Нобель сыйлыгы: физика сыйлыгы климаттык өзгөрүүнү божомолдоо аракетине берилди
Стокгольмдагы Нобель комитети 2021-жылдын физика боюнча жаңы лауреаттарынын ысымын атады. Алар - Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Джорджо Паризи – Жердин климатын моделдештиргени жана татаал физикалык системаны түшүнүүдөгү чоң ачылыштары үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алар жалпысынан 10 млн швед крону (бир миллион еврону чамалайт) суммасындагы сыйлык алышат. Каражат Альфред Нобелдин 1896-жылы дүйнөдөн кайтар алдында түзүп кеткен фондунан бөлүнүп берилет.
1901-жылы физика боюнча Нобель сыйлыгы бериле баштагандан тарта 218 адам анын лауреаты болгон. Америкалык физик Джон Бардин бул сыйлыкка эки жолу – 1956 жана 1972-жылы татыктуу болгон.

Климаттык өзгөрүүлөрдү компьютердик моделге салган япон-америкалык климатолог Сюкуро Манабэ менен океанология, метеорология, климатология жана статистика боюнча адис Клаус Хассельман глобалдык жылуулануунун өзгөрүмдүүлүгүн жана ишенимдүү божомолдоонун сандар аркылуу баалоодогу жетишкендиги үчүн 2021-жылдын Нобель сыйлыгынын бир теңине ээ болушту.
Ал эми италиялык физик-теоретик Джоржио Паризиге сыйлыктын экинчи жарымы тийди. Анын илимий жетишкендиги “физикалык системалардагы башаламандык менен флуктуациянын атомдон тартып планетардык масштабга чейинки байланыштарын ачкандыгы үчүн” деп аталды.
Адистер биздин планетанын климаты сыяктуу татаал физикалык системалардын кыймыл-аракеттерин узак убакытка божомолдоо кыйын экенин таанышат. Ага карабастан, казылма отунду жагуунун кесепеттерин божомолдой алуучу компүтердик моделдер климаттык өзгөрүүнүн маанисин түшүнүүдө чечүү оюнчу болуп калышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Николай Воронин, Би-Би-Синин илим боюнча кабарчысы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттары өмүрүндө бирге иштешкен илимпоздордон эмес. Анын үстүнө, алардын изилдөөсү физика илиминин бири-биринен алыс турган тармактары. Ошондуктан жеңүүчүлөр жарыяланган жыйында журналисттер аларды эмне бириктирип турат деп баары кызыгышты.
Анын жообу Нобель сыйлыгынын расмий аныктамасында жазылып турат. Бул жылдын сыйлыгы “Татаал физикалык системаларды түшүнүүгө кошкон чоң салым үчүн” ыйгарылды.
Ошону менен катар окумуштуулар биздин планетада болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн тагыраак моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Адамзат ишмердиги планетанын жылуулук айланган глобалдык механизмин өзгөрүп, кургактыктын чоң бөлүгү чөлгө айлануу коркунучу турат.
1960-жылдардан бери эле климатты физикалык моделдештирүү менен алектенген Сюкуро Манабе атмосферадагы углерод двуокисинин катышы көбөйүп, жер үстүндөгү температуранын жогорулашына алып келгенин кашкайта көрсөтө алды.
1970-жылдары Клаус Хассельман аба ырайын климат менен байланыштырган биринчи компьютердик моделди түзгөн эле. Анын изилдөөлөрү аба ырайы тез өзгөрүп жаткан чакта узак мөөнөттүү климаттык моделге карап жашасак болорун көрсөттү.
Ал эми Паризи ачкан илимий ачылышка келсек, Нобель сыйлыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, ал көптөгөн ар кандай, бири-бири менен байланышпаган субстанциялар менен көрүнүштөрдү түшүнүүгө жана жазып алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Бул ачылыштарды физикада дагы, ошондой эле математика менен биологиядан тартып, нейрология менен жасалма интеллект тармагына чейин колдонууга болот.
Нобель сыйлыгынын физика, химия, медицина, экономика жана тынчтык боюнча жаңы лауретаттарын жарыялоо Стокгольмда 4-октябрдан 11-октябрга чейин өткөрүлөт. Салттуу банкеттер азыр болбойт. Лауреаттар медаль менен дипломдорду колуна үйүнөн алышат.
Нобель сыйлыгынын физиология жана медицина тармагы боюнча жаңы лауреаттары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нобель сыйлыгы: Физиология жана медицина
Эки күн мурда Нобель сыйлыгы физиология жана медицина тармагы боюнча америкалык молекулярдык биологдор Дэвид Джулиуска жана Адем Патапутянга ыйгарылганы кабарланган эле.
Стокгольмдагы Каролин институнун Нобель комитети жарыялаган маалымат боюнча, аталган окумуштуулар сезүү жана терморецепторлорду изилдөөдөгү ачылыштары үчүн лауреат болуп калышты.
Комитеттин чечиминде Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттары температура менен басымды сезүүгө мүмкүндүк берген нервдик импульстарды жандантуу механизмдерин табышканы айтылат. Бул процесстер адамдын айлана чөйрө менен болгон мамилесинин негизинде жатат жана жашоо үчүн алар абдан зарыл.
"Бул жаңы ачылыштар нервдин жылуулукка, суукка жана механикалык таасирге кандай реакция берерин түшүнүүнү ыкчам кеңейтип, интенсивдүү изилдөө ишмердигинин башталышы болуп калды. Лауреаттар биздин сезимдер менен айлана чөйрөнүн ортосундагы өз ара татаал кыймыл аракеттин түшүнүүдө жетишпей келаткан жагын табышты»,-деп баса белгилейт комитет.
1901-жылдан бери медицина боюнча сыйлык 111 жолу берилди. 222 адам лауреат болду. 1923-жылы инсулинди ачкан Фредерик Бантинг сыйлык алган эң жаш лауреат болуп калды. Эң улуусу 1966-жылы онкогендик вирустарды ачкан 87 жаштагы Пейтен Роус.
Сыйлыкты тапшыруу Нобелдин дүйнөдөн кайткан күнү 10-декабрда тапшырылат. Адатта салтанат Стокгольм филармониясында өтөт, лауреаттарга Нобелдин сүрөтү чегерилген алтын медаль жана диплом тапшырылат. Пандемиянын айынан сыйлыкты тапшыруу экинчи жылы онлайн өтмөкчү. (КС)







