Идлибде кандай күчтөр бар? Түркия кимди коргоп жатат?

Сүрөттүн булагы, AFP
Дамаск менен Москва Идлибдеги "деэскалация аймагындагы" чабуул боюнча түшүндүрүүдө. Эксперттердин пикиринде, Идлибди радикалдуу топтор көзөмөлдөйт. Бирок алардын тагдыры Эрдогандын башкы максаты эмес.
Идлибде кандай күчтөр Башар Асадга жана союздаштарына каршы туруп жатат? Эмне үчүн түрк армиясы бул топтор менен бир катарда болуп калды?
2018-жылы сентябрда Орусия, Түркия, Иран Идлибдин аймагында ок атышууну токтотуп, коопсуз тилке түзүү боюнча келишимге жетишкен. Бул тилкенин ичинде Түркиянын жоопкерчилиги менен акырындап жихадчылардын үстүнөн жеңишке жетүү болжонгон.
Бирок чынында баары башкача болуп чыга келди.
"Хайат Тахрир ал-Шам"
"Хайат Тахрир ал-Шам" (ХТШ) - ислам радикалдарынын коалициясы, көп өлкөлөрдө террористтик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мурда бул топ "Жабхат ал-Нусра" же "Ал-Нусра фронту" аталып, "ал-Каиданын" Сириядагы бөлүмү катары эсептелген.
"Учурда Идлиб аймагынын алтымыш пайызын "Хайат Тахрир ал-Шам" тобу көзөмөлдөйт. Бул топ мурда "ал-Нусра Фронт" деп аталчу жана экстремисттик "ал-Каида" тобу менен байланышы бар. "Ал-Нусра Фронтун" саясий оюнчуга айлантуу жана эл аралык санкцияларга кабылбоо максатында, топтун башчысы Абу Мухаммад ал-Жулани 2016-жылы июль айында радикал "ал-Каида" тобу менен байланышын үзгөн. "Хайат Тахрир ал-Шам" тобу саясий жана башкаруу таасирин кеңейтүү үчүн Идлибдеги жарандык коом түзгөн "Куткаруучу өкмөт" кыймылы менен чогуу иш алып барды. Алар аймакта таза суу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка негизги кызматтарды тургундарга жеткиришти",-дейт Дин жана саясат изилдөөчү Уран Ботобеков.
Каршылаштары болсо, топтун идеологиясы мурункудай эле калган деп эсептейт.
"Алар "ал-Каиданын" туусу алдында аракеттенет. "Ал-Каиданын" ыкмаларын колдонот",-деди Би-Би-Сиге Башар Асаддын тарапташтарынын бири, сириялык депутат Фарес Шехаби.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сириядагы абал боюнча БУУнун январдагы докладында ХТШ жоочуларынын саны 12-15 миңдин тегерегинде деп айтылат. Булар Идлибдеги Асаддын армиясына жана орусиялыктарга, Иранга каршы туруп жаткан күчтөрдүн эң эле күжүрмөнү саналат.
ХТШ - Сочиде Идлиб боюнча келишим кабыл алынып жаткан маалда эң таасирдүү күчтөрдүн бири эле. Андан бери дагы бир топ чыңалды. Атаандаштары менен куралдуу кагылышуулардан кийин, Идлибдин дээрлик бардык аймагын (Асаддын армиясы ээлей элек) көзөмөлдөйт .
"Улуттук боштондук фронту"
"Улуттук боштондук фронту" - Түркия куралдандырып, каржылаган топтордун коалициясы. Өткөн күз айында "Улуттук боштондук фронту" формалдуу түрдө "Сириянын улуттук армиясына" (мурдагы "Сириянын эркин армиясы") кошулган. Бул ири куралдуу уюшма түркиялык армия менен чогуу күрд кошуундарына каршы согушкан.
АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, "Улуттук боштондук фронту" жана башка Түркияга ыктаган топтордун катарында 22 миңден 50 миңге чейин аскери бар. Бирок америкалык айрым аналитиктер "Улуттук боштондук фронтуна" салыштырганда, "Хайат Тахрир ал-Шам" тобу бир топ күчтүү деп эсептейт. Мындай пикирди америкалык The Century Foundation аналитиги Арон Лунд билдирди.

Сүрөттүн булагы, AFP
Чет жерликтер
Ушул аты аталган эки коалициядан сырткары Идлибде анчейин чоң эмес түрдүү топтор аракеттенет.
