Ирандын жообу: АКШнын Ирактагы базаларына ракета атылды

База США в Ираке

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын Ирактагы эки базасына ондогон баллистикалык ракеталар атылды. Муну АКШнын Коргоо министрлиги дагы тастыктады.

Ирандын мамлекеттик телеканалы генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө жооп кылганын кабарлады. АКШнын өткөн жумадагы аба соккуларынан Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөн болчу. Анын сөөгү кечээ жерге берилди.

Пентагон Ирбил жана ал-Асаддагы эки базасы бутага алынганын билдирди. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.

"АКШнын Ирактагы объекттери бутага алынганы боюнча кабарыбыз бар. Президент абалга байкоо салып, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат",-деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн кадрлар

Иран

Ирандык басылмалар америкалык базаларды көздөй 30 ракета атылганын жазды. Ислам революциясынын сакчылары корпусу америкалык базаларга генерал Сулейманинин өлүмү үчүн сокку урулганын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф "Твиттер" баракчасына өлкө мындай кадамга "өзүн коргоо максатында барды" деп жазды.

"Биз кырдаалдын курчушуна же согушка умтулуп жаткан жерибиз жок. Бирок кандай гана агрессия болбосун коргонобуз",-деди ирандык министр. Ал ошондой эле "Иран БУУнун уставынын 51 беренесине ылайык өзүн коргооо үчүн чараларына шайкеш келген чараларды кабыл алганын" белгилеген. Мунун баары "биздин жарандарга жана жогорку даражалуу чиновниктерге арамзалык менен кол салуудан улам башталды" деп жазды ирандык расмий.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Ирандын мамлекеттик телеканалы Ислам революциясынын сакчылары корпусунун билдирүүсүн жарыялап, АКШнын союздаштарына эскертүү берди. Эгерде кайсыл бир өлкө Тегеран кол салуу үчүн пайдаланылса, алар чабуулга алынат деген Ислам революциясынын сакчылары корпусу.

Ошондой эле Тегеран аскер курмандыгын алдын алуу үчүн АКШны аймактан аскер күчтөрүн алып чыгып кетүүгө чакырды. Иракта беш миңдей америкалык аскер жайгашкан.

Вашингтон

Ак үйдө коргоо министри Марк Эспердин жана мамлекеттик катчы Майк Помпеонун катышуусу менен жыйын өттү. Трамптын калкка кайрылуу жасай турганын бир катары америкалык алдыңкы телеканалдар кабарлаган эле. Бирок АКШ президенти "Твиттер" баракчасына кайрылуу шаршемби күнү жасала турганын жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

АКШнын Федералдык авиация кызматы жарандык учактардын Иран жана Ирактын аба мейкиндигинен, Перс жана Оман булуңунан учуусуна тыюу салды. (AbA)