Иран: Генерал Сулейманинин тажыясына миңдегендер топтолду

Сүрөттүн булагы, AFP
Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы Генерал Сулеймани менен коштошуу үчүн жүз миңдеген киши чогулду.
Генерал Касем Сулеймани АКШнын Багдаддагы аба соккуларында өлтүрүлгөнү айтылды. Пентагон ырастагандай, генерал Сулеймани АКШ президентинин буйругу менен жок кылынды.
Ирандын жогорку лидери аятолла Хаменеинин ыйлап жаткан сүрөттөрү дагы тарады. Тегерандын көчөлөрүнө топтолгон тургундар АКШнын желегин өрттөп, "Америкага өлүм" деп кыйкырып жатышты. Генерал Сулейманинин кызы Зейнеп Сулеймани "акылдан адашкан Трамп, ушуну менен тынчтык болот деп ойлобо" деп билдирди.
Алтымыш эки жаштагы Касем Сулейманинин Ирандын аскердик жетекчилигинде олуттуу орду бар эле. Ал жетектеген "Кудс" аскер бөлүгү түздөн түз Ирандын жогорку лидери аятолла Хаменеиге баш ийет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Америкалык аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, Касем Сулеймани жана анын "Кудс" күчтөрү курман болгон америкалык жүздөгөн аскер жана эл аралык коалициянын аскерлери үчүн жооптуу.
АКШнын айтымында, Сулеймани Иракта жайгашкан америкалык дипломаттар менен аскерлерге каршы чабуул уюштурууга даярданып жатканда өлтүрүлдү.
Дем алыш күндөрү президент Трамп Иран кандайдыр бир аскердик аракеттерге барса, АКШ катуу жооп кайтарат деп эскертти.

Сүрөттүн булагы, AFP/etty
Өткөн жумадагы АКШнын аба соккусунан Ирактын "Катаиб Хезболла" шиит тобунун башчысы Абу Махди Мухандиз да өлтүрүлгөн.
"Катаиб Хезболла" - аскердик ирак тобу 2007-жылы Ирандын колдоосу алдында түзүлгөн. АКШнын маалыматы боюнча, "Катаиб Хезболла" Ирандын Ислам революциясы сакчыларынын корпусу менен тыгыз байланышта болуп, көп жолу жардам алып, аны коалициялык күчтөргө кол салуу үчүн колдонгон.
Анализ: АКШ менен Иран согушка барабы?

Жонатан Маркус
Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы
Дональд Трамп бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле.
Анын ордуна көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.
Маселен, Трамп башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи?
АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда.
Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Трамп администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.
Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди камтыйт. Кандай гана тирешүү болбосун, бирөө ошондой чечим кабыл алды дегенди билдирет. (AT)








