Пентагон АКШ армиясын 40 миң кишиге кыскартат

Сүрөттүн булагы, EPA
Пентагон алдыдагы эки жыл аралыгында АКШ армиясындагы жоокерлер жана офицерлер санын 40 миңге чейин кыскартуунун көздөөдө. Бул туралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.
Мындай жол аркылуу 2017-жылдын сонуна чейин АКШ армиясынын штаттык курамы болжолу 450 миң аскер кызматкерине кыскарат.
USA Today басылмасы жазганына караганда, эгер октябрда мамлекеттик бюджетте кезектеги үнөмдөөлөр болсо анда куралдуу күчтөр дагы 30 миң кишини кыскартууга туура келет.
2012-жылы Ирак жана Ооганстанда куралдуу чыр-чатактар күчөп турган учурда АКШ армиясындагы кызматкерлер саны 570 миң деп айтылып келген. 10 миңге чукул америкалык аскерлер дагы деле Ооганстан аймагында калууда. Аларды акырындап чыгарып кетүү 2016-жылга чейин созулат деп айтылып келатат.
Ирактан Барак Обама 2010-жылы АКШ аскерлерин чыгарып кетүүгө буйрук кылган. Учурда Иракта 3,5 миңге чукул америкалык аскер эксперттери бар деп айтылып жүрөт. Алар жихаддык топтор менен күрөшүүдө Ирак армиясына жардам көрсөтүп келатат.
Аскерлер санын кыскартуу пландарынын эң төмөн чекке жеткени 1940-жылы катталаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында АКШ аскерлеринин саны 270 миңге чейин кыскарган экен. 2000-жылы 11-сентябрь окуясынан кийин АКШ аскерлеринин саны 480 миңге чейин көбөйгөн.








