Нобел сыйлыктары: Деги алар эмне сыйлык жана эмне үчүн абдан маанилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нобел сыйлыгынын ээлерин аныктоонун быйылкы түшүм жыйноо күрдөөлдүү жүрүп жатат. Ал эми эң даңазалуу деп жоромолдонгон сыйлыктын ээси 7-октябрда жарыяланмакчы.
Бул - Нобел Тынчтык сыйлыгы. Ал "элдердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туруктуу армияларды жоюуга же кыскартууга, ошондой эле тынчтык курултайларын негиздөөгө жана колдоого алууга эң арбын же эң байсалдуу иштерди жүзөгө ашырган" кишиге ыйгарылат.
2022-жылга Нобел Тынчтык сыйлыгы үчүн ат салышууда 300дөн ашык талапкер бар экендиги маалымдалды. Бирок талапкерлердин толук тизмеси 50 жыл бою архивдик кампада сакталат.
Мөрөйгө жакын саналгандардын арасында "Көз карандысыз Киев" (Kyiv Independent) гезити, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Беларус оппозициясынын бозгундагы жолбашчысы Светлана Тихановская да бар.
Эмне үчүн Нобел сыйлыктары ушунчалык кадыр-барктуу жана буга чейинки жеңүүчүлөр кимдер эле?
Нобел сыйлыктары
Нобел сыйлыктары - жыл сайын физика, химия, медицина, адабият жана тынчтык тармактарында берилүүчү сыйлыктардын түрмөгү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алар мурдагы 12 айда "жалпы адамзатка залкар салым кошкон" кишилерге ыйгарылат.
Бул шилтеме кылынган сөздөр шведдик ишкер жана динамитти ойлоп тапкан Алфред Нобелдин керээзинен алынган. Ал топтогон байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн 1901-жылы биринчи жолу тапшырылган сыйлыктарды берүү үчүн атайын корго салып, мураска калтырган.
1968-жылы Швециянын Борбордук банкы тарабынан экономикалык илимдер боюнча да сыйлык кошулган.
Ал эми nobelpeace.org интернет барагынын маалыматына таянсак, 1901-2021-жылдар аралыгында Нобел сыйлыктары жана Швециянын Борбордук банкынын (Sveriges Riksbank) Алфред Нобелдин элесине арналган экономика илимдери боюнча сыйлыгы жалпысынан 943 жеке кишиге жана 25 уюмга ыйгарылган.
1901-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде Нобел сыйлыктары аялдарга 58 жолу ыйгарылган.
Эки гана инсан өздөрүнө ыйгарылган сыйлыктан баш тартышкан. Алар - француз жазуучусу Жан-Пол Сартр (1905-1980) менен вьетнамдык саясий жолбашчы Ле Дык Тхо (1911-1990) эле.
Сыйлыктар кантип уюштурулат?
Академиктер, университеттердин окутуучулары, илимпоздор, мурдагы жеңүүчүлөр жана башкалар талапкерлер тууралуу сунуштарды тапшырышат. Нобел сыйлык корунун эрежеси боюнча, жеңишке талапкерлердин ысымдары бар соңку тизмелерди жарыялоого жакынкы 50 жыл бою уруксат берилбейт. Эч ким өзүн талапкер катары көрсөтө албайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Байыркы Грекияда сынактын жеңүүчүлөрүнө берилген лавр гүлчамбарын баса белгилөө үчүн сыйлык ээлери "лауреаттар" деп аталышат.
Ар бир байгени саны жагынан бирден ашык, бирок үчтөн көп эмес кишилер утуп алышы мүмкүн.
Сыйлык берилбей калган бир канча жылдар да болду. Негизинен, мындай учурлар эки жолу дүйнөлүк согуш маалына туура келди.
Ал эми Нобел корунун эрежеси боюнча, эгерде белгилүү бир түрдөгү сыйлыкка эч ким татыктуу болбой калса, анда ал сыйлык түрү ошол жылы ыйгарылбайт жана анын акчалай сыйлыктары кийинки жыл үчүн сактала берет.
Лауреаттарды тандоо
Швециянын Стокголм шаарында физика, химия, физиология же медицина, адабият жана экономика илимдери боюнча Нобел сыйлыктары ыйгарылып келет.
Ал эми Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Норвегия өлкөсүндө Норвегиянын парламенти дайындаган беш мүчөдөн турган комитет тарабынан тандалат да, Ослодо салтанаттуу тапшырылат.
Нобел сыйлыгынын ээлери эмнеге ээ болушат?
Нобел сыйлыгынын ар бир ээси төмөнкү үч нерсени алат:
• Нобел сыйлыгынын атайын диплому (ар бир диплом кайталангыс көркөм өнөр чыгармасы катары даярдалат);
• Шөкөттөп-долбоорлонушу ар кыл болгон Нобел медалы;
• 10 миллион швед крона (911 000 АКШ доллары) өлчөмүндөгү акчалай сыйлык - жеңүүчүлөр бир нече болуп калса, аларга бөлүштүрүлөт. Алар бул акчаны алуу үчүн дарс окушу керек.
