Нобел сыйлыгы: Гендердик же этникалык квота жок

Илимий жетишкендиктер үчүн Нобел сыйлыгын ыйгарган академиянын башчысы гендердик квота киргизилбей турганын билдирди.
Швециянын королдук илимдер академиясынын башчысы Йоран Ханссон адамдар “жынысына же улутуна карап эмес, аябай маанилүү ачылыш жасаганы үчүн” жеңишке ээ болуусун каалаганын айтты.
1901-жылы негизделгенден бери 59 гана Нобел сыйлыгы аялдарга берилген.
Быйыл Нобел сыйлыгына бир аял гана ээ болгон. Филиппиндик журналист Мария Ресса Нобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык журналист Дмитрий Муратов экөө бөлүп алган.
Эки журналист өз өлкөсүндөгү “сөз эркиндигин коргоого кошкон салымы” үчүн сыйлыкка татыган.

Сүрөттүн булагы, EPA
“Нобел сыйлыгына ээ болгон аял лауреаттардын аз экени өкүндүрөт. Бул коомдогу адилетсиз шарттардан кабар берет. Мындай шарттар айрыкча өткөн жылдарда болгон жана дале бар. Жасай турган иштер аябай көп”, - деген Ханссон AFP маалымат агенттигине.
“Биз гендердик же этникалык квоталарды бербейбиз деп чечтик. Бул чечим Алфред Нобелдин акыркы керээзине ылайык кабыл алынды”, - деп кошумчалаган ал.
Швециялык ишкер жана химик 1895-жылкы өз керээзинде аталган сыйлыкты негиздеген. Бир жылдан кийин ал каза болгон.
“Акыры биз ким эң татыктуу деп табылса, ким маанилүү салым кошкон болсо, ошого сыйлык беребиз”, - деген ал.
Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр көбүрөөк аялдар сыйлык алып жаткан менен, Ханссондун айтымында, бул сан “аябай төмөнкү көрсөткүчтөн” жогорулоодо.
“Батыш Европадагы же Түндүк Америкадагы табигый илимдер багытындагы профессорлордун 10% гана аялдар экенин эске алуу зарыл. Эгерде Чыгыш Азияны ала турган болсок, анда бул сан андан да төмөн”, - деди ал.
“Илимпоз аялдардын көбүрөөк тапшырышын, комитетте аялдардын болушун камсыздоого аракет кылабыз. Бирок бизге жардам керек. Ушул нерседе коом бизге жардам бериши керек”, - деп кошумчалады илимпоз.
“Илимге багыт алган аялдарга карата башкача мамиле кылуубуз зарыл. Ошондо алар сыйлыкка татый турган ачылыштарды жасоого мүмкүнчүлүк алышат”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Былтыр илимпоздор Эммануэл Шарпанте менен Женнифер Даудна сыйлыкты бөлүп алган алгачкы аялдар болгон. Алар ДНКны оңдой турган шаймандарды иштеп чыкканы үчүн Нобелдин Химия багытындагы сыйлыгына ээ болушкан.
Бул илимий сыйлык эки аялга ыйгарылган эң алгачкы учур. Ага чейин салым кошкондордун бири эркек киши болуп келген.
“Бул илим жолуна түшкүсү келген жаш кыздарга дем беришин... жана аялдар дагы жүргүзгөн изилдөөлөрү менен салым кошо аларын аларга көрсөтүүнү каалайм”, - деген профессор Шарпанте ошол кезде.
Нобел сыйлыгына ээ болгон дагы бир белгилүү аял - жаш балдардын билим алуусун жактаган активист Малала Юсуфзай. Ал 2014-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган эки инсандын бири болгон. 2008-жылы вирусолог Франсуа Барре-Синусси ВИЧти ачып чыкканы үчүн Нобелдин Физиология же Медицина сыйлыгына ээ болгон. 1993-жылы Нобелдин Адабият сыйлыгына Тони Моррисон татыган. Ал өз эмгегинде АКШдагы расизмдин айланасындагы катаал чындыкты баяндаган.
Мария Кюри Нобел сыйлыгын жеңип алган эң алгачкы аял болгон. Ал 1903-жылы Физика багытында сыйлыкка ээ болгон. Ошондой эле, ал 1911-жылы Нобелдин Химия багытында сыйлыгына татып, ошондон бери бир нече Нобел сыйлыгына ээ болгон жападан жалгыз аял болуп турат.
2021-жылдын жеңүүчүлөрү кимдер?
Медицина: Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутян
Физика: Сюкуро Манабэ, Клаус Хасселман, Жоржо Паризи
Химия: Бенжамин Лист, Дэвид Макмиллан
Адабият: Абдулразак Гурна
Тынчтык: Мария Ресса, Дмитрий Муратов
Экономика: Дэвид Кард, Жошуа Ангрист, Гвидо Имбенс (EA)







