Ай жарышы башталды. "Космос конституциясын" ким жазууда?

Сүрөттүн булагы, NASA
Айга адамзат баласынын буту тийгенден дээрлик жарым кылымдан кийин дүйнөдө космостук атаандаштыктын экинчи толкуну башталды окшойт. Бул жолу Жердин спутнигинде биротоло бекем жайгашуу, андагы байлыктарды биринчилерден болуп ээлеп калуу аракети болуп жатат.
Россия, АКШ, Кытай, Жапония жана башка өлкөлөр (Евробиримдик дагы) жакынкы 15-20 жылда Айда туруктуу инфрастуктура курууну ойлонуп жатышат. Кеп бул жерде Айды терең изилдеп, андагы пайдалуу кендерди алуу максаты жөнүндө болууда.
Ырас, азыр эмне казып, эмне өндүрүү мүмкүн, ал анчалык түшүнүктүү эмес. Азырынча окумуштуулар Айда тоңуп калган суу ресурстарын бар экенин гана тактай алышты. Бирок космостук программанын изилдөөчүлөрү моюн бербей турат, керектүү кен акыры табылбай койбойт, аракет кылсаң берекет дешет.
Эл аралык мыйзамдар боюнча Айды өлкөлөр арасында бөлүүгө, анын кайсы бир бөлүгүн менчиктеп алууга болбойт. Бирок ошого карабастан Айдын байлыктары үчүн баары бир колонизаторлор арасында күрөш болбой койбойт. Ошондуктан космостогу иштер үчүн баарына тийиштүү жалпы бир эрежени иштеп чыгуу зарылдыгы кашкайып турат.
Бул демилгени АКШ өзүнө алган - өткөн жылы ноябрда сегиз өлкө ((Австралия, Улуу Британия, Италия, Канада, Люксембург, БАЭ, АКШ жанаЖапония) НАСА иштеп чыккан "Артемида макулдашуусуна" кол коюшкан. Аны расмий эмес түрдө "Космостук конституция" деп атап алышты. Бул макулдашууга кийин Бразилия менен Украина кошулган.

Сүрөттүн булагы, NASA
Бул документте жалпы принциптер гана каралган жана сунуш түрүндө берилген. Бирок АКШнын Эл аралык космостук станциядагы бирден бир шериги болгон Россия макулдашууга кол коюудан таптакыр баш тарткан, НАСАнын Айды изилдөө программасына экинчи ролдо катышуунукаалаган эмес.
Москва Айды өздөштүрүүнү катарлаш планда - Кытай менен биргеликте жүргүзө турганын билдирген. Дүйнөлүк мунаса ошентип болбой калды.
Ылай суудан балык кармаган ким?
НАСА иштепчыккан документ жарыялана электе эле аны сындап башташкан, анткени Айды өздөштүрүүнү АКШ эки тараптуу кызматташтык форматында ишке ашырары, негизги иштерди жеке менчик компаниялар аткарары белгилүү болгон. Айга пилоттук миссияны жиберүү, "Гейтуэй" деп аталган ай станциясын куруу иштеринин баары жеке менчик компанияларына берилери түшүнүктүүболгон.

Сүрөттүн булагы, NASA
Өткөн жылы октябрда Science журналы канадалык окумуштуулардын "АКШнын саясаты космосту коопсуз өздөштүрүүнү тобокелге салууда" деген аталыштагы ачык катын жарыялаган. Аны Британдык Колумбия университетинин профессорлору астроном Аарон Боули менен политолог Майкл Байерс жазышкан.
Окумуштуулар Американын жеке менчик компаниялар аркылуу космостук экспания баштап жатканына кооптонуу билдиришкен. Илимий эмес, бизнес кызыкчылыктардын негизинде иш алып баруу кырсыкка алып келерин баса белгилешкен. Айда масштабдуу өнөр жай өндүрүшүн куруу андагы уникалдуу породаларды жок кылып, космостук археологиянын түбүнө жетет деп эскертишкен авторлор. Ал эми Айда борпоң гравитациянын шартында казуу иштерин жүргүзүү орбитаны космостук таштандыга толтурат дешет.
Айдагы жана башка планеталардагы ресурстарды өздөштүрүү бардык тарап катышкан кеңири талкуулардан кийин гана болушу керек дейт окумуштуулар. Космостогу аракеттердин негизги принциптери эл аралык эң жогорку деңгээлде каралып, ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынышы керек.
"Биз эч кимдин таламын талашпайбыз, - деп баса белгилейт профессор Байерс, - биз бир гана макулдашууга чакырып атабыз. Брайденстайн (НАСАнын мурунку башчысы) космосту өздөштүрүүнү ылай сууда балык кармоо менен салыштырган эле. Ошонуктан биз эскертип атабыз, эрежесиз, ээнбаштык менен балык кармоо көп учурда андагы ресурстардын түгөнүп жок болушуна алып келет эмеспи".













