Ыйса жаткырылган акыр жана наристе бакчасы

Таалим-тарбия мекемелеринин баштапкы түрү – наристе бакчалары Батыш Европада XIX кылымдын ортосунда пайда боло баштаган. “Наристе бакчасы” (орусча “ясли”) сөзү өзүнүн келип чыгышы боюнча Ыйса төрөлгөн доорду элестеткен уламышка байланаарын билдиңиз беле? Тарыхчынын кезектеги блогу айрым сөз таануу көйгөйлөрүнө арналат.

Ыйсанын туулган күнү (Кристмас) майрамына арналган базардын германдык бөлүгүндөгү Ыйса төрөлгөн учур сыпатталган көргөзмө. Кардифф шаары, Улуу Британия. 10.12.2019.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыйсанын туулган күнү (Кристмас) майрамына арналган базардын германдык бөлүгүндөгү Ыйса төрөлгөн учур сыпатталган көргөзмө. Кардифф шаары, Улуу Британия. 10.12.2019.

Тарсалардын майрамы үч башка күнү белгиленет

Григорий жыл санагына ылайык 25-декабрда дүйнө жүзүндө көптөгөн христиандар (тарсалар), негизинен католиктер, протестанттар жана айрым ортодокстор, Ыйсанын туулган күнү майрамын шаан-шөкөт менен белгилешти.

Ал эми ортодокс христиандардын бир даары (“православдар”) бул майрамды мурдагы Юлий жылсанагына ылайык 13 күндөн кийин – 7-январда белгилешет. Армян чиркөөсү бул майрамды 6-январда майрамдаса, айрым ортодокс чиркөөлөр (Стамбул, Александрия, Антиохия, Румыния, Болгария, Кипр, Грекия, Албания, Чехия жана Словакиянын ортодокс чиркөөлөрү) башка христиандардай эле 25-декабрда майрамдашууда.

Украин христиан ортодоксторунун бир тобу бул майрамды быйыл 25-декабрда баскынчыларга каршы атамекендик боштондук согушу жүрүп жаткан маалда белгилешти.

Байтлахым – Бейт-Лахм – Бетлеем

Христиандык ишенимге ылайык, бозгунда жүрүп, ыйык журтуна кайра кайткан Иосиф (Жусуп) менен анын аялы Мария (арапча – Мариям) Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Бетлеем (Байтлахым) шаарына келгенде, (Григорий жыл санагы боюнча) дал ушул 25-декабрда Ыйса туулган.

Азыркы тапта Палестина автономиясынын Байт-Лахм вилайетинин (Мухафаза Байт Лахм) борбору болгон бул шаар Иерусалимден (мусулмандар “Куддус” деп атаган шаардан) 10 чакырымдай түштүктө жайгашкан.

Бул шаардын аталышын араптар “Байт Лахм” (“Эт үйү”) деп аташса, жөөттөр “Бет Лехем” (“Токоч үйү”), түрктөр “Бейтүллахим”, грекче Βηθλεέμ (Беθлеем) орусча Вифлеем, латынча Beit Lahm, Bethleem жана англисче Betlehem деп аташат.

(Азыркы кыргыз тилинде бул топонимди орус тилиндеги түрдө колдонбостон, анатолиялык түрктөрдүкүнө жакыныраак кылып, бирок “Байтлахым” деп атоо – эне тилибиздин үндөштүк эрежесине дагы дал келмек. Ал эми “Бейтүллахим” сөзүндөгү “-үллахим” мүчөсү “Алла” сөзүнө окшоп, калкты чаташтырып албоосу үчүн (“Бейтуллах” – “Алла-тааланын үйү” деген маанини берип калат), кыргызча дароо эле “Байтлахым” (“Байт+лахым”) деп айтуу ылайык.

Наасыра – Нацрат – Назарет

Ыйсанын төрөлө тургандыгы тууралуу сүйүнчү кабарды берик болуп калган Мария (Мариям) Жакынкы Чыгыштагы Назарет (жөөтчө “Нацрат”; мусулмандарда “ан-Наасыра” – النَّاصِرَة) шаарында уккан жана Ыйсанын бала чагы дал ушул шаарда өткөн.

