Расизмге айыпталган калыс: "ПСЖ"-"Башакшехир"беттеши үзгүлтүккө учурады

Сүрөттүн булагы, EPA
Чемпиондор Лигасынын алтынчы айлампасында франциялык "ПСЖ" менен Түркиянын "Истанбул Башакшехир" футбол командаларынын беттеши үзгүлтүккө учурады.
Беттеш Парижде өтүп жаткан. Оюндун 16-минутасында "Истанбул Башакшехир" машыктыруучусунун жарадамчысы, камерундук мурдагы футболчу Пьер Вебо кызыл айып кагазын алды. Ошол эле маалда түркиялык клуб ырастагандай, калыстардын бири Себастьян Колтеск тарабынан Вебого карата расисттик термин колдонулган.
Түз эфир маалындагы кадрлардан Вебо калыстан эмне үчүн андай мамиле жасаганын сурап жатканын угууга болот. Түркиялык клубдун дагы бир чабуулчусу Демба Ба дагы калыстан "кара" деген сөзду неге айтканын сурап жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Калыстардын бири менен болгон ушундай чатакташуудан кийин "Истанбул Башакшехир" оюнду улантуудан баш тартты. Эки сааттай эмне болуп жатканы түшүнүксүз болуп турду. Соңунда беттеш башка күнгө жылдырылганы жарыяланды.
Түркиялык клубдун "Твиттер" баракчасына расизмге каршы экенин билдирген кайрылуу болду. Президент Режеп Тайип Эрдоган дагы ушундай эле мазмундагы кайрылуу жасады.

Сүрөттүн булагы, EPA
"ПСЖ" чабуулчусу Килиан Мбаппе "Твиттер" баракчасына: "Расизмге жок деп айт! Вебо, биз сени мененбиз",-деп жазган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Европа футбол ассоциациясы (УЕФА) бул окуя боюнча иликтөө жүргүзөрүн кабарлап, беттеш кийинки шаршембиде башка калыстардын көзөмөлү менен өтөрүн айтты.








