1958-жылдагы чемпионат: СССР курамасы "өлүм тобунан" кантип чыккан?

Nikita Simonyan (right)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, СССР курамасынын чабуулчусу Никита Симонян (оңдо) 10 гол киргизген.

1958-жылы Швецияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта СССР курама командасы тайпалык оюндарда Англияны утуп, чейрек финалга жолдомо алган. Бирок талаа ээлеринен утулуп калышкан.

Андан бери 60 жылга аяк басыптыр. Бирок ошол кездеги команданын каптианы Никита Симонян үчүн мунун баары жакынкы жылдарда болгондой эле.

"Биздин базага жакын жерде Бразилия курамасы жайгашкан эле. Биз алардын машыгып жатканын көрүү үчүн келчүбүз,-деп жылмайып эскерет Симонян. -Алар чемпионатка жаңы тактика менен келишкен: 4-2-4 - төрт коргоочу эки жарым коргоочу, төрт чабуулчу. Биз анда бул чынында эле укмуш чеберчилик экенин көрдүк. Бизге каршы Пеле чыкты. Менимче анын 18ге толо элек учуру болсо керек".

Андан бери 60 жылга аяк басыптыр.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андан бери 60 жылга аяк басыптыр.

91 жаштагы Симонян менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону 77 жаштагы Пеле азырга чейин жакын достордон. Азыр ошондо ойногон футболчулардан Бразилияда беш, советтик командадан экөөнүн гана көзү тирүү.

"Баары өнөктөштөрүм эле, бейиши болгурлар, оо дүйнө кете беришти. Эми ал жакта өздөрүнүн командалары бар", -деп улутунду Симонян.

Башында СССР Англия менен 2:2 ойноп (эсепти Симонян ачкан), кийин Австрияны 2:0гө утуп, бирок Бразилиядан 0:2 болуп жеңилип калган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башында СССР Англия менен 2:2 ойноп (эсепти Симонян ачкан), кийин Австрияны 2:0гө утуп, бирок Бразилиядан 0:2 болуп жеңилип калган.

Швециядагы чемпионаттан эки жыл алдын Мельбурнда олимпиадалык оюндар өтүп, СССРдин футбол командасы алтын медал тагынган.

Команда үйүнө кайтканда 20 күн дегенде кеме менен Владивостокко келип, андан ары сегиз күн темир жол аркылуу жол жүрүп Москвага жетишкен. Бирок Комсомол аянтында аларды баатыр катары тосуп алышты. Бул футболчуларга дем берип, шерденткен.

Олимпиададагы жеңишинен кийин командага чоң үмүт артылып калды. Анан калса СССР курама командасы биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алган эле.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Адистер чемпионатта советтик команда эң оор тайпага түшүп калды деп баалаган. СССР Бразилияга, Англияга, Австрияга каршы ойногон.

Бирок чемпионаттын дебютанты "өлүм тобунан" суурулуп чыга алды. Башында СССР Англия менен 2:2 ойноп (эсепти Симонян ачкан), кийин Австрияны 2:0гө утуп, бирок Бразилиядан 0:2 болуп жеңилип калган.

Олимпиададагы ийгиликти кайталоого мүмкүн болбоду. Чейрек финалда СССР талаа ээлери шведдерге уттуруп койгон. Жыйынтыгында Бразилия дүйнө чемпиону, Швеция күмүш медалдын ээси болду.

Симонян Орусиянын түштүгүндөгү Армавир шаарында армян үй-бүлөсүндө туулган. Төрт жашында үй-бүлөсү Абхазияга көчүп келип, ошол жерде эр жеткен.

Никита Симонян

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Никита Симонян дүйнө чемпионатына чүчүкулак кармоо учурунда. Москва, 2017-жыл.

Ар кандай советтик футбол клубдарында ойноп, 1977-1979-жылдары СССР курама командасынын башкы машыктыруучусу да болуп турган. Улгайган жашына карабай учурда ал Орусия футбол бирикмесинин вице-президенти. (AbA)