Ыйсанын бала чагы Израилдин түндүгүндөгү Назарет (Наасыра) шаарында өткөндүктөн, кийинчерээк Назарет (Наасыра) шаары христиан дининин алгачкы очокторунун бири катары уламышта калды.

Ал түгүл мусулман араптар христиандарды “насранийй” деп да шарттуу аташкан (бул сөз “наасыралык”, б.а “назареттик (диндин өкүлү)” дегенди туюнткан).

Ыйса – Йешуа – Йешу – Иисус

Ыйсанын өз атына келсек, байыркы грекче “Иисус” деп берилген бул сөз байыркы жөөт тилиндеги эки башка сөздөн (“йахве”, “йихве” – “Кудай” жана “шуа” – “сактап калуу” сөзүнөн) жаралып, арамейче “йешу”, жөөтчө “йешуа” деп кыскартылып айтылып калган, деген жоромол бар.

Байыркы жөөт тексттеринде “кудай” сөзүнүн маанилеш түрлөрүнөн болгон “йахве” сөзү болсо ЙХВХ деген төрт тамга менен берилген.

“Йешу” (Йешуа”) ысымы байыркы грек христиандарында “Иисус” (Ἰησοῦς) деген түрдө кабылданган. Бул термин чыгыш славяндарга дээрлик өзгөрүүсүз “Иисус” түрүндө таркалган.

Бул ысымды азыркы түркчө “Иса”, англисче “Жесус” (Jesus), ханзуча “Йесу”, чехче “Йежиш” (Ježíš) дешет.

Ыйсанын ысымын кыргызча Иса, Ыса, кээде Айса (маселен, кытайлык кыргыздарда) деп да жазышат. Кытайлык кыргыздардагы Айсабек ысымы алатоолук кыргыздарда Ысабек, Исабек деп ар кыл жазылып келет.

Ыйык Мария Кыз – Мариям эне

Жогоруда учкай эскерилгендей, Мария (Мариям) никеге тура электе ыйык Кудайдын колдоосу менен берик болуп калгандыктан, өзүнүн төрөй турган уулу Кудайдын уулу болоору жөнүндө ал периште аркылуу Назарет (Наасыра) шаарында кабардар болгон, делет.

Бул сүйүнчү кабар “Инжилде” (“Лука” бөлүмү, 1:26–38) баяндалган.

Ыйса төрөлгөн учур тууралуу көркөм сүрөттөмө

Сүрөттүн булагы, gabbot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыйса төрөлгөн учур тууралуу көркөм сүрөттөмө

Мусулмандар Ыйсанын туула тургандыгы тууралуу сүйүнчү кабарды (“ал-бишара”) Мариямга жеткирген периште катары Жебирейилди аташат. Бул сүйүнчү кабар тууралуу Курандагы “Имран үй-бүлөсү” сүрөөсүндө (45-, 51-аяттар) жана “Мариям” сүрөөсүндө (16-, 26-аяттар) эскерилет.

Марияны – Мариямды мусулмандар Имрандын кызы катары санашат жана “Курандагы” атайын бир сүрөө Имрандын ысымында аталган. Имрандын уулу Харун (Аруун) – Мариямдын бир тууганы деп “Куранда” таасын белгиленген.

Мусулмандар Мариямга “Саййидатунаа” (“Биздин эге айымыбыз”), “Сыддыка” (“Чындыкты тастыктоочу”), “Таахира” (“Арууланган”, “Тазаланган”), “Кааныта” (“Аллага ырааттуу табынып, дуба окуган”) деген сыяктуу жогорку сыйды туюнтчу эпитеттерди беришкен.

Ыйса төрөлгөн жай – малканабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айтмакчы, Байтлахым (Бетлеем) шаарына Жусуп менен анын ай-күнүнө жеткен аялы Мария (Мариям) келген чакта, бул шаарда жубайлар эч бир конок үйдөн орун таба албай коюшкан.

