Пандемия маалында өкмөт шалаакылык кылганбы? Италияда премьер-министр суракка чакырылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Италиянын Бергамо шаары коронавирустан катуу жабыр тарткан аймактардын бири. Бул жерде Covid-19 илдетинен каза тапкандардын жакындары өкмөттү шалаакылыгы үчүн айыптап, иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда. Премьер-министр Жузеппе Конте суракка чакырылды. Корко турган эч нерсе жок, деди премьер.
Коронавирустун очогу болгон Бергамо сыяктуу аймактарга карантин чараларын эрте киргизсе болот эле деген нааразылыктар айтылууда. Бийликти ошондогу аракети чабал болду деп айыптап чыгышты.
Бейшембиде шаардык прокуратурага 50 арыз келип түшкөн. Арызды Noi Denunceremo коомдук уюму берди. Вирустан каза тапкандардын жакындары Ломбардиядагы эки шаарды - Альцано-Ломбардо менен Немброну вирус белгилүү болоору менен эле кызыл зонага айлантуу керек болчу деп доомат коюп жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул пандемияга байланыштуу чогулуп доо койгон Италиядагы биринчи учур болуп калды. Ломбардияда оппозициядагы оңчул партия жергиликтүү бийликти түзгөн. Көптөр жергиликтүү бийлик коронавирус менен күрөштө чачкын жана натыйжасыз аракеттенди деп сынга алууда.
Прокуратура премьерден сырткары ички иштер министри Лучану Ламоржезени жана саламаттыкты сактоо министри Роберто Сперанцини да суракка чакырат.
Европада коронавирус алгач Ломбардияда белгилүү болгон. Италиядагы өлүм-житимдин жарымы ушул аймакка мүнөздүү.
Катаал чектөө чаралары гана жаңы учурларды тизгиндей алды.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Мага белгилүү фактылардын баарын абийирим менен айтып берем. Кабатырланган жокмун, кандай гана иликтөө болбосун колдойм. Жарандар баарын билгенге укугу бар, биз жооп бергенге укуктуубуз",-деди премьер-министр Жузеппе Конте. (AbA)








