АКШ: Усама бин Ладендин уулу Хамза өлтүрүлдү

Hamza Bin Laden

Сүрөттүн булагы, CIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик департаменти Хамза бин Ладен "Ал-Каида" террордук уюмунун лидерлеринин бири деп билдирген

АКШнын чалгын кызматы "Ал-Каида" уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулу Хамза өлтүрүлдү деген маалымат таратты.

Маалыматта Хамза бин Ладен каякта жана качан өлтүрүлгөнү так жазылган эмес. Февраль айында АКШнын өкмөтү Хамзанын жайгашкан жери боюнча маалымат берген кишиге 1 млн. долларга чейин сыйлык убада кылган.

Болжолу отуз жаштагы Хамза аудио менен видео кайрылуу жасап, АКШ жана башка өлкөлөрдө террордук чабуул уюштурууга чакырган болчу.

АКШнын мамлекеттик департаменти Хамза бин Ладенди "эл аралык террорчу" деп жарыялап, "Ал-Каида" уюмунун негизги башчыларынын бири деп билдирген. Ага карабастан Хамза тууралуу маалымат өтө аз.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон журналисттердин Хамза бин Ладенди тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Presentational grey line

Хамза бин Ладен тууралуу эмне белгилүү?

2001-жылы 11-сентябрдагы Нью-Йорк менен Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин Усама бин Ладен издөөгө алынган. 2012-жылы Хамза бин Ладен жазган поэмалар интернетке жарыяланып, анда Хамза аргасыз жер которгон жаш бала жана анын алдындагы коркунучтарды сүрөттөгөн.

Жашы өткөн сайын Хамза "Ал-Каида" уюмунун аракеттерине аралаша баштаганы белгилүү боло баштады. 2011-жылы АКШнын аскерлери Пакистанда Усама бин Ладенди жашынган жеринен таап, атып өлтүргөндө, Хамза дагы жок кылынды деген маалымат тараган.

Кийин тинтүү учурунда Хамза эмес, Усама бин Ладендин башка уулу Халид өлтүрүлгөнү тастыкталат.

Osama Bin Laden near Kabul in 2001

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ал-Каида" террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладен

2015-жылы август айында Хамза кайрадан жаңылыктардын башында турду. Анда "Ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири Хамзаны террордук топтун мүчөсү катары тааныштырып, ага "азуусу чыккан арстан" деген мүнөздөмө берген. Видеодо Хамза өзү дагы сөз сүйлөп, Кабул, Багдад жана Газадагы "Ал-Каида" мүчөлөрүн АКШ, Британия, Франция жана Израилде террордук чабуул уюштурууга чакырган.

Ошондой эле Хамза Сауд-Арабиядагы жаштарды "Ал-Каидага" кошулууга жана өлкө бийлигин кулатууга үндөгөн. Террордук топко дал ушул өкөдөн эң көп сандагы жаштар кошулат.

2017-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы "Ал-Каиданын" лидери Усама бин Ладендин компьютеринен табылган файлдардын дагы бир бөлүгүн жарыялаган. Алардын арасында Хамзанын үйлөнү тоюнда тартылган видеодо да бар болчу.

Screen grab of Hamza's wedding

Сүрөттүн булагы, CIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жарыялаган видеодо Хамза бин Ладендин үйлөнүү тою көрсөтүлөт

Видео Иранда тартылган болушу мүмкүн деп болжонгон. Бир сааттык тасмада Хамзаны сакал-мурутчан, килемдин үстүндө бир топ кишилердин курчоосунда олтурганы көрсөтүлгөн. Бин Ладендин өзү тасмага түшкөн эмес, бирок катышып олтургандардын бирөөсү "күйөө баланын атасы" уулунун үйлөнүп жатканына сүйүнүп отурганын жана "анын кубанычы башка можахеддерге тараганын" айтат.

Британ парламентинин өкүлү Патрик Мерсер Хамза бин Ладенге "террордун мураскери" деген мүнөздөмө берген. Эксперттер болсо Хамза "Ал-Каиданын" лидерлигине мураскер болушу мүмкүн деп айтышууда.

Ал ортодо АКШнын расмийлери Усама бин Ладендин сүймөнчүк уулу, 29 же 30 жашка толгон Хамза "Ал-Каида" уюмунун кайра күчтөндүрүүгө кудурети жетет деп жоромолдошууда. (AT)