Анан алар эптеп бир үйдүн кожоюнунан малканага жайгашууга уруксат алышат да, үй чарбанын чөп жыйылган бул короо жайында ыйык эне Мария уулу Ыйсаны төрөп, аны алгач (малканада бешик жок болгондуктан) койлорго чөп-жем салынчу акырга жаткырат.

(Ал кезде шаарлардын ичинде деле колдо кармалган мал болгон. Байыркы Грекиянын шаарларында деле шаар ичинде кой-эчки, уй багышчу. Муну азыркы Кыргызстандагы шаарчалардын чет жакасындагы анча-мынча малы бар, бери дегенде тоок баккан короолуу үйлөргө салыштырып аңдай алабыз).

Азыркы тапта бүт дүйнө жүзүндөгү христиандар бир жак ыптасында чөп жыйылган малкананы, бери жактагы койду же козуну, кээде такыйды, чордондо болсо өз чүрпөсүн акырга (бешикке) этияттык менен жаткырып жаткан ыйык жана мээрими төгүлгөн Марияны чагылдырган көптөгөн майрамдык жасалгаларды ар башка элдин көркөм өнөр салтына ылайык байма-бай чагылдырып келишет.

(Мусулмандык уламышта болсо Мариям ыйык жол менен боюна бүткөн уулду – Ыйсаны – калайык конуштарынан четкерээк жайда, курма (Phoenix dactylifera) дарагынын алдында төрөгөндүгү айтылат).

Ар башка диндегилерге орток болгон мурас

Айтмакчы, теги жөөт болгон Мариянын уулу Ыйсаны ар кыл этностордон, ар башка расалардан куралган христиандар Кудайдын уулу, б.а. адамзатты азаптардан сактап калуучу Кудай катары кабыл алышса, ар кыл этностордон, ар башка расалардан куралган мусулмандар болсо аны пайгамбарлардын кезектегиси, демек, соңку пайгамбар болгон Мухаммед пайгамбар болгонго чейинки доордо Алла-таала адамзатка жиберген кезектеги пайгамбар катары өзгөчө урматташат.

Мусулмандардын түшүнүгүнүн христиандардыкынан негизги айырмасы – бул Ыйсаны тек гана кезектеги пайгамбар катары санагандыгы жана анын кайра тирилип келээри тууралуу жоромолду таптакыр четке каккандыгы.

Мусулмандар үчүн бир гана кудай бар. Ал – Алла-таала. Ал эми Ыйса – анын пайгамбары болгондуктан, мусулмандарда да сый-урматка татыктуу.

Ыйык китептин дагы бири – жөөттөрдүн “Тоораты” камтыган далай уламыштар да “Куранда” эскерилет. Алардын арасында бул диндер пайда боло электеги Байыркы Чыгыштын элдери ойлоп тапкан уламыштар (маселен, байыркы шумерлердин “Гилгамеш” эпосундагы топон суу жомогу, ж.б.) да тиркелген.

Жөөттөрдүн көрүнүктүү пайгамбарлары да (маселен, жөөтчө – Аврахам, Моше, тарсаларда – Абрахам / Авраам, Моисей, мусулмандарда – Ибрайим / Ибрахим, Муса) христиандар жана мусулмандар үчүн орток болгон пайгамбарлар катары кабыл алынган.

Дал ушундай орток булактарга негизделген жана “Куранда” камтылган түшүнүктөр жана көөнө мурастар, албетте, мусулмандардын иудей жана христиан жамааттары менен тынчтыкта жанаша жашоосуна өбөлгө түзгөн.

“Исламдын алтын доору” деп аталган жана мусулмандык Чыгышта илим-билим дүркүрөп өнүккөн IX–XII кылымдарда бул доордогу илимий ачылыштарга христиан жана жөөт өкүлдөрү да орчун салым кошушкан.

Наристелер бакчасы – креш – ясли

Эми ушундай узак тексттен соң темага аталыш болуп берген сөз таануу көйгөйүнө өтөлүк.

Наристелер бакчасы – Ала-Тоодогу кыргыз коомунда XX кылымда советтик социалисттик таалим-тарбия системасы аркылуу пайда болду. Албетте, ага удаалаш жана азыркыга чейин сакталган көрүнүш – бул кыргыз үй-бүлөлүк тарбия системасындагы ата-эненин гана эмес, чоң ата – чоң энелердин, таята – тайенелердин өз неберелерин тарбиялоодогу салымдары менен байланыштуу.

