Айбек Калиев: Котормодон кийин Элмирбек мен үчүн мурдагыдан да алп болуп чыга келди...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Айтыштан бир көрүнүш. 2014-жыл

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айтыштан бир көрүнүш. 2014-жыл

Казактын таланттуу төкмө акындарынын бири Айбек Калиев Элмирбек Иманалиевдин ырларын казак тилине которуп, ал китеп болуп басылды. Жакында китептин бет ачаары өтөт деген кабар Элмирбек Иманалиевдин күйөрмандарын кубанычка бөлөп турган чагы.

Би-Би-Си Айбек Калиев менен кенен аңгемелешти.

Би-Би-Си: Айбек ага, казак агайындар айтмакчы, айры калпак кыргыздын ичинде Элмирбек акындын күйөрмандары сиздин эмгегиңизге алкыш айтып турган чагы. Которуу идеясы качан, эмнеден улам келди?

Айбек Калиев: Өз энчимден эч нерсе кошпой, Элмир кандай болсо ошондой оодарганга аракет кылдым. Казак тилинде ошондой сүйлөттүм...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбек Калиев: Өз энчимден эч нерсе кошпой, Элмир кандай болсо ошондой оодарганга аракет кылдым. Казак тилинде ошондой сүйлөттүм... 

Айбек Калиев: Кезинде Жеңижок акындын мааракесине барып калдык. Ошондо кыргыз боордошторубуз Жеңижок менен Жамбыл атабызды бөлбөй, биринин 150, биринин 170 жылдык мааракеси деп белгилеп жатыптыр. Экөөнүн тең бакыйта сүрөтүн илип коюп, эл аралык деңгээлде айтыш өткөрдү. Аны менен эле тим болбой Жамбыл атабыздын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, аны бастырып чыгыптыр. Аябай ыраазы болдум. Мен ыраазычылыгымды айтышта ырдап, калыстар курамында олтурган Дархан Кыдырали деген казактын үлкөн азаматына кайрылдым. Эми казактар да кур калбай, сыйга сый деп Жеңижок бабабыздын чыгармаларын казак тилине которолу дедим. Бул ишти керек болсо өзүм колума алайын дедим. Айтыштан кийин агам экөөбүз ушундай убада бердик. Элмирбек өтүп кеткенден кийин көңүл айталы деп үйүнө барып калдым. Ошондо жубайы Элмирбектин китебин берди. Аталышы да “Аманат” экен. Мен ал китепти жөн эле албай, Элмирбек баурум ушул китепти казак тилине оодар деп аманат кылып калтыргандай жүрөгүм зыр этип, кабыл алдым. Мен ал чакта Жеңижоктун чыгармаларын которуп, Дархан агама тапшырып койгон элем. Ошондон кийин акырындап Элмирбектин китебине кирише баштадым. Ошол тушта Алматыга Мирлан Самыйкожо, Асылбек Маратовдор келип калды. Алар менен кезиккенибизде дагы Элмирбектин “Аманат” китебин казак тилине которсок деген өтүнүчтү айтышты. Мен кубанып кабыл алдым. Билек түрүнө киришип, аяктаганда аларга бердим. Дагы да оңдоп-түзөй турган жерлери болсо, карамакка деп аларга бердим. Алардын да купулуна толгон экен. Ошентип Мирлан баштаган азаматтар китепти басып чыгарды. Буюрса 29-ноябрда Алматыда бет ачаары өткөнү турат.

Азамат Болгонбаев менен Айбек Калиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Болгонбаев менен Айбек Калиев

Би-Би-Си: Кыргызстанда "Айтыш" коому далай жолу кош байге коюп, кыргыз-казак акындары айтышып келет. Ошондой айтыштардын бири аяктаганда казак акындарына сый көрсөтүлүп, топ акындын ичинде сиз да барган элеңиз. Ошол жерде Элмирбек акындын орду өзгөчө экенин айтып, көзү тирүүсүндө эле баалаганыңыздар эсимде. Адатта көзү тирүүсүндө көз жаздымда кала берет эмеспи. Элмирбек акын кантип сиздердин, казак күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан?

