Гонконгдо полиция бекетине күйүүчү гранат ыргытышты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Гонконгдо полиция бекетине күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытышты. Жекшембиде болгон көп миңдеген киши катышкан кезектеги каршылык акциясы полиция менен кагылышууга алып келди.
Гонконгдун бийликтери коомдук тартип бузулат деп чочулап, 20-октябрга пландалган каршылык маршын өткөрүүгө уруксат беришкен эмес.
Ошого карабастан, каршылык кыймылынын эң активдүү адамдары көчөгө чыгышты.
Алардын бир чакан тобу Чимсачей районунда полиция бекетине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Натыйжада бекеттин эшиги күйүп баштады. Полиция өз кезегинде демонстранттарды кууп таратыш үчүн көз бууган газ колдонуп, суу менен аткылады.
Актвиисттер дүкөндөрдүн жана баш кеңсеси Пекинде жайгашкан банктардын эшик-терезелерин талкалашты.
Гонконгдогу каршылык акциялары төрт айдан бери токтобой жатат.
Ар бир жекшембиде миңдеген адамдар көчөгө чыгууда. 1-октябрда полиция демонстранттарга каршы биринчи жолу согуштук курал колдонду. Евробиримдик ошол убакта зомбулук менен тирешүүнү токтотууга чакырды.
Демократияны коргоо үчүн каршылык акциялары Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү материктеги Кытайга экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршылыктан башталган. Андан кийин демонстранттардын талаптары дагы көбөйүп кетти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, 50 жылдык мөөнөткө Кытайдын атайын административдик районунун макамын алган. 1997-жылдан берки Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле. Британия Гонконгду өзгөчө укуктар менен Кытайдын башкаруусуна өткөрүп бергенде ушундай чоң жүрүштөр орун алган.
Нааразылык акциялар эмнеден башталды?
Гонконгдо төрт айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна миллиондогон адам каршылык билдирип чыкты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алышкан.
Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.
Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок. Демонстранттар полициянын ашыкча күч колдонду деп айыптоодо.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Учурда экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошондой эле каршылык митингисине чыккандар Гонконгдун башкаруучусу Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда. (AT)