Эми Евразия түгүл, дүйнөнүн башка чар тарабына да жайылган жаш кыргыз бүлөлөр көбүнесе наристелер бакчасына гана кайрылууга аргасыз.

Жан Фирмин Марбо. 1870-жылдардын ичи.

Сүрөттүн булагы, wikipedia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жан Фирмин Марбо. 1870-жылдардын ичи.

Наристелер бакчасын алгачкы жолу 1844-жылы 14-ноябрда франциялык көрүнүктүү агартуучу, педагог, кайрымдуулук иштерин уюштуруучу (филантроп) Жан Фирмин Марбо (Jean Firmin Marbeau; 1798—1875) Париж шаарында негиздеген.

Жумушчу жана башка эмгекчи ата-энелер үчүн жеңилдик кылган бул ыкма бара-бара шаарлардагы жалпы тургундар үчүн (алардын ичинде оокаты бай катмарлар үчүн деле) келечектүү коомдук мекеме болуп калды.

Бул бакчаны Жан Фирмин Марбо французча “креш” (créche) деп атаган. Бул сөздүн түпкү мааниси – “малканадагы акыр” дегенди туюнткан.

Албетте, мында жөн гана акыр эмес, көөнө Байтлахым (Бетлеем) шаарындагы малканадагы Ыйсага куттуу бешик болуп берген акыр эске алынып жатат.

“Инжилде” бул акыр тууралуу мындайча айтылган:

“Алар ошол жерде жүргөндө, анын толгоо тартчу убагы келди. Ал тун Уулун төрөгөн соң, аны жалаякка ороду да, акырга жаткырып койду, анткени алар үчүн конок үйүндө орун жок болчу”. (Лука, 2:6:7).

Прага шаарында чехтердин алгачкы наристе бакчасы 1884-жылы (Париждеги туңгуч наристе бакчасынан 40 жылдан кийин) негизделген жана ал чех тилинде “йесле” (“jesle”) деп аталган. Бул сөздүн түпкү мааниси да “малканадагы акыр” сөзүн билдирген.

Чехиядагы бул алгачкы наристе бакчасын (йеслени) кайрымдуулук менен алектенген Марие Риегрова-Палацка (1833–1891) аттуу айым негиздеген. Ал чех тарыхчысы Франтишек Палацкийдин (1798–1876) кызы болгон. (Бул тарыхчы “чех тарыхнаамасынын атасы” даңазасына ээ).

Марие Риегрова-Палацка. 1891-жыл. Википедия

Сүрөттүн булагы, wikipedia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марие Риегрова-Палацка. 1891-жыл.

Марие Риегрова-Палацка айымдын демилгеси менен ачылган наристе бакчалары 1 жаштан 3 жашка чейинки наристелерди кабыл алган жана мындай “йеслилердин” саны Прага шаарында эле 1889-жылы алтыга жетип, мында күндүз 5 миңдей наристе багылган.

1913-жылга карата падышалык Орусияда 550 наристеге эсептелген 19 наристе бакчасы иштеген. Бул мамлекетте наристе бакчалары “ясли” сөзү менен атала баштаган. Анын түпкү мааниси эски славяндык чиркөө тилинде “малканадагы акыр” дегенди туюнтат.

Балким, чехтердин “йесли” (jesli) сөзү падышалык Орусияда “ясли” түрүндө айтылып, жаңы мааниде жашай башташына чех педагогдук тажрыйбасы өз таасирин тийгизгендир?

Ал кезде идеологиялык жасалма бөгөт дээрлик аз болгондуктан, Батыш Европадагы илимий жана коомдук саамалыктар Орусияга кыйла тез эле таркап турчу. Маселен, чех агартуучусу, заманбап педагогика илимин негиздегендердин бири Ян Амос Коменскийдин (1592–1670) мурасы орусиялык М.Ю.Лермонтов, А.И.Герцен, Н.И.Пирогов, К.Д.Ушинский, Л.Н.Толстой сыяктуу айдыңдарга таасир тийгизгенин жазып келишет.