Айбек Калиев: Элмирбекти 2000-жылдардын башынан тарта билем. Казакстанга бир нече айтышка келип, казакстандык күйөрмандарын тапты. Алматыда абдан жылуу кабыл алышкан. 2003-жылы Астанада Евразия улуттук университетинде өткөн эл аралык айтышта Элмирбек өзгөчө көзгө түшүп, бүткүл элдин арзуусуна ээ болду. Жарк этип чыкты. Өнөр сүйгөндөр Элмирбекти өтө бийик баалайт, жакшы көрөт. Элмирбектин айтыштагы өзгөчөлүктөрү атайын сөз кылууга толук арзыйт. Элмир казак журтунун тарыхын гана эмес, адабиятын, маданиятын да өтө мыкты билген. Анын боюна сиңген энциклопедиясы бар десек аша чаппайбыз. Сөзүм кургак болбосун, бир ирет Бишкекте казак акыны менен айтышып олтуруп, бүтүндөй казак адабиятынын тарыхын, тээ зар заман акындарынан баштап, бүгүнкүгө чейинкисин ырга салып, атаандашына “мына силердин адабият ушундай, эмнеге ушундай ырдабайсың” деген мазмунда төктү... Андан кийин дагы бир айтышта баш байгени алып туруп айткан кеби укмуш. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде. “Баш байге алган акын баарынан бийик деген сөз эмес, кечээ башка алган, бүгүн мен алдым, эртең дагы башка бирөө алат” деди элге кайрылып. Биз элдин кенчин, өнөрүн элге кайталап эле берип жатабыз деп кошумчалады. Муну кыргыз, казак акындарынын ичинде Мукагалиден ашыра айткан эч ким жок деп айтты. Дал ошол жерде анын (Мукагалинин) “Казактын күпү кийген кара өлөңүн, үстүнө чепкенин жаап кайтарамын” деген ырын айткан эле. Мен ошондо Элмирбектин жөнөкөйлүгүнө, мөмөлүү шактын ийилчээктигине, калктын жөнөкөй бир кулуну экенин көрсөткөнүнө жүрөгүм элжиреген. Анын ушул сапаты Элмирбекти адеп көргөндөн бери сыйлап келген урматымды андан эселеп дагы бийик көтөрүп салды. Ушул жагдайлар экөөбүздү ого бетер жакындатты. Экөөбүз тең 1978-жылы туулганбыз. Курдаш, муңдаш, сырдаш болдук. Ал үчүн жетелешип алып күнүгө бирге жүрүү эмес, анын чыгармалары, өлөң, жырлары аркылуу баалай билүү керек деп эсептейм.

Мукагали, боорум, Мукагали! Буйтап өтүп кеталбайт экенбиз го, Буйрук болсо тагдырга туталануу. Том, том болуп текчемде турасың сен, Мага өтүп сендеги кусалануу. Муңум толуп кеткенде сылап коём, Мукагали деп турган мукабаңды... Элмирбек Иманалиев.

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мукагали, боорум, Мукагали!Буйтап өтүп кеталбайт экенбиз го,Буйрук болсо тагдырга туталануу.Том, том болуп текчемде турасың сен,Мага өтүп сендеги кусалануу.Муңум толуп кеткенде сылап коём,Мукагали деп турган мукабаңды... Элмирбек Иманалиев.

Би-Би-Си: Котормо дегенибиз түйшүктүү, деңгээли тайыздап калбасын деген чоң жоопкерчилиги бар жанр эмеспи. Которуу сизге да оңойго турбаса керек?

Айбек Калиев: Менин Жеңижоктун чыгармаларынан которгонум мага жакшы көрөңгө болуп берди. Анын үстүнө менин талдоого алганым калк поэзиясы. Экинчи жагынан кыргыз-казак бирин-бири котормосуз түшүнө турган калк гой. Ашкере убара тарткан жокмун. Даярдык менен кириштим. Муң, сырыбыз бир болгондуктанбы мен Элмирдин жан дүйнөсүн түшүндүм. Дал ошонун мага чоң көмөгү тийди. Өз энчимден эч нерсе кошпой, Элмир кандай болсо ошондой оодарганга аракет кылдым. Казак тилинде ошондой сүйлөттүм.

Мухтар Шаханов менен Элмирбек Иманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мухтар Шаханов менен Элмирбек Иманалиев

Би-Би-Си: Которуп жатканда мээге кыттай уюп, көкүрөккө ууздай туруп калган саптар, ойлор болсо керек?

Айбек Калиев: Арийне, андай мисал арбын. Бир мисалын учкай айтып берейин. “Замандашка” дегени бир керемет... Кызыгы 2007-жылы дал менин туулган күнүмдө жазылган экен. Азыр укмуш өнүктүк, космоско чыгып жатабыз, бирок өзүбүздүн адамдыгыбыз кайда калды деген ой айтылат. Өнүктүк, Марска кетели дегендин баарын ошол жакка аттандырып жиберип, өзүбүз адамгерчилигибизге кайталычы деген ой жатат.

“Аманат” китебине кол жазмалар да чогултулуп кирген экен. Эки сабы да бар, төрт сабы да бар. Чоң чыгармага даярдык болсо керек же айтышта айтчу ойлордун уюткусун жазганбы деп болжодум. Жыйнакта ушундай ыр саптар да кезигет.

Элмирбек Иманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элмирбек Иманалиев

Би-Би-Си: Тирүүлүктө үзөңгүлөш, өнөрдө дос, атаандаш катары билсеңиз, котормодон кийин Элмирбек акынды андан да терең таанып калсаңыз керек?

Айбек Калиев: Ооба, ооба. Акын жан кишиге айтпас сырын, эч ким билбеген купуясын ырына айтат, жазат. Дос, сый, катарлашына айтпаганын айтат. Ошол ырлары аркылуу менин жүрөгүмдөгү залкар, калкагар тоодой Элмирбекти андан да бийиктеткендей болду. Элмирбекти дагы да терең тааныдым. Эми казак күйөрмандары да Элмирбекти мурункудан да жакшы, мурункудан да алп катары тааныйт деп ишенем. Эгер котормодо мүчүлүштүктөр кеткен болсо, алдын ала кечирим сурайм.

Мен оозеки айтышканым менен жазбайм. Балким ошондон улам чекилик кетсе дегеним. Элмирбек казак-кыргызга орток үлкөн, бийик жылдыз. Ал дүйнөдөн өткөнү менен экинчи өмүрү чыгармаларында жашай берет. Кыргыз калкына саламыбызды айтыңыздар...