Гонконгдо кайрадан кагылыш

Сүрөттүн булагы, Reuters
Гонконгдо шаардын Британиядан Кытайга өткөнүнүн 22 жылдыгы белгиленип жаткан учурда каршылык демонстрациясына чыккандар менен полиция кайрадан кагылышты. Полиция демонстранттарга каршы көз ачыштырган газ менен союлдарды колдонду.
Демонстранттар дүйшөмбүдө желекти көтөрүү салтанатын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Жылда бир жолу шаардын Кытайга өткөнүнүн урматына салтанат өткөрүлүп, Кытайдын желеги көтөрүлүп турат.
Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн көз ачыштырган газ чачып, союлдарды колдонду. Жарадар болгондор бар экени айтылууда.
Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, 50 жылдык мөөнөткө Кытайдын атайын административдик районунун макамын алган.
Гонконгдо бир айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна миллиондогон адам каршылык билдирип жатат.
Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда.
Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок.
1997-жылдан берки Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле. Британия Гонконгду өзгөчө укуктар менен Кытайдын башкаруусуна өткөрүп бергенде ушундай чоң жүрүштөр орун алган.
Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Каршылык митингисине чыккандар башкаруучу Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда. Алар ошондой эле экстрадиция жөнүндө мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, 12-июндагы окуяларды козголоң деп атоону токтотууну, кармалган активисттердин баарын бошотууну жана полициянын күч колдонгон фактыларын иликтөө жөнүндө талаптарын коюп жатышат. (КС)













