Командаларын сүрөгөн Путин жана ханзаада Салман

российские футболисты

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin/TASS

XXI футбол чемпионатынын алгачкы беттеши талаа ээлери үчүн чоң кубаныч алып келди. Орусия курама командасы Сауд Арабияны 5:0 эсебинде жеңип алды.

Футбол адистери күтүлбөгөн жеңиш болду деп баалады. Анткени чемпионат алдындагы Орусиянын көрсөткүчтөрү өтө төмөн болгондуктан, көптөр мындай жыйынтыкты күткөн эмес.

Сауд Арабия командасынын машыктыруучусу Хуан Антонио Пицци

Сүрөттүн булагы, Tass

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабия командасынын машыктыруучусу Хуан Антонио Пицци.

Сауд Арабия командасынын машыктыруучусу Хуан Антонио Пицци:

"Балким биз биринчи эле беттеште үй ээлерине каршы ойногонубуз өз сөзүн айтты окшойт. Биз өзүбүз пландаган оюнду көрсөтө алган жокпуз. Атаандаштарыбыз көп деле күч коротпой бизди утуп алды. Эми уят болгон абалыбызды унутуп, кийинки оюндар тууралуу ойлонушубуз керек",-деди.

Черчесов и Дзюба

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия командасынын машыктыруучусу Станислав Черчесов.

Орусия командасынын машыктыруучусу Станислав Черчесов беттештен кийин орус президенти Путин телефон чалып, куттуктаганын айтты.

Путин жана ханзаада

Беттешке Орусия президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын такты мураскери, ханзаада Мухаммед бен Салман көз салып олтурду.

Гол киргенде алар бири-бири менен кол алышып олтурганы көңүл сыртында калган жок. Беттештен кийин Путин ханзааданын колун кысып, андан соң төш тийгизе кучакташты деп жазды Интерфакс.

Тарыхта эки футбол курамасы 1993-жылы гана жолдоштук беттеш өткөргөн экен. Анда Сауд Арабиясы 4:2 эсебинде утуп алган.

"А" тобунда Орусия, Сауд Арабиясы, Египет жана Уругвай бар. Кийинки беттешин Орусия 19-июнда Египетке каршы ойнойт. (AbA)