Covid-19: дүкөндөрдөгү ажиотаж. Эмне үчүн кишилер дүрбөлөң түшүүдө?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коомдук сайттарда азык-түлүк түгөнүп, бош калган дүкөндөрдүн жана узун кезекте турган кишилердин сүрөттөрү жайнап чыгууда.
Австралияда, АКШ, Түштүк Африкада, Британияда жана Орусияда азык-түлүк жетпей жатканы тууралуу айтып жатышат.
Ушул panic buying же керектөөчүлөрдүн дүрбөлөңү дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүндө ар башка болду.
Төмөндө көрсөтүлгөндөргө бардык өлкөлөрдө муктаждык көп жаралган:
- Антибактериалдык каражаттар жана кол жууй турган самын
- Даараткана кагазы жана салфетка
- Узак мөөнөткө чейин сакталган сүт
- Макарон
- Жашылча-жемиш консервасы
- Күрүч
- Дары-дармектер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бийликтер керектөөчүлөрдү дүрбөлөң түшпөөгө чакырып жатат.
Ажиотаж көп өлкөлөрдүн өкмөттөрүн аргасыз чара көрүүгө түрттү.
Бейшембиде Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон жарандарга кайрылып, мынча көп товарларды сатып алууну токтоткула деп айтты.
"Токтоткула. Бул акылсыздык, эч кандай жардам бербейт",-деди Моррисон. Кишилердин мындай жүрүм-турумуна "иренжигенин" кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Моррисон алты кишиден көп чогулууга тыюу салынганын жарыялап, мындай чаралар "кеминде алты айга чейин уланышы мүмкүн" экенин эскертти. "Балким андан көпкө..."
Австралиялык супермаркеттердин биринин кассири кишилер дүкөндө бири-бирин стресс кылып жатат, деп айтып берди Би-Би-Сиге.
"Мен эгоизм, агрессия, расизм, сабырсыздыкты жана бири-бирине болгон урматтоонун жок экенин көрдүм",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Психологдор мындай абал кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүн эмес деген сезимден улам жаралууда. Коронавирус тууралуу жаңылыктардан улам кишилер өзүн жоготуп жатышат.
"Тынчсыздануу сезими белгисиздикти күтүүдөн улам жаралат. Коронавирус мына ушундай абалды жаратууда, бирок макро-масштабда", -деп айтып берди Би-Би-Сиге Mind кайрымдуулук уюумунун өкүлү. (AbA)










