Эне сүтүнүн дагы бир керемети
Эненин сүтү ымыркайдын убакытты аңдап билүүсүнө жардам берет дейт окумуштуулар. Балалуу кишилер же бала баккандар ымыркай алгачкы апталарда күн менен түндү ажырата албасын жакшы түшүнөт. Мындай таанып-билүү төрөлгөндөн бир нече аптадан кийин гана калыптанат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Окумуштуулар ымыркайга бул учурда эне сүтү чоң жардам берерин аныкташкан. Анткени эненин сүтү күндүн кайсыл маалы экенине карап, өзгөрүп турат. Эрте менен ымыркайды сергек кылат, кечинде болсо аны тынчтандырган касиетке ээ.
Маселен, эрте мененки эне сүтүнүн курамында гормондогу кортизолдун (тез реакцияга жооп берет) деңгээли кечиндегиден үч эсе көп болот. Ошол эле учурда "уйкунун гормону" атыккан мелатонин күн бою сүттүн курамында өтө төмөн болуп, кечинде гана тездик менен көбөйө баштайт. Түн ортосунда эң жогорку чегине жетет.
Дагы толтура айырмачылыктар бар. Бирок окумуштуулар алардын ымыркайдын ден соолугуна кандай таасир этерин кеңири иликтеп бүтө элек.
Окумуштуулар мүмкүн болсо ымыркайды эне сүтү менен гана торолтуу керек деп кеңеш берип келишет. Эне сүтүндө организмди зыяндуу заттардан сактоочу атайын белоктор болгондуктан, эмчек эмген балдар аз ооруйт.
Улуу Британиянын саламаттык сактоо уюму баланы эне сүтүнөн баш тартканча эмизүүнү кеңеш кылат.
Көпчүлүк учурда энелер балдарын алты айга чейин эмизип, андан кийин кошумча тамакка көндүрөт. Улуу Британияда 80 пайыз энелер жаңы көз жаргандан кийин балдарын эмизүүгө аракет кылат. Бирок бир нече аптадан кийин көпчүлүгү эмчектен чыгарып салат. Алты айлык балдардын үчтөн бир бөлүгү гана эмчек эмсе, бир жашка чыкканда мындай көрсөткүч 0,5 пайызга чейин түшүп кетет. 2016-жылы жүргүзүлгөн эл аралык иликтөөлөргө ылайык, Улуу Британияда энелердин бала эмизүүсү салыштырмалуу төмөн экени аныкталган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баланы жок дегенде эки жашка чыкканга чейин эмизүүгө кеңеш берип келүүдө. (AbA)












