"Дарактан күбүлгөн жалбырак сыяктуу": сириялык качкындар, он жылга созулган согуш

Girl stands on remains of destroyed tank in Yazi Bagh, north-west Syria (Feb2019)

Сүрөттүн булагы, AFP

Он жылдан бери токтобой жаткан Сириядагы куралдуу жаңжал жүз миңдеген кишинин өмүрүн алды. Миллиондогон кишилер ата конушуна кайтып бара албай, дүйнөнүн булуң-бурчунда мусаапырга айланды. Сириялыктар согуштун азап-тозогун эскеришет.

"Көп достордон айрылдым..."

Гайят Абу Ахмед журналист-фрилансер, 30 жашта

Ghayath Abou Ahmed

Сүрөттүн булагы, Ghayath Abou Ahmed

Мен туулуп өскөн Дераа шаарында митингдер башталган жылы студент элем. Аларды камеранын объективи аркылуу карап, Сирияда дагы ушундай болобу деп айраң-таң калдым. Тунистеги, Египеттеги окуялар бизди шыктандырды. Биздин эл дагы өз үнүн жеткирүү үчүн чечкиндүү чыгат деп ойлогон эмесмин. Бирок мындай кыял көпкө созулган жок. 2012-жылы августта Дераа шаарында жүздөгөн киши окко учту. Эки күн ичинде көптөгөн досторумду жана коңшуларымды жоготтум. Бул мен үчүн соңку он жыл ичиндеги эң оор учур болуп калды. Кайсыл бир убакыт Дераадагы жаштардын баары коркунуч менен жашап калды. Каршылык көрсөтүү үчүн шаардан чыгып кетүүгө эч ким дааган жок.

Төрт жыл биз изоляцияда калып, курчоодо турдук. Түндөсү горизонттон Дамасктагы жылтылдаган жарыкты көргөн сайын кайгыга батчу элем. Биз болсо жарыгы жок, караңгыда жашап жаттык. Алар ээн-эркин жүрсө, бизде тамак-аш, дары-дармек сатып алууга дагы мүмкүнчүлүк жок эле.

2016-жылы Дераадан Идлибге чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Суудан ыргытылган балыктай эле абалда жүрдүм. Агам каза таап, ата-энем камакка алынган. Биздин эркиндикке умтулуубуздун куну ушундай болду. Мен каршылык жүрүштөрүнө кошулганыма эч качан өкүнбөйм. Жоготууларым үчүн мен ыңкылапты эмес, сириялык режимди айыптайм. Алардын кылмышы эч качан кечирилбейт. Ооба, ыңкылап жеңишке жеткен жок. Бирок биз эркиндик алдык деп айта алам. Сирияда дайыма жеке басар бийлик болуп, ага эч ким баш көтөрчү эмес. Азыр мен журналист-фрилансермин, ой-пикиримди эркин жаза алам.

line

"Келечек тууралуу кыялданбай калдым"

Нур Шам гуманитардык кызматкер, 28 жашта

Displaced woman and child in Tuwaynah, north-east Syria (file photo)

Сүрөттүн булагы, AFP

Мен үй-бүлөөм менен чогуу Идлибдин түштүгүндөгү үйүбүздө турчу элем. Азыр эми ушул эле провинциянын түндүгүндө, болгону чатырда жашап жатам. Мурда бизде эркиндиктен башка бардык жашоого зарыл болгон нерселер бар болчу. Азыр какыраган жердеги жайнаган чатырлар арасындагы азаптуу жашоо. Кышында бут алдыңда баткак саз болсо, жайкысын чаң жана чымын-чиркей.

Мен келечек тууралуу кыялданбай да калдым. Өзүм үчүн дагы, уулум үчүн да кыялданбай калдым. Болгон күчүмдү качкындар лагериндеги азаптуу турмуштан уулумду алаксытууга жумшап жатам. Аны менен согуш тууралуу сүйлөшпөйм, анткени азыр жаш. Күйөөм Түркияга иштегени кеткен. Аны экинчи көрбөйм го деп корком. Мурда билим алуумду улантсам деп кыялданчу элем. Азыркы абалда буга мүмкүн эмес. Нааразылык жүрүштөрү башталган жылы Алеппо университетинин студенти элем. Биз дагы ага аралаштык. Бир нече айдан кийин коопсуздук күчтөрү тарабынан болгон коркутуулардан кийин кетүүгө туура келди.

Гуманитардык уюмдарда иштей баштадым. 2019-жылы биз турган аймак артиллериялык аткылоого кабылганда, күйөөм экөөбүз уулумду алып качып чыктык. Акыры менин жолум сапарым ушул лагерге келип токтоду. Артиллериялык аткылоодон эки таякем каза тапты. Бир тууган агамды 2012-жылы камакка алышкан. Азырга чейин ал тууралуу маалымат жок.

