Нобель сыйлыгы: Тынчтык сыйлыгы "Новая Газета" медиасынын башкы редактору Дмитрий Муратовго жана филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды
2021-ж. Нобелдин тынчтык сыйлыгы "Новая Газета" медиасынын башкы редактору Дмитрий Муратовго жана филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Сыйлык демократияны жана бекем тынчтыктын негизги шарты болгон сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндигин коргоого кошкон салымы үчүн ыйгарылганы белгиленет.
"Новая Газета" медиасынын башкы редактору Дмитрий Муратов "Өлтүрүүлөргө [кызматкерлерин] жана коркутууларга карабай кезиттин көз карандысыздгынан баш тарткан жок. Ал журналисттердин укуктарын дайыма коргоду", - дейт норвегиялык нобель комитетинин башчысы Берит Рейс-Андерсен. Ал кезиттин журналисти Анна Политковскаянын өлтүрүлгөнүнө 15 жыл болгонун дагы эскерди.
Башында сыйлыкты ДССУ алат деп күтүлгөн. Ошондой эле орусиялык Алексей Навальный, беларустук Светлана Тихановская жана экоактивист Грета Тунберг дагы негизги талапкерлерден эсептелген.
Лауреат болушу мүмкүн дегендер арасында "Чек арасыз репортерлор" уюмунун аты дагы аталган.
Тынчтык сыйлыгына 329 талапкер (234 киши; 95 уюм) каралган. Бул Нобель сыйлыгынын "тынчтык сыйлыгы" номинациясынын тарыхындагы эң көп талапкер көрсөтүлгөнү боюнча үчүнчү орундагы көрсөткүч.
Нобель тынчтык сыйлыгы - швециялык эмес, норвегиялык Нобель комитети ыйгарган жалгыз сыйлык.
Нобель сыйлыгы
Эске сала кетсек, буга чейин Стокгольмдогу Нобель комитети 2021-жылдын физика боюнча жаңы лауреаттарынын ысымын атаган. Быйыл Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Джорджо Паризи - Жердин климатын моделдештиргени жана татаал физикалык системаны түшүнүүдөгү чоң ачылыштары үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болушту.
Толугу менен мындан окуңуз:












