Ким Чен Ындын "оң колу" кайрадан Вашингтондо

Сүрөттүн булагы, EPA
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын "оң колу" аталган генерал Ким Ен Чол Вашингтонго келгени кабарланууда. Ал Түндүк Кореянын лидеринен АКШнын президентине кат ала келди.
Генерал Ким Ен Чол АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Эки тарап АКШ-Түндүк Корея ортосундагы экинчи саммит тууралуу сөз кылат.
Айрым жоромолдорго ылайык, экинчи саммит Вьетнамда өтөт. Reuters агенттиги Түндүк Кореянын лидери коммунисттик Вьетнамга февралда расмий иш сапары менен барат деп маалымдады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түндүк Кореянын жогорку даражадагы расмийи болгон Ким Ен Чол АКШ тарабынан санкцияга алынган. Бирок Вашингтон ага өлкөгө кирүүгө экинчи жолу уруксат берип жатат.
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын июнь айында Сингапурда тарыхый саммит өткөргөндөн бери аймакта өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча иштер басаңдап калды.
Жаңы жылдын алдында Түндүк Кореянын лидери өзөктүк куралды жок кылууга даяр экенин айтып, бирок АКШ санкцияларды алып салбаса, өзөктүк курал программасын кайра жандантарын айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Андан бери Трамп менен Ким Чен Ын саммит өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.
Эки лидер Сингапурда кол койгон декларацияда Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда Пхеньянга салынган санкциялар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, АКШ тарап буга жооп кылып Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин белгилеген.
Түндүк Корея соңку ондогон жылдардан бери эл аралык изоляцияда калган. Анын себеби, адам укугун жана эл аралык мыйзамдарды бузуу менен өзөктүк куралга ээ болуу аракети эле.
Ким Ен Чол деген ким?
72 жаштагы генерал Ким Чен Ынды дайыма коштоп жүрөт. Түндүк Кореянын лидери эки ирет Кытайга келгенде жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолукканда, Ким Ен Чол анын жанында турган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Пхеньянга келгенде генерал Ким Ен Чол менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ким Ен Чол мурдагы тыңчы жана аны мыкты "стратег" деп мүнөздөшүүдө. Вашингтон менен Пхеньяндын өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча келишимге жетүүдө генерал Ким Ен Чолдун ролу абдан маанилүү экени айтылууда.
Генерал Ким Ен Чол 2010-жылы Түштүк Кореянын аскердик кемелерине болгон кол салууну жана 2014-жылы Sony Pictures компаниясына жасалган кибер чабуулду уюштурду деп айыпталган. (AT)













