"Усама бин Ладендин жансакчысы" Германияда жөлөк пул алат

Sami A - file photo

Сүрөттүн булагы, Funke Foto Services

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Сами А" жихадчыларга байланышы жок экенин айтып келет

Усама бин Ладендин жансакчысы деп шектелген тунистик киши 1997-жылы Германияга жер которгон. Ал өкмөттөн айына 1,168 евро жөлөк пул алат.

Ашынган улутчулдардын колдоосуна ээ болгон "Германия үчүн альтернатива" партиясы "Сами А" аттуу адам тууралуу маселени көтөргөндө, жергиликтүү бийлик бул киши тууралуу жана ал канча жөлөк пул алаарын коомчулукка жарыялаган.

Германиянын медиасы "Сами А" аттуу Усама бин Ладендин жансакчысы деп шектелген адамдын толук ысымын коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам кабарлаган жок.

"Сами А" жихадчыларга байланышы жок экенин айтып келет. Тунистик адамдын коопсуздугунан улам Германия аны депортациялоо мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган.

Bin Laden file pic from 2011

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2011-жылы АКШнын атайын аскерлери Усама бин Ладенди Пакистанда атып өлтүрүшкөн

Усама бин Ладен "Аль-Каида" уюмунун башчысы болуп турганда, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорк жана Пентагондогу кол салууларды уюштурган. Бин Ладенди АКШнын атайын аскерлери 2011-жылы Пакистанда атып өлтүрүшкөн.

АКШда кол салууга катышкан учкучтардын үчөө Германиянын Гамбург шаарындагы "Аль-Каида" уюмуна таандык түйүндүн өкүлдөрү экени аныкталган болчу.

2005-жылы террордук топторго мүчө катары шектелген соттук угууларда, күбөлөрдүн бири "Сами А" аттуу адам 2000-жылдары Усама бин Ладендин жансакчысы болгонун айтып берген. "Сами А" дооматтарды четке какканы менен, сот күбөнүн көрсөтмөсүнө ишенген.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

"Сами А" Германияда төрт баласы жана жубайы менен жашайт. Ал 2007-жылы Германиядан башпаанек сураган. Бирок ал коопсуздукка коркунуч жаратканы үчүн Германиянын бийлиги башпаанек берүүдөн баш тарткан. "Сами А" күн сайын полицияга келип турушу керек.

Германиянын өкмөтү жихадчыларга тиешеси бар деп шектелген адамдар депортация болгондон кийин өз мамлекетинде кыйноого алынганын айтат. (AT)