Күнүгө он миңден кем эмес: коронавирус Орусиянын тынчын кетирди

Сүрөттүн булагы, Artyom Geodakyan/TASS
Орусияда бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 10 598 учуру катталып, 113 киши каза тапты. Баш калаа Москвада 4748 жаңы учур белгилүү болду. Өлкө боюнча коронавируска кабылгандардын жалпы саны 262 843 кишиге жетип, 2 418 бейтап каза тапты.
11-майда эң жогорку көрсөткүч катталган. Анда бир суткада 11 656 жаңы учур аныкталган эле. Эртеси күнү Орусия вирус жуктургандар саны боюнча АКШдан кийинки эле экинчи орунга чыгып калды.
Роспотребнадзор жетекчиси Анна Попова кече эле Орусия вирустун тароосун токтотту деп билдирген. Ал 11 күн жогору болгон көрсөткүчтөр төмөндөйт деп айткан.
Ошол эле маалда Москванын мэри Сергей Собянин коронавирус инфекциясынын тездик менен тароо коркунучу борбор шаарда сакталып турганын эскертти.
Эки күн мурун президент Владимир Путин коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн киргизилген каникулдун мөөнөтү бүттү деп жарыялаган. Каникулдар алты аптага созулду.
"12-майдан тарта бүт өлкө боюнча жана экономиканын бардык тармактары боюнча жумушсуз күндөрдүн мөөнөтү жыйынтыкталды. Бирок эпидемия менен күрөш жыйынтыктала элек. Анын коркунучу сакталып турат. Кырдаал салыштырмалуу жакшы делген аймактарда дагы коркунуч бар",- деди президент Путин.
Мындан кийинки чектөө чаралары тууралуу эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү чечим кабыл алат. Москванын мэри Сергей Собянин изоляция режимин майдын соңуна чейин узартууну чечти. Ушундай эле кадамга өлкөнүн башка региондору дагы барууда. Жарандарга беткап жана колкап кийип жүрүү милдеттендирилди. Собянин москвалыктарды массалык түрдө тесттен өткөрүүнү буйруду.
Путиндин басма сөз катчысы коронавируска кабылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
12-майда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымат агенттиктерине коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жатканын билдирген.
"Ооба, дарыланып жатам",- деп жооп берген абалын сурап кайрылган Интерфакс агенттигине. Ал ооруканада дарыланып жатканын РИА Новости дагы жазып чыкты. Песковдун жубайы Татьяна Навкадан дагы коронавирус аныкталган. Орусиялык басылмаларга "үй-бүлөсүнө коркунуч келтирбеш үчүн ооруканага жатышканын" айтып берген. "Бизде баары жайында" деген Песковдун жубайы.
"Жалпысынан акыбалым жакшы. Эки күндө өзүмө келдим, азыр эч кандай оорунун белгилери жана температура жок. Биз мыкты дарыгерлердин кароосундабыз, баары жайында. Дмитрий Сергеевич экөөбүз дарыланууну улантып жатабыз",- деген Навка.
Мындан мурун коронавирус инфекциясын орус өкмөтүнүн үч мүчөсү, анын ичинде премьер Михаил Мишустин жуктуруп алганы айтылган.
Путин апрелден бери Ново-Огареводогу резиденциясында изоляция режиминде иштеп жатат. Ал 9-май күнү карантин режимин бузуп, "Өчпөс отко" таазим этип, Жеңиш майрамы менен куттуктап, кайрылуу жасаган эле. Путин бул күнү Кремлге да барды. Ага чейин бир ай коомчулуктун алдына чыккан жок. (AbA)












