АКШ Сириядан аскерин алып кете баштады: Трамп жеңишти жарыя кылды

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ өзүнүн аскерин Сириядан алып чыга баштаганын Ак үйдөн билдиришти. Президент Трамп андан мурдарак Сириядагы "Ислам мамлекети" деп аталган күчтөрдүн үстүнөн АКШ жеңишке жетишкенин жарыя кылган.
Ак үйдүн маалыматына караганда, АКШ Сириядагы аскердик өнөктүктүктүн жаңы фазасына өтмөкчү. Экстремисттик күчтөрдүн үстүнөн болгон жеңиш коалиция ишин бүттү дегенди билдирбейт.
"АКШ менен биздин союздаштар америкалык кызыкчылыкты коргоо үчүн ар кандай деңгээлде операцияга кайра киришкенге даяр",-деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.
"Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн үстүнөн болгон жеңиш жөнүндө Трамптын билдирүүсү америкалык бир катар ММКлар Сириянын аймагынан америкалык аскерлерди чыгаруу планын кабарлашкандан кийин болду.
"Биз «ИМди» жеңдик, бул Трамп президент болуп турган учурда ал жакта туруштун бир гана себеби болчу»,-деп Трамп «Твиттерге» жазды. Андан мурда Си-Эн-Эн Вашингтондун аскерлерди «бүтүндөй жана тез арада» чыгаруу планын билдирген.
Трамптын администарциясынын Сириядагы аскерлерди чыгаруу планы жөнүндө андан мурда Washington Post газетасы жазган. Анда көрсөтүлгөн Пентагондогу анонимдүү булактын маалыматына караганда, чечим жаңы эле кабыл алынды жана америкалык эки миңден ашык аскерди алып кетүү жөнүндө сөз болуп жатат.
Wall Street Journal газетасы аскерлерди чыгаруу жөнүндө чечимди Трамп өткөн жумада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин кабыл алды деп жазды. Түрк лидери күрд куралдуу күчтөрүн америкалык аскерлер колдоого ала турган болсо, ага аскердик жооп кайтарарын эскерткен, Анкара күрд күчтөрүн террорчулар деп тааныйт.
Ак үйдүн билдирүүсүнөн кийин "Рейтер" агенттигинин булагы америкалык аскерлер Сириядан 60-100 күн аралыгында чыгып кетерин кабарлады.
АКШнын Сириядагы аскери
Сирияда америкалык аскерлер өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан, алар бул жерде куралдуу оппозиция менен бирге "ИМ" согушкерлерине каршы операцияларды өткөрүштү.
Трамп Сириядагы аскердик өнөктүктү аяктоону убада кылып, ага кетип жаткан чыгымдын керектигине күмөнсүнгөн жайы бар. "Биз Сириядан кетебиз, аз эле калды,-деген эле ал жазында.-Мен биздин аскерди үйүнө кайтаргым келет".
Америкалык президенттин билдирүүлөрү карама-каршы да болуп жатты. Апрелде Трамп АКШ өз аскерин Сириядан жакында алып чыгат деп билдирип, андан бир жумадан кийин эле аскерлер дароо чыгарылбайт деп айткан.
Ошондо Трампты чечимин өзгөртүүгө анын кеңешчилери көндүргөнүн жазышкан, эгер АКШ аскерин кармап турбаса, "ИМ" кайрадан активдеши мүмкүн деген жүйөө айтылган.
Жалпы душман
Россия Сириядагы операцияны 2-15-жылы баштады. Россиялык жана америкалык аскерлердин ортосунда куралдуу каршылыктын алдын алган аскердик механизмдер иштейт. Москва менен Вашингтондун саясий максаттары диаметралдуу түрдө карама-каршы, бирок "ИМ" алардын экөөнүн тең жалпы душманы болду.
Жакында эле Россиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Сириянын суверенитетин сыйлоо шартында "ИМ" жана башка террордук уюмдарды талкалап жок кылыш үчүн АКШ менен бирге аракет кылганга даяр деп билдирген.
2017-жылы декабрда россиялык генштабдын башчысы Валерий Герасимов "Сириянын аймагындагы бардык бандалык күчтөр жок кылынды, ал эми өлкө аймагы бошотулду" деп билдирген. Коргоо министри Сергей Шойгу "ИМ" иши бүткөнүн Путинге доклад жасаган.
Путин өз кезегинде Сириядан негизги аскер күчтөрүн алып чыгууга буйрук берген. Бирок ошондон кийин дагы согуштук аракеттер токтогон эмес, анын ичинде россиялык жеке аскер компаниялары катышкан уруштар болду. Сирияда кийнки убакта дагы аскердик жоготуулар болбой койгон жок. (КС)













