Дүйнө чемпионаты-2018: Англия курамасынын дарамети

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө чемпионатында англиялыктар жеңишке жете алабы?
Бул суроону жергиликтүү журналисттер "Ливерпулдун" башкы машыктыруучусу теги германиялык Юрген Клоппго жолдогондо: "алар үчүн баалуу кеңешим, клавиатурадан 1, 9 жана 6 санын алып салсын" деди.
Мунун маңызында, "футболдун мекенибиз дегендер 1966-жылдагы жеңиши менен эле мурдун көтөрүп жүрө бербей, жерге түшсүн" деген сөз жатат.
Учурдагы Англия курама командасы ортозар командалардын катарында. Бул чындыкты акыры күйөрмандар дагы моюнуна алып калды окшойт.
Орусиядагы чемпионатка билет алган Англия күйөрмандары тамашалап: "биздин команда Волгограддан кат келгенче, үйгө жетет го" деп айтканы да бекеринен эмес.
Волгоградда 18-июнда англичандар биринчи беттешин Туниске каршы ойнойт.
Бул жолку дүйнөлүк чемпионатка биринчи ирет аз сандагы англиялык күйөрмандар жөнөп жатат. Басылмалар орус дипломаттарына шилтеме берип, виза алган англиялыктар он миңге гана чамалаганын жазууда.
Команданын мүмкүнчүлүгү
Англия курама командасы ойной турган тайпа тууралуу сөз кылсак, чейрек финалга чыгуу чоң жетишкендик болмок. Бирок чейрек финалда аларды Бразилия же Германия күтүп алат. Андан ары оптимисттик ой жорумдун деле кереги жок. Жогорудагы командалардын алдында азыркы Англия бир топ чабал көрүнөт. Команданын мурдагыдай жылдыздуу оюнчулары жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Англия өткөн Европа чемпионатында Исландияга утулуп, тайпадан чыкпай калды. Азыркы курамдын орточо курагы 26 жаш.
Машыктыруучу
Балким лондондук The Business тобунун "Southgate" деген ырын уксаңыз керек. Анда: "Саутгейт үйүнө барат. Ох, жок, ал автобуска жетишпей калды!" деп ырдашат.
Бул ыр Англия курама командасынын мурунку коргоочусу Гарет Саутгейт тууралуу. Ал 1996-жылы өткөн Европа чемпионатынын жарым финалында чечүүчү айып тобун (пенальти) дарбазага киргизе албай калган. Ошондо жаралган ыр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыйкат үчүн айтканда, ал негизи мыкты коргоочу болгон. Азыр эми машыктыруучулук тажрыйбасы артып, курама команданын башына келди.
Тактика
Гарет Саутгейт "Тоттенхэм Хотспурдун" ийгиликтерине катуу шыктангандай. Анткени ушул команданын тактикалык түзүмүн алган. Англия курама командасында бул клубдун төрт оюнчусу бар.
Саутгейттин алдындагы негизги көйгөй - талаанын ортоңку бөлүгүндө ойной турган футболчулардын жок экени. Машыктыруучу "Ливерпулдун" капитаны Жордан Хендерсонду жогору баалайт. Бирок анысы Чемпиондор лигасында мадриддик "Реалдын" жарым коргоочулары Кроос менен Модричтин алдында чабал көрүнүп калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Саутгейт акыркы оюнунда 3-3-2-2 схемасында оюнчуларын беттешке чыгарды. Чабуулга көбүрөөк ыңгайлашкан жарым коргоочулар Дел Алли жана Жесси Лингарт алдыдагы чабуулчулар Харри Кейн жана Рахим Стерлингге мүмкүнчүлуктөрдү жаратып беришет.
Саутгейт англиялыктар үчүн салтка айланган 4-4-1-1 схемамсын эле пайдаланышы мүмкүн. Чабуулга Харри Кейнди чыгарып, калган оюнчуларды ушуга ылайыктап жайгаштырат.
Дарбазачы
Жо Харт бул ирет курамда жок. Курамда азыр биринчи катарда 24 жаштагы Жордан Пикфорд бар. Ал "Эвертондун" дарбазасында ишенимдүү турду. Бирок курама командада эки гана ирет ойногон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жек Батленд - премьер лигадан чыгып калган "Сток Ситинин" дарбазачысы.
Үчүнчүсү, Ник Поуп "Бернли" курамында ойнойт. Бирок курама командада бир да ирет ойногон эмес.
Коргоочу
Мындай дарбазачылар болгондон кийин коргоочулар мыктылап тандалышы керек болот. Ошондуктан болсо керек, 32 жаштагы Гари Кэйхилл курамга кайра чакырылды. Бул жылы "Челсинин" круамы менен сезон соңуна чейин ойногон.
Жон Стоунз - эң мыкты коргоочу катары таанылган. Жакында эле "Манчестер Сити" 47 миллион фунтка сатып алган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Оң жана сол тарапта ойногон четтеги коргоочулар Кайл Уокер ("Ман Сити") жана Дэнни Роуз ("Тоттенхэм") бул жылы мыкты оюн көрсөтүштү.
Жарым коргоочу
Жерард, Лэмпард сыяктуу оюнду уюштурган мыкты футболчулар кеткенден кийин талаанын бул бөлүгүн туруктуу ээлегендер болгон жок. Азыр Жек Уилшир ("Арсенал") дагы курамга чакырылган жок. Жаракатына байланыштуу Алекс Окслейд-Чемберлен ("Ливерпуль") дагы ойнобойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коргонуучга басым жасап, оюнду уюштурган жарым коргоочунун ролун Эрик Дайер менен чабуулга көп ыктаган Дел Алли (экөө тең "Тоттенхэм") аткарат.
Чабуул
Англиянын чабуулу жаман эмес. Албетте, бул "Тоттенхэмдин" оюнчусу Харри Кейн менен байланыштуу. 2017-жылы 56 гол киргизип, жылдын Европадагы эң мыкты чабуулчусу аталып, Месси менен Роналдудан озуп кеткен эле.

Сүрөттүн булагы, PA
Көпчүлүк футбол адистери курама команданын оюндары Кейнге карап тузүлөт деп айтып жаткандары дагы бекеринен эмес.
Командада дагы бир чабуулчу бар - Жейми Варди "Лестер Ситиден".
Таланттуу чабуулчу Рахим Стерлингди дагы эстен чыгарбоо керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балким, Орусиядагы чемпионатта "Манчестер Юнайтед" чабуулчусу Маркус Рэшфорддун жылдызы жанышы мүмкүн.
Курамга Дэнни Уэлбек ("Арсенал") дагы чакырылган. Коста-Рика менен жолдоштук беттеште гол киргизди. (AbA)

G тобундагы беттештер:
18- июнь: Тунис - Англия (Волгоград)
23-июнь: Англия - Панама (Нижний Новгород)
28 -июнь: Англия - Бельгия (Калининград)











