Болгария: футболдогу расизм, Англия иликтөөнү талап кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Англиянын футбол ассоциациясы дүйшөмбүдө Болгария баш калаасында өткөн беттеш учурундагы расисттик окуяны иликтөөгө алууну УЕФАдан талап кылууда.
Шейшембиде Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов өлкөнүн футбол бирикмесинин жетекчиси Борислав Михайловду отставкага кетүүгө чакырды. Өкмөт башчы Спорт министрине кайрылып, Михайлов отставкага кеткенге чейин футболго эч кандай каражат бербөөнү тапшырган.
Болгар күйөрмандарынын нацисттик кол жаңсоосу жана маймылды туураган кыйкырыктарынан улам, беттеш эки жолу үзгүлтүккө учурады. Алар муну Англия командасындагы кара терилүү оюнчуларга каршы көрсөтүшкөн.
Оюн экинчи жолу үзгүлтүккө учураганда, Англия командасына беттешти токтотуу же улантуу сунушу берилген. Англиялыктар оюнду андан ары улантып, 6:0 эсебинде утуп чыгышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Болгария буга чейин дагы расизм боюнча санкцияга кабылган эле. Оюндан кийин Болгариянын машыктыруучусу Красимир Балаков "күйөрмандардын андай кыйкырыктарын укпаганын" айтты.
Англия курамасынын машыктыруучусу Гарет Саутгейт болсо, командасы өзүнүн сөзүн оюнда гана айтат деп билдирди. (AbA)








