Индияда түзүлгөн оор абал жалпы дүйнөгө маанилүү. Эмнеге?

Ковид-пациентка

Сүрөттүн булагы, AFP

"Мындай жагдай жаман түшкө да кирмек эмес. Индиянын баш калаасында ушундай болуп жатканына ишене албай турам. Тургундарга кычкылтек жетпей, алар айбанаттар эле кырылып жатат",-дейт Жайнт Малхотра.

Ал Дели шаарындагы крематорийде ыктыярчы болуп иштейт. Коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп, калаадагы ооруканалар кыйроонун алдында турат.

Ошол эле учурда Кытай, АКШ, Европа, Африка жана Азиянын батыш-чыгышында эки аптадан бери коронавирустан каза тапкандардын саны төмөндөп жатат. Европанын мамлекеттери карантин чектөөлөрүн жеңилдете баштады.

Бирок алдыңкы эксперттер мамлекеттерди Индиядагы абалга көңүл бурууга чакырат. Индиядагы абал бүтүндөй дүйнөгө таасир этеби?

Индиядагы кризистин масштабы канчалык?

Место массового сожжения умерших, 22 апреля

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өлкөнүн крематорийлеринде узун кезек пайда болду

Индияда февралда күнүнө 12 миң киши вирусту жуктуруп, эки жүзгө чукул адам каза таап жаткан. Өлкөнүн бийлиги ушуну менен абал оңолуп кетет деп үмүттөнгөн.

Биринчи толкунда Индияда бир күндүн ичинде 93 миң киши вирусту жуктурганы рекордду жаңырткан. Азыр бул көрсөткүч үч эсеге өсүп, көптөрдү нес кылды. Айталы, 17-апрелден тарта күнүнө 200 миңден ашуун киши вируска кабылып жатты. Соңку апталарда бул көрсөткүч 350 миңге чыкты.

Өлүм-житим дагы кыйла жогорулады. Биринчи толкунга салыштырмалуу, Индияда күнүнө эки эсеге көп киши каза таап жатат. Учурда орточо эсеп менен алганда күнүнө эки миңден ашуун киши вирустан көз жумду.

Ооруканалар жык толуп, Дели сыяктуу шаарларда кычкылтек жетишсиз болууда. Бейтаптан жакындары кычкылтекти өздөрү издеп, ооруканага жеткирип берүүгө мажбур. Делиде саламаттыкты сактоо системасы мыкты экенин белгилей кетиш керек.

Больница в Дели

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Делинин айрым ооруканалары жаңы келген бейтаптарды кабыл ала албай калды

Айрым ооруканалар жык толуп калгандыктан, жаңы бейтаптарды кабыл албай жатат. Буга кошумча болуп, лабораториялар дагы тынымсыз иштегени менен, вирусту аныктоочу тесттерди убагында кароого мүмкүнчүлүк жок.

Индияда калкы жыш болгондуктан, Европа же АКШга салыштырганда коронавирустун так кесепетин так айтуу кыйын. Муну болжосо гана болот.

Родственники на обряде кремации члена семьи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кычкылтек жетишсиз болгондуктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон бейтаптар каза таап жатат

"Тилекке каршы, жакынкы апталарда абал мындан дагы начарлайт. Улам-улам кайталанып жаткан сабактардын бири, вируска кабылгандардын саны өскөндөн кийин өлүм-житимдин статистикасы кескин секирет",-дейт Би-Би-Синин саламаттык боюнча кабарчысы Галлахер.

"Индия бир күндүн ичинде вирустун жайылышын токтото алса дагы, өлүм-житим өсө берет. Анткени көптөр вирусту эмитен эле жуктуруп алды",-деп кошумчалады Галлахер.

Бул абал жалпы дүйнөгө эмнеге маанилүү?

Пандемия - глобалдык коркунуч.

Пандемия жарыялангандан бери окумуштуулар менен медицина кызматкерлери коронавирус бир өлкөдөн экинчи мамлекетке тарап жатканына күбө болду. Бул күтүлгөн эле, себеби заманбап экономика жана глобализациядан улам вирус жайылмак.

Ковид-пациент, Индия, 26 апреля 2021

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирус бир өлкөдөн экинчиги тарап кетти, себеби экономикалык байланыштан баш тартып салуу мүмкүн эмес

Карантин жана саякаттоо чектөөлөрү вирустун жайылышын толугу менен токтото алган жок. Себеби экономикалык байланыштан толугу менен баш тартып салууга мүмкүн эмес.

Ошондуктан Индиядагы окуялар бүтүндөй дүйнөгө таасир этет.

"Пандемия бир өлкөнүн маселеси, жалпы эл аралык коомчулуктун көйгөйү экенин үйрөттү, -дейт Би-Би-Синин кабарчысы Жеймс Галлахер. - Кытайдын бир шаарында пайда болгон коронавирус дүйнөгө тарады. Ошондуктан Индиядагы курч абал башка өлкөгө да терс таасир этиши мүмкүн. Дал ушул себептен айрым мамлекеттер Индия менен аба каттамын убактылуу токтотту".

Ошол эле учурда вируска кабылгандар көп болгон аймакта жаңы штаммдардын дагы пайда болушуна шарт түзүлөт.

Инфекциянын жайылышын кантип токтотсо болот?

Рынок в Индии

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда вакцинанын биринчи дозаны 118 миллион киши же калктын 9 гана пайызы алды

Эл аралык коомчулук Индияга гуманитардык жардам жөнөтүп жатат. Британия кычкылтек жана дем алууга жардам берген жабдыктарды жөнөттү. АКШ болсо чийки затка болгон экспортко чектөөлөрдү алып, Индияга өзүнө керектүү вакцина өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Индиянын өкмөтү жаңы долбоорду кабыл алып, аны менен 500 ишканага кычкылтекти өндүрүү көлөмүн көбөйтөт. Бирок бул кадам вирустун жайылышын токтотуу эмес, өлүм-житимди азайтууга багытталган.

Индиянын артыкчылыктары дагы бар. Бул мамлекет дүйнөдөгү эң көп көлөмдө вакцина өндүргөн өлкөлөрдүн бири. Бирок Индияда жапырт эмдөө жараянын ишке ашыруу абдан татаал. Жапырт эмдөө 16-январда башталган жана июль айына чейин 250 миллион кишиге вакцина жеткирүү максаты бар. Азырынча вакцинанын биринчи дозаны 118 миллион киши же калктын 9 гана пайызы алды. Эксперттердин айтымында, Индиянын өкмөтү максатына жетүү үчүн жапырт эмдөө жараянын тездетиши керек.