Иран өзөктүк курал боюнча келишимден баш тартты

Ирандын президенти Хасан Роухани

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын президенти Хасан Роухани

Иран 2015-жылы жетишилген өзөктүк курал боюнча келишимден баш тартканын жарыялады. Мындан ары Тегеран уранды байытуу боюнча чектөөлөргө баш ийбей, изилдөө жана өзөктүк курал жасоону улантат.

Бирок Иранга каршы санкциялар алынып, өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынса, Тегеран Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга даяр экенин айтууда.

Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы Касем Сулеймани АКШнын Багдаддагы аба соккуларынан улам өлтүрүлгөндөн кийин эки мамлекеттин мамилеси кескин чыңалды.

Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгып кетүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. Бирок бул резолюциянын мыйзамдык күчү жок. Учурда Иракта 5 миңге чукул АКШ аскерлери жайгашкан.

АКШ президенти Трамп Тегеран Сулейманинин өлүмүнөн кийин кандайдыр бир аскердик аракеттерге барса, Вашингтон катуу жооп кайтарат деп эскертип келет. Дем алыш күндөрү эки тарап бирин-бири коркутту.

2015-жылы кабыл алынган келишимде эмне каралган?

2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

Ошондой эле Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрдөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

Келишимге АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Иран кол койгон.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Иран өзөктүк куралга жете алабы?

Тегеран өзөктүк долбоору тынчтык максатында экенин айтып келген. Бирок өлкө өзөктүк курал жасоону көздөп турат деген шектен улам 2010-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкцияларды жарыялаган.

2015-жылы кабыл алынган келишимге чейин Иранда сегиз же он өзөктүк бомба жасагыдай байытылган уран бар экенин АКШ кабарланган. Америкалык адистер беш жыл мурун Иран эки же үч айдын ичинде бомба жасай алат деп айтышкан.

Бирок азыр Иран бир жылдын ичинде гана өзөктүк куралга жете алат деген жоромолдор бар. Ага карабастан уран байытуу тездесе, Тегеран жарым жылдын ичинде деле өзөктүк бомба жасап салышы ыктымал.

A view of the heavy-water nuclear reactor at Arak, Iran December 23, 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2015-жылы кабыл алынган келишимге чейин Иранда сегиз же он өзөктүк бомба жасагыдай байытылган уран бар экенин АКШ кабарланган

Эл аралык коомчулук кандай реакция кылды?

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Макрон жана Британиянын премьер-министри Жонсон Иранды келишимдин милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

"Чыңалган абалды жайгаруу жана региондогу туруктуулукту сактоо үчүн бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырабыз",- деген билдирүү таратышты.

Европа Биримдиги болсо Ирандын тышкы иштер министри Зарифти Брюссель шаарына сүйлөшүүлөргө чакырды. (AT)