Ким Чен Ын Трамп менен жолуккандан кийин Кытайга келди

Kim Jong-un (file image)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пхеньян менен Бээжин саммит учуруна жетишилген келишимдер тууралуу сөз кылат деп айтылууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эки күндүк сапары менен Кытайга келди. Бир апта мурун ал АКШнын президенти Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эки тарап Пхеньянга каршы санкциялар, өзөктүк куралдарды жок кылуу жана сүйлөшүү учурунда жетишилген келишимдер тууралуу сөз кылат деп жоромолдонууда.

Ким Чен Ын март айынан бери үчүнчү жолу Кытайга келмекчи.

Бээжин Түндүк Кореянын экономика жаатындагы жалгыз өнөктөшү. Буга чейин Кытай Пхеньянга каршы санкцияларды жеңилдетүү маселесин көтөрдү.

Ал тапта АКШ менен Түштүк Корея аскердик машыгууларын токтотконун тастыкташты. Өткөн аптада Вашингтон менен Пхеньян сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин президент Трамп Корей жарым аралындагы аскердик машыгуулар токтотулат деп убада кылган.

South Korean marines participate in landing operation referred to as Foal Eagle joint military exercise with US troops Pohang seashore on 2 April 2017 in Pohang, South Korea.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореяда АКШнын 29 миң аскери жайгашкан. Эки мамлекет жыл сайын ири аскердик машыгууларды өткөрүп келген

Ким менен Трамп кол койгон декларация

12-июнда АКШ президенти Дональд Трамп менен КЭДР лидери Ким Чен Ын Сингапурда "тарыхый саммиттин" жыйынтыгы менен декларацияга кол коюшкан.

Декларация төрт негизги бөлүктөн турат. Анын ичинде "өлкөлөр ортосундагы мамилени түзүү жана чыңдоо", "Корей жарым аралындагы тынчтыкты камсыздоо үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого тараптар милдеттенме алды". "Дайынсыз кеткен аскер туткундарынын өздүгүнө байланыштуу маалыматтар менен бөлүшүү боюнча" дагы макулдашты. Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, буга жооп кылып АКШ тарап Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.

Бирок документте Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда КЭДР салынган санкциялар тууралуу дагы эч нерсе айтылган жок.

АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуулары

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуулары

Ошондой эле президент Трамптын Корей жарым аралындагы аскердик машыгууларды токтотуу боюнча чечими Түштүк Корея менен Жапонияга күтүүсүз болду. Эки мамлекет Вашингтондун кадамын сынга алган.

Бээжин менен Пхеньян болсо көп жылдан бери машыгууларды токтотууну талап кылып келген.

Түштүк Кореяда АКШнын 29 миң аскери жайгашкан. Эки мамлекет жыл сайын ири аскердик машыгууларды өткөрүп келген. Пхеньян бул машыгууларды Түндүк Кореяга каршы чабуулга даярдык катары эсептесе, Сеул менен Вашингтон машыгуулар коргонууга багытталган деп айтып келген.

Эмдиги машыгуулар август айына белгиленген болчу. Ага 17,500 аскер катышмак.

line

Саммитке чейинки жол

Мындан бир нече айлар мурун эле эки лидер бири-бирин "согуш" менен коркутуп келген. Тарыхый жолугушууга чейинки жол катаал жана чыңалган абалда болду.

Трамп БУУнун трибунасынан КЭДРдин "жер менен жексен кылам" деп сүйлөгөн. КЭДР басылмалары америкалык президентти орой сөздөр менен тилдеген.

Майдын ортосуна барып саммит үзгүлтүккө учурашы мүмкүн болгон абалда туруп калган.

Окуя кандай өнүктү:

  • 10-майда Дональд Трамп КЭДР лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда жолуга турганын жарыялады.
  • 12-майда Түндүк Кореяда өзөктүк курал сыноосун өткөргөн полигонун жок кыларын айтты.
  • 16-майда Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчисинин "Түндүк Корея өлкөдөгү өзөктүк куралды жок кылуу жараянын Ливиядагыдай жол менен ишке ашыруусу керек" дегенине Пхеньян катуу теригип, саммиттен баш тартам деп опузалады.
  • 22-майда Трамп "эгерде АКШнын кээ бир шарттары сакталбаса, анда саммит болбойт" деди.
  • 24-майда Трамп саммитти токтотуп, бул үчүн Түндүк Кореяны айыптап, "өзүн өтө эле агресивдүү көрсөтүп, душмандыгын ачык көрсөтүүдө" деп билдирүү жасады.
  • 1-июнда Трамп КЭДРдин жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен жолуккандан кийин саммит боло турганын ырастаган.
  • 12-июнда АКШ президенти Дональд Трамп жана КЭДР лидери Ким Чен Ын Сингапурдагы тарыхый саммиттин жыйынтыгы менен декларацияга кол коюшту.