Эксперттер алардын эң эле белгилүүсү - "Хуррас ад-Дин" ("Ишеним коргоочулары") деп эсептейт. "Хайат Тахрир ал-Шам" уюмунан бөлүнүп калган топту көптөр "ал-Каиданын" Сириядагы "мураскору" катары көрөт. Көпчүлүк өлкөлөр бул уюм террористтик деп тапкан.
"Хуррас ад-Дин" уюмуна байкоо салган эксперттер зарыл учурда ХТШ менен чогуу аракеттенерин байкаган. Булардын саны БУУнун январдагы докладында 3500-5000 киши деп көрсөтүлгөн.
Андан сырткары Идлибде "Хайат Тахрир ал-Шамдын" союздашы саналган "Түркистан Ислам партиясы" бар.
"Бул топ 1980-жылдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда "Чыгыш Түркистан Ислам кыймылы" деп аталган. Жихадчыл топ атын "Түркистан Ислам партиясы" деп өзгөртүп, 1997-жылдан бери Ооганстанда иш алып барганы маалым. Бул топ "ал-Каида" жана "Талибан"кыймылы менен тыгыз мамиледе. 2012-жылы уйгур согушкерлери Идлиб аймагына көчүп келип, Сириянын өкмөт күчтөрү менен салгылашууларды жүргүзүүдө. Идлиб провинциясындагы Жиср ал-Шугур шаарында сегиз миңден он миңге чейин уйгур согушкерлери бар экени айтылууда",-дейт Уран Ботобеков.
"Түркистан Ислам партиясы" көп өлкөлөрдө террористтик уюм деп жарыяланып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын катарында өзбек жоочуларынын бригадасы бар. Ошондой эле эксперттер Сирияга келген чет жерликтер, тажик, чечен жана башка жихадчыл чет өлкөлүктөр дагы ушул топтун катарына кирген деп эсептейт.
Асаддын өкмөтү Идлибдеги чет жерлик жоочулар санын 30-40 миң деп белгилейт. Бирок британдык Королдук институттун изилдөөчүсү Рафаэлло Пануччи бул сандарды өтө эле ашырылган деп эсептейт.
"Үй-бүлөсү менен санаганда дагы алар бир нече миңдин тегерегинде эле болушу керек",-деди Пануччи Би-Би-Сиге.
Түркия эмне үчүн согушуп жатат?
Идлибде Асаддын режимине каршы күрөшкөн куралдуу жихадчылар жана башка каршылаштары он миңдеп саналат. Бирок аймакта жашаган калктын саны алардан эселеп көп эмеспи. БУУнун маалыматына караганда, аймакта үч миллион чамалуу киши бар. Алардын ичинен миллионго жакыны балдар.
Өткөн жыл соңунда Асаддын армиясы жана союздаштары чабуулга өткөндөн бери Идлибдин ички аймактарынан миллион чамалуу качкын түрк чек арасын көздөй агылды.
Түркия болжолдуу маалыматтарга караганда, Сириядан келген 3,7 млн качкынды кабыл алган.
"Түрк коомундагы күчөп жаткан нааразылык Эрдоганды өлкө качкындарды мындан ары кабыл алууга чамасы жетпейт деп айтууга аргасыз кылды",-деп жазат Financial Times.
Түркиянын Идлибди коргоп жаткан аракеттеринин дагы бир маанилүү себебин айрым талдоочулар Эрдоган күчтүү жана чечкиндүү лидер катары өзүн көрсөткүсү келгендиги менен байланыштырат. Эрдоган Сириядагы сунниттерди Асаддын шиит бийлигенен коргоп жатканын көрсөтүүдө.
Качкындар жана күчтүү лидердин беделин кармоо - мунун баары Идлиб, жалпы эле Сирия менен байланышкан көйгөйлөр серепчилердин көбүнүн баамында авторитаризмге жана популизмге жакын Эрдоган үчүн ички саясий проблема, анын өзүнүн жеке популярдуулугу жөнүндө маселе болуп саналат. Ошондуктан Идлибдеги союздаштар кандай идеологияны карманат жана кандай эл аралык тизмеде жүрөт, анын баары Түркиянын президенти үчүн экинчи маанидеги маселе. (AbA)








