Европада рекорддук аба ырайы күтүлүүдө

Бул аптада европалык өлкөлөрдө рекорддук аба ырайы күтүлөт.

Мээ сызгырган 35 градус ысыктан улам көптөгөн париждиктердин эрмеги шаардагы фонтандар болуп калды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээ сызгырган 35 градус ысыктан улам көптөгөн париждиктердин эрмеги шаардагы фонтандар болуп калды

Метеорологдордун божомолунда абанын температурасы Европанын батыш тарабында 40 градуска жетет. Буга Испаниядан Швейцарияга чейинки бир катар өлкөлөр кабылат.

Апта башында Франция менен Италиянын айрым аймактарында күн катуу ысыды.

Адистер аба-ырайындагы мындай аномалдуу көрүнүштү - шамалдын багыты Сахарадан Европаны көздөй келип жатканы менен түшүндүрүүдө.

фонтан тегеректеген балдар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Парижде температура 34 градуска жетип, улам көтөрүлүп баратат. Шаар бийлиги кошумча фонтандарды ишке киргизип, иче турган суу менен камсыздоо, жана имараттарды жана парктарды кондиционер менен жабдуу жагын колго алууда.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, AFP

Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бул аптадагы экзамендердин баарын жылдырды.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, AFP

Франция президенти Эммануэль Макрон кары-картаңдарга, оорулуу кишилерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

карыя аял

Сүрөттүн булагы, AFP

Италиянын борбордук жана түндүк бөлүгүндө күндүн ысыгы 37ден 40 градуска чейин жетти. Римде, Флоренцияда, Милан жана Турин сыяктуу жети шаарда бул айда рекорддук жогорку температура күтүлүп жатат.

суу ичип жаткан кыз

Сүрөттүн булагы, AFP

Римдин бийлиги шаардагы фонтандарга сууга түшкөнү үчүн сегиз туристке 450 евро айып пул салганга жетишти. Шаарда муздак суусундуктарга болгон талап кескин жогорулады.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, AFP

Немис метеорологдору Франкфуртта күн катуу ысыйт деп эскертти. 1947-жылдан бери биринчи жолу июндук рекордду (38,2°С ) жаңыртат.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, EPA

Ысык аба-ырайы айрым скандинавиялык өлкөлөргө дагы жетти. Бул аптада Дания жана Швециянын түштүгүндө температура 30 градуска жетет. Бул кышы суук, жайы салкын болгон өлкөлөр үчүн өтө эле жогору температура.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, AFP

Эксперттер барган сайын мындай ысык аба ырайы Европа үчүн көнүмүш боло берет деп эскертүүдө. Глобалдык жылуулукка каршы күрөш күчөгөнүнө карабай ушундай болот.

ысык аба ырайы

Сүрөттүн булагы, AFP

Мурунку аномалдуу ысык Европада 2003-жылы катталган. Анда ысыктан болжолу 20 миң киши каза тапкан. (AbA)

***