Ымыркайды колуна алып, жыйын өткөргөн спикер

Жаңы Зеландия парламентинин спикери Тревор Малларддын ымыркайды алдына алып, жыйын өтүп жатканда тартылган сүрөтү коомдук сайттарда чоң популярдуулукка ээ болду.

Жаңы Зеландия парламентинин спикери Тревор Маллард

Сүрөттүн булагы, New Zealand Parliament

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы Зеландия парламентинин спикери Тревор Маллард

Маллард балага бөтөлкө менен сүт берип, аны менен ойноп олтурганча эле, жыйынды алып барган.

Ырымкай парламент депутаты Тамати Коффинин уулу болгон. Кумсалар Коффи менен Тим Смиттин баласын июлда карын эне төрөгөн. Бирок ымыркайдын биологиялык атасы Коффи.

Декреттик эмгек өргүүсүнөн кийин Тамати Коффи шаршемби күнү биринчи жолу ишке чыккан жана баласын өзү менен ала келген.

Маллард өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына: "Адатта спикердин ордуна төрага гана отурат. Бирок бүгүн менин жанымда VIP-конок бар. Тамати Коффи жана Тим Смит, үй бүлөңөргө дагы бир мүчө кошулгандыгы менен куттуктайм",-деп жазды.

Кийинчерээк жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде Коффи жашоосундагы өзгөчө учурда парламенттеги кесиптештеринин колдоосун сезгендигин айткан.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Парламент өкүлдөрү жыйынга ымыркайын көтөрүп келген учурлар дүйнө өлкөлөрүндө көп эле кездешет. Бирок атасынын ымыркайын көтөрүп келгени, биринчи жолу болду.

2018-жылы Улуу Британиянын парламентине либералдык-демократиялык партиядан депутат болуп келген Жо Суинсон ымыркай баласы менен келген.

Сенатор Лариса Уотерс

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралия парламентинин сенатору Лариса Уотерс

Суинсон бул күтүүсүздөн болгонун айткан. Ал тыныгуу учурунда баласын эмизүү үчүн барган. 11 айлык Габриэль энесинин кучагында уктап калгандыктан, жыйындар залына баласы менен киргенге аргасыз болгон.

2017-жылы Австралия парламентинин сенатору Лариса Уотерс баласын жыйындар залында олтуруп эмизген.

Өткөн жылдын сентябрында Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына алгачкы жолу катышуу үчүн барып, үч айлык кызын колуна алып олтурган. (VA)