Өзбекстан: Гүлнара Каримова 2028-жылга чейин камакта калышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ташкент шаардык соту Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованы 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратты.
"Гүлнара Каримова жана ал тарабынан уюштурулган уюшкан кылмыштуу топтун үстүнөн өкүм чыкты",-деп айтылат Өзбекстандын Жогорку Соту тараткан маалыматта.
Бир нече кылмыш боюнча айыпталган Каримованын жаза мөөнөтү мыйзам боюнча 2015-жылдын 21-августунан баштап эсептелет. Демек, 2028-жылга барып, жаза мөөнөтүн өтөп бүтөт.
Сот Гүлнара Каримова уюшкан кылмыштуу топту түзгөн, бюджеттик каражаттарды уурдаган, тоногон, кылмыш жолу менен алынган каражатты адалдаштырган жана "башка кылмыштар" боюнча айыптуу деп тапты. Андан башка дагы беш адамга сот өкүмү чыкты.
Каримова менен чогуу соттолгон Н. Содиков 20 жылга, О. Свиридов 17 жыл, үч айга, А. Эргашев 18 жыл, бир айга, Ш. Сабиров 17 жыл, бир айга эркинен ажыратылды. Г. Авакьян шарттуу түрдө үч жыл сыноо мөөнөтү менен 5 жыл, үч айга эркинен ажыратылган.
Гүлнара Каримованын өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү сот өкүмү боюнча пикирин билдире элек.
Сот өкүмү чыгардан эки күн мурун Гүлнаранын кызы Имон Каримова "Инстаграмдагы" баракчасына апасына каршы айыптоолор боюнча катаал жаза берүү күтүлүп жатканын жазган.
Жаңы айыптоолор
Өткөн жылдын август айында Өзбекстандын прокуратурасы Гүлнара Каримовга дагы эки кылмыш ишин козгогон. Ага "мамлекеттик каражатты уурдаган", "Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге барган", ошондой эле "опузалоо жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн тартып алган" деген айыптар тагылган.
Каримова эки мамлекеттик компаниянын "Кувасайцемент" жана "Бекабадцемент" ишканаларынын акцияларын өтө арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан, деп айтылган эле прокуратура маалыматында.
"Кувасайцемент" ишканасынын сайтында компания 2006-жылы казакстандык United Cement Group түзүмүнө киргени маалымдалган. "Бекабадцемент" дагы 2012-жылга чейин ушул компанияга таандык болгон. Бирок Ташкент облустук сотунун чечими менен аны башкаруу укугу мамлекетке өткөрүлгөн.
2011-жылы "Бекабадцемент" жетекчилигине кылмыш иши козголуп, салыкты жашыруу, мыйзамсыз өндүрүш жана экспортко жол берген деп айыпталган.
Өзбекстандын тунгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова 2013-жылдан тарта коомдук, саясий иштерге активдүү аралашты. Ал тургай аны мураскер катары дагы көрө башташкан. Көп өтпөй Каримова коомчулуктун көзүнө түшпөй калды.
Каримова коомдук сайттар аркылуу аны атасына - ошол кездеги президент Ислам Каримовго киргизбей жатышканын даттанган. Президенттик бүлөгө жакын кишилердин айтымында, 2014-жылдан тарта эле Каримова үй камагында болду.
2016-жылы Ислам Каримов каза болгондо, аны жерге берүү зыйнатына кызы катышкан эмес.
2017-жылдын 18-декабрында сот Г.Каримованы он жылга эркинен ажыратты. Кийин өкүмдү жумшартып, беш жыл беришкен.
Каримова жаза мөөнөтүн кызы Иман жашаган даректе өткөрүшү керек эле. Ага жашаган жерин таштап кетпөө, байланыш каражаттарын, анын ичинде интернетти пайдаланбоо сыяктуу чектөөлөрдү салышкан. Андан сырткары мамлекетке келтирген чыгымын төлөп берүү милдеттендирилген.
2019-жылдын март айында сот аны кайра камакка алганы белгилүү болду. "Бир нече эскертүүлөргө карабастан, Г. Каримова андан тыянак чыгарган эмес. Жаза өтөө шарттарын жана тартибин бир нече ирет бузуп, байланыш каражаттарын, анын ичинде интернетти пайдаланган. Кылмыш ишинде аныкталган зыяндын ордун толтурган эмес",- деп айтылган соттун билдирүүсүндө.
2019-жылы февралда Гулнара Каримованын уулу Ислам "Инстаграм" баракчасына тергөөчүлөр апасына басым кылып, медициналык жардам алуусуна уруксат бербей жатканын жазып чыккан. Башкы прокуратура бул айтылгандарды четке каккан эле. Каримованын дарыгерге кайрылуусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.
Абак жайга которулгандан эки күндөн кийин Г.Каримовага АКШ тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы 46 жаштагы Гүлнара Каримовага жана МТСке тиешелүү Өзбекстандагы "Уздунорбитанын" мурдагы жетекчиси 44 жаштагы Бехзод Ахмедовго карата кылмыш ишин козгойт. Экөө тең мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу үчүн кутумга барган деп айыпталган. 2001-жылдан башталып, он жылга созулган коррупциялык схема аркылуу Каримова болжолу 865 млн доллар пара алган деп айтылган билдирүүдө. АКШ прокурорлору Ахмедовду бул схеманы түзүүгө көмөктөшкөн деп айыпташты. (AbA)