Кыргызстанда наристе бакчалары мектепке чейинки таалим мекемелеринин (бала бакчалардын) бир бөлүгү катары совет доорунан бери өнүгүп келет. Кыштоо жана жайлоолордогу колхозчу малчылар өз наристелерин эч кандай наристе бакчага бере алышчу эмес. (Азыр да алыскы кыштоо жана жайлоолордогу малчылар үчүн кырдаал ошондой эле бойдон калууда).

Жалпыласак, азыркы тапта “креш”, “йесли”, “ясли” сөздөрү мекемелердин аталышы катары көөнө доордогу диний мазмунга эч тиешеси жок колдонулууда.

К.К.Юдахиндин “Орусча–кыргызча сөздүгүндө” (Бишкек: Шам, 2000, 983-бет) “ясли” сөзүнүн биринчи мааниси кыргызчага “”ясли” деп “которулган”: “отдать ребёнка в ясли” – “баланы яслиге берүү”.

Ал эми “ясли” сөзүнүн экинчи мааниси (“кормушка для скота”) К.К.Юдахиндин сөздүгүндө кыргызчага “акыр” деп которулуп берилген. Жогорудагы маалыматтан айгинеленгендей, бул “акыр” деген маани, чын-чынында, ушул сөздүн алгачкы, түпкү мааниси болгон.

Кыргыз тилинде болсо, биздин оюбузча, бул мектепке чейинки алгачкы тарбия мекемесин азыркы тапта орусча “ясли” сөзү менен эмес, “наристе бакчасы” сөзү менен атаганыбыз жөндүү. Анын үстүнө “наристе” сөзү 3 жашка чейинки эркек жана кыз баланы орток туюнтат, Юдахин колдонгон “бала” сөзү жалпылама мааниге ээ жана тестиерлер менен өспүрүмдөрдү деле камтышы мүмкүн.

Бала бакча – киндергартен

Айтмакчы, XIX кылымдын башынан тартып (өнөр жай тездеп өнүккөн шаарларда) 3 жаштан өйдөкү жана мектеп жашына чейинки кенже жаштагы балдар үчүн атайын бала бакча негиздей башташкан.

Ошол кылымдагы педагогика илимине ушундай тарбия мекемесин сыпаттоо үчүн алгачкы ирет “бала бакча” (немисче “киндергартен” / Kindergarten) деген терминди 1837-жылы немис агартуучусу жана ойчулу Фридрих Вилгелм Фрөбел (Friedrich Fröbel; 1882–1852) киргизген.

Ал 1840-жылы (башка маалыматта – 1837-жылы) германиялык Бад-Бланкенбург шаарында өзүнүн алгачкы “киндергартенин” ачкан.

Чехиядагы жакыр үй-бүлөлөр үчүн наристеден чоңураак жаштагы жеткинчектерге ылайыкталган бала бакчалардын алгачкысын 1869-жылы Марие Риегрова-Палацка айым да катышкан кайрымдуулук уюмдары Прага шаарында Ыйык Йакуб чиркөөсүнүн алдында тарбия жайы катары негиздешкен. 1889-жылга карата (наристе жаштан чоңураактар, 3–6 жашарлар үчүн) Прагада андан башка дагы 15 бала бакча ачылган.

XIX кылымда падышалык Орусиянын чоң шаарларында да бала бакчалар арбын ачыла баштаган. Маселен, 1859-жылы орусиялык оторчулуктагы аймактын бөлүгү болгон Гелсингсфорс шаарында (азыркы Финляндиянын борбору Хелсинки шаарында) акча төлөнүүчү бала бакча негизделген.

1908-жылы Киев шаарында (азыркы эгемен Украинанын борборунда) Фридрих Фрөбел атындагы педагогикалык институт ачылып, анда башка кесиптерден тышкары өрнөк болчу бала бакча да негизделген экен.

