Швейцария Гүлнара Каримованын 133 миллион долларын Өзбекстанга кайтарат

Дүйшөмбү күнү Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын жакын тууганына козголгон кылмыш иштин жүрүшүндө камакка алынган 130 миллион франк ($133 миллион) Өзбекстанга кайтарыларын маалымдады.

Гулнора Каримова

Сүрөттүн булагы, Getty Images

«Ушул схема боюнча чыгып турган мыйзамсыз каражаттардын бир бөлүгү Швейцария аркылуу чыгарылган",-деп айтылат расмий маалыматта.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы Каримованын тууганы делген кишинин ысымын ачык айткан эмес. Бирок анын Өзбекстанда узак убакыт камакта болгону айтылат. Сот Каримованын тууганына 390 миң франк (400 000 АКШ доллар) айып пул салганы белгилүү болду.

«Бул киши 2004-2013-жылдары каражаттын чыккан булагын жана каякка кеткенин жашыруу максатында активдүү иштеген",-деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Ал ошондой эле акча каражаттарынын баштапкы ээси Гулнара Каримованы жашырып коюу максатында жасалма банк документтерине кол койгон деп айыпталган.

Айыпталып жаткан кишинин аты-жөнү жашыруун кармалганы менен сөз Гүлнара Каримованын жарандык никедеги мурунку күйөөсү Рустам Мадумаров жөнүндө болушу мүмкүн деген божомол бар. Ал Өзбекстанда абакта жатат.

Азыркы маалда Швейцарияда Каримовага байланышкан кылмыш иши иликтөө уланууда. Тергөөдө буга катыштыгы болгон деп, беш киши шектүү катары аталган. Ошону менен бирге дагы 650 миллион франк ($666 миллион) камакка алынган.

Мындан бир күн мурда «Гүлнара Каримованын командасы» деп аталган Instagram баракчасына Каримованын кайрылуусу жарыяланган эле.

Кайрылууда Гүлнара Каримова өткөн иштери үчүн өзүн "айыптай" турганын айтып, элден кечирим сураган. Ошондой эле президенттен ырайым сурап, Лондондогу балдарына барууга уруксат беришин өтүнгөн.

Андан сырткары Өзбекстандагы активдери тууралуу маалымат берип, 1,2 миллиард доллар каражат өкмөткө өткөнүн айтат. Ал эми Швейцарияда тоңдурулган банк эсептериндеги активдер боюнча маселе бир эле ага байланыштуу эмес экенин, буга ээлик кылуу үчүн башка кишилер дагы чуркап жатканын билдирген.

Каримованын ден-соолугуна байланыштуу дагы маалыматтар айтылып, ал жазасын өтөп жаткан Ташкент облусундагы Заңги-Ата районунда №21 аялдар абагына омбудсмен Улугбек Мухаммадиев барып келгени белгилүү болду. Расмий маалыматта Каримова медициналык жардамдарды өз убагында алып жатканы айтылат.

Каримовага бир нече берене менен айып тагылып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Өткөн жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүү кепилдигин өзүнө алгандыгы үчүн сот тарабынан жазасы беш жылга кыскарып, үй камагына чыгарылган болчу.

Сот Каримовага жашаган дарегин таштап чыгып кетпөө, интернет жана башка байланыш каражаттарын пайдаланбоо, келтирген зыянды мамлекетке кайтаруу сыяктуу милдеттенмелерди жүктөгөн. Үй камагын Каримова кызы Имандын үйүндө өткөрүп жатканы айтылган.

Ушул жылдын март айында сот аны кайра камакка алганы белгилүү болду. "Бир нече эскертүүлөргө карабастан, Г. Каримова андан тыянак чыгарган эмес. Жаза өтөө шарттарын жана тартибин бир нече ирет бузуп, байланыш каражаттарын, анын ичинде интернетти пайдаланган. Кылмыш ишинде аныкталган зыяндын ордун толтурган эмес",-деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Февралда Гулнара Каримованын уулу Ислам "Инстаграм" баракчасына тергөөчүлөр апасына басым кылып, медициналык жардам алуусуна уруксат бербей жатканын жазып чыккан. Башкы прокуратура бул айтылгандарды четке каккан эле. Каримованын дарыгерге кайрылуусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.

Каримова 2013-жылдан тарта өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү аралаша баштады. Ал тургай аны президенттин мураскери катары көрүшкөн. Бирок кийин эл көзүнө көп урунбай калды.

Кийин өлкө президентине (Ислам Каримовго) - атасына киргенге мүмкүнчүлүк бербей жатышканын коомдук сайттар аркылуу даттанып жазып жүргөн. Жакындарынын айтымында, 2014-жылдан баштап Кармиова үй камагында кармалган.

2016-жылы Ислам Каримов каза болгондо кызы тажиясына катышкан жок.

2015-жылдын август айында Ташкент соту Гулнара Каримованы "салыкты жашырган", "опузалап акча талап кылган" жана башка кылмыштар менен беш жылга эркинен ажыратат. Кийин "чет элдик валютаны жашырган", "көз боёмочулук кылган", "бажы мыйзамдарын бузган", "кылмыш жолу менен табылган кирешесин мыйзамдаштырган" деген дагы бир кылмыш иши козголду.

Бул эки кылмыш ишиндеги мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млрд долларга чамалайт. (AbA)