Испания: 22 адамга коронавирус жуктурган киши камакка алынды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Испанияда 22 кишиге коронавирусту атайын жуктурду деп шектелген адам кармалды.
Кырк жаштагы тургун вирустун симптомдорун байкап, дене табы 40C градуска көтөрүлгөнүнө карабастан спорт зал жана жумушка бара берген.
Майоркада кармалган шектүү кеңседен беткабын чечип, кесиптештерине жөтөлүп, вирусту таратып жатканын айткан.
Испаниянын полициясынын билдирүүсүндө, шектүү адам бир нече күндөн бери коронавируска байланыштуу симптомдорду көрсөтүп жатканын, бирок өзүн изоляцияда кармабаганын тастыктады.
Шектүү вирусту аныктоочу тестти тапшырып, бирок эртеси эле спортзал менен жумушка барган. Тест шектүү адам коронавируска кабылганын тастыктагандан кийин анын кесиптештери полицияга кайрылган. Полициянын айтымында, шектүүнүн кесиптештери вируска кабылган жок.
Казакстандагы вакцинага байланыштуу талаш

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Казакстанда 26-апрелден тарта QazVac аттуу өздөрүндө өндүрүлгөн вакцина менен жапырт эмдөө жараяны уланат. Өлкөдө 1-февралдан тарта "Спутник V" вакцинасы менен жапырт эмдөө башталган.
Эми жарандар эки вакцинанын бирин тандоого мүмкүнчүлүк алат. Клиникалык изилдөөлөр QazVac вакцинасы 90 пайызга натыйжалуу экени айтылган. Изилдөөгө үч миңден ашуун ыктыярчы катышкан. Бирок эл аралык уюмдар муну тастыктай элек.
Ал ортодо Казакстанда коронавируска каршы эмдөө милдеттендирилеби деген талаш-талкуу жаралды. Буга чейин Шымкенттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү вакцина алуу милдеттендирилет делген видеосу интернетке тараган. Казакстандын парламенти депутаттары дагы бул боюнча талкуу жүргүзгөн. Бирок Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги интернеттеги видео фейк экенин жана өлкөнүн мыйзамдары боюнча жаранды вакцина алууга милдеттендирүүгө укугу жок экенин билдирди. Парламентте дагы дагы ушундай талаш талкуулар жүрдү.














