Иран: Сулейманинин өлүмү боюнча Трампты камакка алууга санкция берилди

Сүрөттүн булагы, EPA
Ирандын бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп башында турган 35 кишини камакка алууга санкция берди.
Булар генералдын өлүмүнө катыштыгы болгон, деди Тегерандын прокурору Каси Мехр. Бийлик керектүү арыз менен Интерполго кайрылып, камакка алууга жардам сурады. Бирок Интерполдун өкүлдөрү Би-Би-Сиге билдиргендей, Трампты камакка алуу туралуу Ирандын өтүнчү аткарылбайт. Анткени жобо боюнча "саясий, аскердик, диний же расалык мүнөздөгү кийгилишүүлөргө" жол берилбейт.
Ирандын аскер стратеги, өлкөнүн сырткы саясатынын архитектору болгон генерал Сулеймани 3-январда Багдадда америкалык ракетадан өлгөн. Пентагон генерал Сулеймани АКШ президентинин буйругу менен жок кылынганын айткан эле. Трамп генералды "дүйнөдөгү биринчи террорчу" атап, Иран колдогон жоочулар Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер күчтөрүнө кол салууну пландаган деп айыптаган.
Иран генералдын өлүмү үчүн өч аларын билдирип, 2015-жылдагы өзөктүк курал келшиминен чыкты. Ошондой эле Ирактагы АКШнын аскер базасын аткылаган. Буга жооп кылып АКШ дагы ирандык аскер обьектилерине чабуул кылган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аль-Касинин айтымында, Трампты жана 35 кишини "адам өлтүрүү" жана "терроризм" беренелери менен айыптап жатышат. Аль-Каси Мехр 35 кишинин өздүгүн ачык айткан жок.
Иран боюнча АКШнын өкүлү Брайан Хук Сауд Арабиясындагы басма сөз жыйынында камакка алуу боюнча чечим саясий мүнөздө болгонун айтты.
"Бул өлкө коопсузудугуна же эл аралык тынчтык, стабилдүүлүктү колдоого байланыштуу эмес. Жөн гана эч ким олуттуу кабыл албаган пропагандалык трюк",-деди ал.
Анализ
Алан Жонстон, Би-Би-Си
Ирандыктар Трампты жана 30 ашуун кишиге генерала Сулейманинин өлүмү боюнча айыптар тагылып жатканын жарыялады. Аларды "адам өлтүрүү" жана "терроризм" боюнча айыпташкан.
Иран шектүүлөрдү камакка алууга көмөк көрсөтүү үчүн Интерполго кайрылган. Бирок агенттик аскердик же саясий суроолорго байланышкан иштерге кийгилишпей турганын билдирди.
Камакка алуу тууралуу ордер көбүрөөк символикалык белги болуп калды. Бирок мунун менен Ирандын жетекчилиги Трампка карата жек көрүүнүн тереңдигин дагы бир ирет көрсөткөндөй болду. (AbA)












