бошотушту. Бирок экинчи нааразылык кылып көчөгө чыкпайбыз деп убада беришке мажбур кылышты.
Кабулда күн суук эле, көчөлөр аңгырап бош. Үйгө жеткенче мени өзүмдүн агам урушуп барды. "Вахида, башың барбы? Талибдерди талкалайбыз деп ойлодуңбу?".
Мага оор болду. Ишимден айрылдым, эркиндигимди жоготтум, эми өзүмдүн укугумду коргоп чыга албасам, эмне деген жашоо...
Бир жолу башка бир аялдын анонимдүү интервьюсун окуп калдым, ал бизди камакта экенде талибдер уруп сабаганын айтыптыр. Мени үй-бүлөм, туугандарым Кабулдан кетип кал деп жалынды, анткени талибдер муну окуса соо койбойт дешти. Ошентип, эки айдан кийин кийим-кечемди, жакшы көргөн китептеримди, эң биринчи "Жеке бөлмөнү" бир сумкага салдым да мекеним менен коштоштум.

Үйдөн таң заар менен чыгып кеттим. Китепканамды таштадым. Мен ал жакта Кабул кулардын алдында 14-августта болгом. Андагы китептерим эмне болду экен деп ойлоном.
Мурунку жашоомдо китепканачы элем, азыр болсо качкынмын.
Жаңы жашоо
Пакистанда башка качкын үй-бүлөлөр менен бирге жашайм. Мен китептеримди кармалайм, бирок барактаганга алым жок.
Үйүмдү, үй-бүлөмдү, мышыгымды сагындым. Мени анча-мынча соороткон, көңүлүмдү жубаткан жакын жердеги афган рестораны, аны көргөндө үйүмдү көргөндөй болуп калам. Ушул күндөрү жергиликтүү китепканага барып, Афганистанда дагы эле талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан аялдарга колдоо сөздөрүмдү жазып жатам. Биздин жашоону талибдер кандай өзгөрткөнүн айтым бергим келет.

Менин жазгандарым качандыр бир убакта китеп болуп чыгат деп үмүт кылам. Афганистандагы аялдар багынбай күрөшүп жатканын бүт дүйнөдөгү аялдар билишсин. Аларды канчалык басып басмырлашса да башка жолдор менен каршылык көрсөтүп жатышат.
Калган убактымда дүйнөдөгү аялдар менен сүйлөшөм, Германиядан баштап АКШга чейин, Талибанга каршы глобалдык кыймыл уюштуруп жатабыз.
Менин максатым - эл аралык коомчулук талибдерди расмий өкмөт катарында эч качан тааныбасын деп жатам. Талибанга кысым көрсөтүп, талап кылып, биздин кыздар үчүн мектептерди ачтырсын, биз өзүбүздүн өлкөдө эркин жашагандай бололу.
Мен кат тааныбай жүрүп көп убактымды кетирдим. Бүгүн дагы кээ бир тамгаларды жакшы айта албайм. Бирок мен өзүмдүн өлкөмдүн болочок муундарынын убагында билим албай, артта калышын каалабайм".
Сүрөттөр Муназза Анвар менен Муса Жавариники

BBC 100 Women names 100 influential and inspiring women from around the world every year. Follow BBC 100 Women on Instagram, Facebook and Twitter. Join the conversation using #BBC100Women.