Билим казынабыз – орток. Корутунду сөз

Ыйсадан башталып, бала бакча менен аяктаган бул блогдун деги кандай ички биримдиги бар? Окурманымдын нейрондору керексиз ой толгоо үчүн ыксыз коромжуга учуратылбасы үчүн анын бир гана орток чөйрөсү бар деп айта кетким келет: Батыш Европада жана дүйнөнүн башка да бир катар аймактарында христиан коомчулугу Ыйсанын туулган күнүнө карата ар кыл шаан-шөкөттөргө кызуу катышып жаткан чакта, сөз таанууга таандык айрым өңүттөрдү эрмектеп чубап чыгып жаттым.

Бул блогду окуп чыгып, өзүнүн алтындай убакытын текке кетиргендей сезген замандашымдан көптөн көп кечирим сурайм. Ал эми ушул блог айрым терминдер тууралуу ойлонууга огожо болду, деп санагандарга болсо, албетте, өз алкышымды айтам.

Ал эми ара-чолодо айткыбыз келген дагы бир көмүскө ойго келсек, айрым идеялар элдерди жана мамлекеттерди жиктеп, аларды диний, расачыл, шовинисттик жана башка согуштарга кириптер кылып жаткан маалдарда, кылымдар бою гуманисттер, ар кыл элдердин педагогдору өздөрүнүн тынчтыкка, билимге, таалим-тарбияга, башка кишини жана башка маданиятты урматтоого чакырган идеяларын жүзөгө ашыруу үчүн мээнет кылып келишкен.

Диний китептердеги орток уламыштар да, Ыйсанын туулган күнү жөнүндөгү жеткинчек балдарга арналган жомок көрүнүштөр да, Ян Коменский, Жан Фирмин Марбо, Фридрих Фрөбел, Марие Риегрова-Палацка сыяктуу педагогдор да, кыргыз лексиконуна дүйнөлүк педагогика тажрыйбасынан көчкөн сөздөр жана өз эне тилибиздеги тарбиялык мааниси зор нукура терминдер да дүйнөбүздүн орток экендигин, аны адамгерчиликтүүлүк менен пайдаланышыбыздын зарылдыгын дагы бир ирет ырастап турушат.

Бул – жөн гана жогорку пафостогу (куру чечен) сөздөр эмес экендигин дал ушул соңуна чыгып бара жаткан 2022-жылы азыркы талиптер өкүм жүргүзүп жаткан Ооганстанда кыздарга жана айымдарга мектепте жана жогорку окуу жайында билим алууга атайын расмий тоскоолдук жаратылып жаткандыгы тууралуу факт эле айгинелеп турат.

Самарканд шаарындагы эмирзаада Улукбектин айкели

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Самарканд шаарындагы эмирзаада Улукбектин айкели

Эгерде айтылуу илимпоз, астроном жана мамлекет башчы, эмирзаада Улукбек Тарагай ибн Шахрух ибн Тимур (1394–1449) азыркы чала сабат талиптердин колуна түшүп калса, баары бир өлтүрүлмөк окшойт. Анткени Улукбек Самарканддагы өзүнүн айтылуу медресесинин (университетинин) каалгасына “ар бир мусулман эркек жана мусулман аял билим алууга милдеттүү” деп жазып койгон эмеспи! Улукбектин Самарканддагы бай китепканасында мусулман окумуштуулардын эле эмес, айрым христиан аалымдардын да китептери болгон.

Андан мурда бир нече кылымдар илгери жашаган Мухаммед ал-Хорезми санскрит тилин үйрөнүп, көөнө индиялык математиктердин “нөл” саны (арапча “сыфр” – “жок”, “нөл”) да кирген ондук эсептөө системасын бүткүл халифатка жайылткан, андан ары бул система латын тили аркылуу Европага таркаган.

Өз кезегинде Батыштагы калыс айдыңдар мусулмандык Чыгыштан гана эмес, Кытай, Индия, Жапония өлкөлөрүнөн, Евразиядагы көчмөн маданияттан ж.б. алган эң мыкты саамалыктар жана демилгелер жаатында узун сабак кылып айтып келишет.

Ушул мисалдар менен гана сөзүбүздү токтотолу.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, этнолог. 

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.