Индия: Делиде коронавирустан төрт минут сайын бирден киши каза табууда

Коронавирустан каза тапкандарды орун жок болгондуктан көчөдө эле өрттөп жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Индияда бир күндө 350 миңдей кишиден коронавирустун жаңы учуру аныкталды. Баш калаа Делиде төрт минут сайын бирден киши каза табууда. Премьер-министр Нарендра Моди өлкө жаңы толкундун очогунда калды деп билдирүү жасады.

Крематорийлерде орун жок болгондуктан коронавирустан каза тапкандардын сөөгүн көчөдө эле өрттөп жатышат. Ооруканаларга бейтаптар толуп, кислород жетишсиз болгондуктан кабыл алуунун токтоткондору бар. Жалпы коронавирус болгондор өлкөдө дээрлик 20 миллион кишиге жетти. Вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШдан кийин эле Индия турат.

"Биринчи толкунду ийгиликтүү жөнгө салгандан кийин биз ишенимдүү болуп калган элек. Бирок бул бороон элдин үрөйүн учурду",-деди премьер-министр радио аркылуу элге кайрылуусунда.

Улуу Британия жекшембиде Индияга 495 кислород концентраторлорун жана керектүү жабдыктарды жөнөттү. Премьер-министр Борис Жонсон колдон келген жардамды беребиз деп убада кылды. Евробиримдик дагы Индияга кислород жана медикамент жөнөтөрүн айтты.

АКШ болсо Индияга экспресс тесттерди жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды жөнөтөт.