"Дүйнө бизге байкоо салып гана турду"

Фали Мосилли Кызыл-Чырымдын кызматкери, 40 жашта

Fadi Mosilli

Сүрөттүн булагы, Fadi Mosilli

2012-жылдын соңунда мындан ары Сирияда калууга мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Жакын досторумдун бир нечеси камакка алынгандан кийин мага дагы коркутуулар боло баштады. Балдар үчүн корктум, өзүм дагы абакта азап тарткым келбеди. Түркия аркылуу Германияга өтүп келдим. Азыр мен жашап жаткан өлкөдөгүдөй эркиндиктин өзүмдүн Сириямда да болушун каалайм. Биз ошону талап кылып көчөгө чыкканда режим бизге ок менен жооп берди. Менин көз алдымда кишилерди уруп-сабап, атып өлтүрүштү. Дүйнө буга көз салып турду, бирок эч нерсе кылган жок.

Акыркы он жыл мага өтө оор болду. Бирок акыры бир күн Сирияга кайтып барам, эркин өлкөнү көрөм деген үмүтүмдү өчүргөнүм жок. Мен азыр жандүйнөсү жок кишимин. Менин жандүйнөм Сирияда калды. Ал жакта үй-бүлөм, досторум, мен туулуп өскөн айылым калды. Дамасктын сүрөттөрүн көрүп шолоктоп ыйлайм. Эки жыл мурун каза тапкан апама топурак салганым жок, мүрзөсүнө бара албайм. Ушундан өткөн азап барбы?!

"Азаптуу он жыл..."

Сара Рами мугалим, 40 жашта

Syrian opposition fighters damage a portrait of Bashar al-Assad in Deraa (file photo)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык көтөрүлүшчүлөр Асаддын сүрөтүн бузуп жатат (архив)

Каршылык жүрүштөрү башталган кезде Дамасктагы үйүмдөн чыга албай коркуп олтуруп калдым. Бул эмне менен бүтөрүн эч ким билген эмес. Баары күтүүсүз жерден болду жана кишилер башын бириктире турган лидерди жана идеяны издеди. Кээ бири эркиндик ураанын чакырса, башкаларды диний ажырым тууралуу сүйлөп жатканы мени абдан тынчсыздандырган. Ар кайсыл агымыды карманган мусулманың деле, христианың деле эч кандай ажырымды сезбей эле, ийиндешип жашап келбедит беле. Бир нече ай өткөндөн кийин университеттеги досторум менен мамилем бузула баштады. Алар мен диндин кайсыл агымдамын жана тегим каяктан деп сурай башташты. 2016-жылы Дамасктын жака-белинде эжем окко учту. Мен анын өлүмүнө каршылык маанайына чыккан кишилерди айыптай албайм. Алар өздөрүнүн укугун талап кылып чыгышканын жакшы түшүнөм. Бирок айрымдары фанатка айланып, бизди коркута баштады. Ондогон куралдуу топтор пайда болду. Алар кишилерди кайсыл бир өзгөчөлүгү үчүн өлтүрө баштады. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлерге кол салышты. Мен министрликтердин биринде иштеген апам үчүн корко баштадым. Бир жолу ал бараткан автобуска ок атылып, бактыга жараша аман калды. Бул он жыл мени талкалап салды. Катуу үн чыкса эле жүрөгүм кабынан секирип кетчүдөй, корко баштайм. Таксиде баратып, мына азыр жарылып кетчүдөй сезимдерден кутула албай койдум. Азыр салыштырмалуу коопсуз боло баштады. Бирок экономикалык абал өтө эле оор.

"Дарактан күбүлгөн жалбырак сыяктуу"

Юнес Карим экономист, 40 жашта

Younes al-Karim

Сүрөттүн булагы, Younes al-Karim

2014-жылы саясий партия түзүүгө аракеттенгеним үчүн Сирияда бир нече ай абакта жаттым. Мени бошоткондо эч качан тынч коюшпасын түшүндүм дагы өлкөдөн качып чыктым. Сириядагы жаңжалга чейин ири бизнесмендин экономика боюнча кеңешчиси элем жана университетте сабак берчүмүн. Азыр Франциядагы ресторандардын биринде жумушчумун. Аялым сириялык борбордук банкта иштейт эле. Азыр тамак бышырып сатат.

Кээде өзүмө суроо берем: бул жакта эмне кылып жүрөсүң?Мен жалбыракмын. Ооба, дарактан күбүлүп түшкөн жалбырак сыяктуу менин бөтөн жерде ордум болбойт. Бирде француз киши бизге кыйкырып, "кайдан келсеңер ошол жакка жоголгула, силер террорчуларсыңар" деди. Ага эч ким каяша айткан жок.

Коопсуздук маселесинен улам айрым каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү