Орусия дагы "космос күчтөрүн" түзөбү?

A rocket is launched from the Vostochny Cosmodrome to deliver satellites

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Путин АКШнын "космос күчтөрү" Орусиянын кызыкчылыктарына коркунуч жаратат деп билдирди. Август айында президент Дональд Трамп АКШ армиясы алтынчы бөлүмүн түзүп, ал космос багытында иш алып барат деп билдирген.

Президент Путиндин айтымында, Орусия дагы бул багытта иш алып барып, космосто аскердик операция өткөрүүгө күжүрмөн даярдыктагы бөлүм түзүшү керек.

Орусиянын жана АКШнын "космос күчтөрүн" түзүү аракети Кытайдын спутник жана ракеталык программасынан улам чыкты. Лестер университетинин космостук согуш боюнча адиси Бледдин Бовен Кытай программасы аркылуу ири жылыштарга жеткенин белгиледи.

"АКШ алгач Кытайга жооп катары "космос күчтөрүн" түзгөн",-дейт ал.

2007-жылы Кытай спутниктерди жок кыла алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Маалымат аз болгонуна карабастан, АКШ менен Орусия дагы дал ушундай ракета иштеп чыкканы жана спутниктерди иштен чыгарган лазерлерди дагы сыноодон ийгиликтүү өткөргөнү айтылып келет.

Ири державалардын жарышы

Өткөн жылы АКШ президенти "космос күчтөрү" түзүлөт деп жарыялаганда, анын кандай болоору так эмес эле. Бирок Трамп космос бөлүмү АКШ армиясынын аба күчтөрүндөй кубаттуу болот деп белгилеген. Кошмо штаттарынын армиясында жөө аскерлер бөлүмү, деңиз күчтөрү, жээк кызматы, аба күчтөрү жана деңиз жөө аскерлери бөлүмдөрү бар.

Trump

"Америкалыктар космоско жетип эле койбостон, космосто үстөмдүк кылышы керек", -деп айткан эле Трамп.

Ошондой эле АКШнын президенти "америкалыктар айга кайрадан барат" жана Марс планетасын дагы өздөштүрөт деп убада кылган.

Дональд Трамп космосту изилдөөдө Кытай же Орусия эмес, АКШ биринчи сапта турушу зарыл экендигин дагы белгилеген.

Дүйнөдөгү ири державалар космосту аскердик багытта колдонуп келген. Мисалы, космостогу көзөмөл жүргүзгөн спутниктер же коммуникация каражаттары.

Андан тышкары космос үчүн коммерциялык жарыш дагы күч алууда. Айрым учурда алар айкалышып турат. Айталы, эл аралык GPS навигациялык система башында аскердик багытта колдонулган, кийин гана жарандык багытта колдонулуп калды.

2018-жылы атактуу Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын мейкиндикке учурган. Тарыхтагы эң чоң Falcon 9 ракетасы эки мотор жана бир борбордук мотор менен жабдыкталган. Бул ракета 70 метр бийиктикке жетет жана 57 тоннага тете салмакты мейкиндикке жеткире алат.

Falcon Heavy

Сүрөттүн булагы, SpaceX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын мейкиндикке учурду

Бул ракета коммерциялык космостук жарышта лидер катары сыпатталууда жана астронавттарды Жер планетасынын орбитасынан ары жеткирүүгө кубаты жетет.

НАСА 2011-жылы АКШнын территориясынан космоско ракеталарды учуруусун токтоткондон кийин SpaceX менен Boeing компаниялары Кошмо штаттарынан космоско ракета учура баштамак. 2011-жылдан бери АКШ астронавттарын Эл аралык космос станциясына жеткирүү үчүн Орусиянын "Союз" ракеталарын колдонуп келет. Бул кадамга АКШнын авиакосмостук тармагы нааразылыгын билдирген.

The launch of the space shuttle Discovery on a mission to the International Space Station

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, НАСА 2011-жылы АКШнын территориясынан космоско ракеталарды учуруусун токтоткон

Эгерде SpaceX менен Boeing компаниясынын сыноолору ийгиликтүү болсо, эки компания АКШнын астронавттарын Эл аралык космос странциясына жеткирүү укугун алышы ыктымал.