Сыйлыктар Нобел каза болгон күнгө - 10-декабрга белгиленген расмий салтанаттар маалында өз ээлерине тапшырылат.
Даңазалуу сыйлык ээлери
АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 2009-жылы "эл аралык дипломатияны жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө мээнети үчүн" деген жүйө боюнча Нобел Тынчтык сыйлыгын алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Обама өзүнүн "таң калганын жана терең ыраазы болгонун" жана бул сыйлыкты "аракет кылууга алдын ала чакыруу" катары кабыл ала турганын айткан. Бирок, өзгөчө алганда, сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы күнүндө Обаманын президенттик кызматка келгенине 12 гана күндүн жүзү болгон себептүү, ага ыйгарылган Нобел Тынчтык сыйлыгы боюнча сындар арбын айтылды.
Калайык назар бурган башка көрүнүктүү жеңүүчүлөргө АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер (2002), Европа Биримдиги (2012), Бириккен Улуттар Уюму жана анын ошол кездеги Башкы катчысы Кофи Аннан (2001-ж. Бир сыйлыкты үлөшүп алышкан) жана калькутталык Ыйык Тереза эне (1979) ж.б. кирет.
Даңазалуу Алберт Эйнштейн (1921-жылы физика илими боюнча) жана Мари Кюри айым (1903-жылы физика жана 1911-жылы химия боюнча) дагы Нобел сыйлыктарын алышкан.
Балдарга билим берүүнү жакшыртууга чакырган коомдук ишмер Малала Юсуфзай (2014-жылы башка бирөө менен үлөшүп алган) сыйлыкты 17 жашында жеңип алган жана дагы эле эң жаш лауреат бойдон кала берүүдө.
Жон Баннистер Гуденаф (1922-жылы туулган) эң карыя лауреат болгон. Ал 2019-жылы химия боюнча Нобел сыйлыгын алган кезинде 98 жаштын чайын ичип жаткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эки гана инсан - француз жазуучусу жана ойчулу Жан-Пол Сартр (ал 1964-жылы адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынан баш тарткан) менен вьетнамдык саясий жолбашчы Ле Дык Тхо (ал 1973-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгынан баш тарткан), - өздөрүнө ыйгарылган Нобел сыйлыгынан баш тартышкан.
Ал эми башка төрт кишинин Нобел сыйлыгы алар жараны болгон өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан четке кагылган.
Айтмакчы, чыгаан советтик орус акыны, жазуучу жана котормочу Борис Леонидович Пастернакка (1890-1960) адабият тармагындагы Нобел сыйлыгы 1958-жылы октябрда ыйгарылган.
Бирок "кансыз согуш" маалында коммунисттик режимдин тукуруусу менен калемгер калайыктын адилетсиз асылуулары курчуган чакта, 1959-жылы Пастернак бул сыйлыктан баш тартууга мажбур болгон. Кийинки жылы ал рак оорусунун айынан 71 жашка караган мезгилинде дүйнөдөн кайткан.
СССРде "Кайра куруулар доору" өкүм сүрүп, 1988-жылы Пастернактын "Доктор Живаго" романы "Новый мир" журналында алгачкы жолу ачык жарыяланган.
Ошол эле 1988-жылы маркум Пастернак үчүн Нобел сыйлыгынын диплому толтурулган жана 1989-жылы 9-декабрда бул диплом акындын уулу Евгений Пастернакка Стокголм шаарында салтанаттуу тапшырылган.
2016-жылы поп ырчы Боб Дилан адабият сыйлыгын алабы же жокпу деген суроо жаатында белгисиздик болгон. Акыры, 2017-жылдын июнь айында гана Боб Дилан сыйлык алуу үчүн дарс окуп берген.
Кээ бир лауреаттар сыйлык акчасын эмнеге жумшады?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мари менен Пьер Кюри 1903-жылы физика боюнча алган сыйлыктарын андан аркы илимий изилдөөлөргө жумшашкан, ал эми 2006-жылкы физика боюнча жеңүүчү Жон Кромвелл Мазер (John Mather) сыйлык акчасын өзү негиздеген кайрымдуулук коруна берген.
Ал арада 2006-жылдагы адабият боюнча нобелдик лауреат, түрк жазуучусу Орхан Памук Стамбул шаарында музей ачты.

Сүрөттүн булагы, Swaminathan Natarajan
Жакында эле орусиялык көз карандысыз "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов Нобел Тынчтык сыйлыгынын өзүнө таандык медалын аукцион аркылуу сатып, Орусия баштаган баскынчыл согуштан улам жер которууга мажбурланган украиналык балдарга жардам берүү үчүн 103,5 миллион АКШ долларына тете акча чогултууга жетишти. (TT)








