Грециядагы катуу шамал алты туристтин өмүрүн алды
Грециянын түндүгүндөгү Халкидики жарым аралында кечинде болгон катуу шамал эс алуу жайын будуң-чаң кылды. Салоники шаарынан алыс эмес жерде эс алып жаткан туристтердин алтоо кырсыктан каза таап, 30дай киши жаракат алган.
Катуу шамал менен келген жамгыр жана бороон-чапкын үйлөрдүн чатырын учуруп, унааларды оодарып салган. Суу ташкындап, мейманканаларды каптаган. Аймакка чукул кырдаал абалы киргизилди. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иш алып барууда.
Каза тапкандардын арасында орсиялык турист жанан анын эки жаштагы баласы да болгонун жергиликтүү басылмалар жазууда. Катуу шамалда алар даракка барып урунушкан. Чехиядан келген жубайлар унаада баратып, шамалдан улам аласалып кеткен. Үйдүн чатыры кулап, румыниялык аялды кызы менен басып калган экен.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Reuters
Аймакта күн катуу ысып, +37 градуска жеткен эле. Эки күн катуу ысыгындан кийин, аба-ырайы кескин өзгөргөн.
"Катуу шамал кайдан келгенин дагы элес албай калдык. Жээк заматта капкараңгы болуп, жарык өчүп калды. Эс алып жүргөндөр баш оогон жакка чуркап, жээктен алыс кетүүгө аракет кылышты",-деп айтып берди Би-Би-Сиге англиялык турист Эмили Кишту.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мейманкананын кызматкерлери аны үч жана беш жаштагы балдары менен бирге жээктеги барлардын бирине жөнөткөн. "Ал жерде жаш балдар көп экен, ыйлап, өтө коркуп калышыптыр",-деди Эмили.
Катуу шамал 20 минутага созулган. (AbA)









