Трамп менен Ким кол койгон макулдашууда эмне маселе каралды?

АКШ президенти Дональд Трамп жана КЭДР лидери Ким Чен Ын Сингапурдагы тарыхый саммиттин жыйынтыгы менен декларацияга кол коюшту.

Видеонун түшүндүрмөсү, Сингапурдагы тарыхый саммиттин жыйынтыгы менен декларацияга кол коюшту.

Декларация төрт негизги бөлүктөн турат. Анын ичинде "өлкөлөр ортосундагы мамилени түзүү жана чыңдоо", "Корей жарым аралындагы тынчтыкты камсыздоо үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого тараптар милдеттенме алды". "Дайынсыз кеткен аскер тутукундарынын өздүгүнө байланыштуу маалыматтар менен бөлүшүү боюнча" дагы макулдашты. Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, буга жооп кылып АКШ тарап Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.

"Президент Трамп КЭДРдин коопсуздугуна кепилдик берерин убада кылды. Төрага Ким Чен Ын Корей жарым аралындагы денуклеаризацияны жактай турганын ырастады",-деп айтылат эки лидердин биргелешкен кайрылуусунда.

Ким Чен Ын и Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Документте Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда КЭДР салынган санкциялар тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Ким менен Трамп кезикти: тарыхый кол алышуу жана 50 минутага созулган баарлашуу

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин тарыхый саммити

Саммитке чейин эле Ким Чен Ын менен Дональд Трамп кездешип, тарыхый кол алышуу болду.

Трамп сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтөт деген ишенимде турганын айтты. Ким Чен Ын болсо жолугушууга чейин бир катар тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө туура келгенин белгиледи.

Эки лидер ортодо котормочуларды гана алып калып, 50 минутага жакын сүйлөштү. Андан кийин гана сүйлөшүүгө кеңешчилер жана башка расмийлер кошулду.

АКШ тараптан мамлекеттик катчы Майк Помпео, Ак үйдүн аппарат жетекчиси Жон Келли, ал эми КЭДР тараптан Кореянын Эмгекчилер партиясынын төрага орун басары Ким Ён Чхол, Тышкы иштер министри Ли Ён Хо, БКнын жетекчи орун басары Ли Су Ён сүйлөшүүлөргө катышты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ким менен Трамп кезикти

Эксперттер Трамп менен Ким бет маңдай олтурганда жайбаракат эле сүйлөшкөнүнө маани беришти. Ортодо чыңалуу байкалган эмес. Жашы жана тажрыйбасы боюнча өтө айырмаланса да Трамп менен Кимдин окшош жактары да бар - экөө тең эрктүү жана кыялы ичте катылган адамдар.

Сүйлөшүүлөрдө эмне маселе көтөрүлөт?

Kim arrives at summit venue

Сүрөттүн булагы, AFP

Негизги маселе - Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга көндүрүү. Ким Чен Ын талаптардын канчасына макул болорун болжоо кыйын. Бирок анын бул жолугушууга келип жатканы эле чоң жылыш - ал эл аралык изоляциядан арылып жатат. Түндүк Корея соңку ондогон жылдардан бери эл аралык изоляцияда. Анын себеби эле адам укугунун бузулушу, эл аралык мыйзамдарды бузуу менен өзөктүк куралга ээ болуу аракети.

Пхеньянды кандай шарттар менен келгени да азыр белгисиз. Ким Чен Ын жыл башындагы элге кайрылуусунда алдыдагы приоритет - экономикалык өнүгүү деп айткан.

Айрым эксперттер КЭДРдеги адам укугу жаатындагы маселе көз жаздымда калбайбы деген да кооптонууларын айтууда. Албетте, бул Түндүк Кореяга жакпаган маселе. Айталы, өткөн жылы Куала-Лампурда Ким Чен Ындын бир тууганы киши колдуу каза тапканда, АКШ буга КЭДР режимин айыптаган. Дагы бир жагдай, май айынын соңунда Ким Чен Ын менен Орусиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров жолугушту. Лавров КЭДРге салынган санкцияларды алуу маселесине токтолду. Ким болсо "Путиндин АКШнын гегемониясына каршы туруп жатканын" жогору баалаган.

Жолугушуу алдындагы маанай

Трамп менен Ким Сингапурга жекшемби күнү кечинде учуп келди.

Сүрөттүн булагы, AFP

Трамп менен Ким Сингапурга жекшемби күнү кечинде учуп келди. Ким Чен Ын саммит өтө турган жерге Трамптан бир нече саат алдын учуп келди. Ал Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун менен жолукканга дагы үлгүрдү. Андан киийн америкалык лидер дагы Сингапур өкмөтүнүн башчысы менен жолукту.

Трамп Shangri-La мейманканасына, Ким The St. Regis Singapore мейманканасына жайгашты. КЭДР лидеринин кортежи өткөндө күзөт кызматы унааны жандай чуркап, сингапурлук полиция каз-катар тизилип турду деп кабарлады Си-эн-эн.

Эки мейманкана тең өлкөнүн негизги аралында жайгашкан. КЭДР делегациясынын мейманкана чыгымдарын Сингапур тарап төлөмөк болуптур деп жазды жергиликтуү ММКлар.

Ондогон жылдардан бери Түндүк Корея АКШны келишкис душманы катары эсептейт. Ал тургай Пхеньянда Америкага каршы музейлер дагы бар.

Эми өкмөт "дүйнө жүзүнө каарын чачкан, шайтандын мекени" менен сүйлөшүүгө баруу бул жакшы идея болгонун элге түшүндүүрүүгө аракет кылууда. Баса, жогорудагы сөз АКШга карата колдонулган КЭДРдин үгүттөрүндө көп кездешип келген.

Келгиле басылмалардагы айрым фразаларга токтоло кетели. Айталы, партиянын басылмасы "Нодон синмун" саммитти "жаңы доордун талабы" деп жазды.

"Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жана эки тарап үчүн тең маанилүү болгон суроолорду чечүү, жаңы доордун талабына туура келет",-деп жазат басылма.

Бул жерде "жаңы доор" деген сөз гана маанилүү. Түндүк Корея көп жылдан бери өзөктүк курал жасоо далаалаты менен келе жатат.

Саммитке чейинки жол

Мындан бир нече айлар мурун эле эки лидер бири-бирин "согуш" менен коркутуп келген.Тарыхый жолугушууга чейинки жол катаал жана чыңалган абалда болду.

Трамп БУУнун трибунасынан КЭДРдин "жер менен жексен кылам" деп сүйлөгөн. КЭДР басылмалары америкалык президентти орой сөздөр менен тилдеди.

Майдын ортосуна барып саммит үзгүлтүккө учурашы мүмкүн болгон абалда туруп калган.

Окуя кандай өнүктү:

  • 10-майда Дональд Трамп КЭДР лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда жолуга турганын жарыялады.
  • 12-майда Түндүк Кореяда өзөктүк курал сыноосун өткөргөн полигонун жок кыларын айтты.
  • 16-майда Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчисинин "Түндүк Корея өлкөдөгү өзөктүк куралды жок кылуу жараянын Ливиядагыдай жол менен ишке ашыруусу керек" дегенине Пхеньян катуу теригип, саммиттен баш тартам деп опузалады.
  • 22-майда Трамп "эгерде АКШнын кээ бир шарттары сакталбаса, анда саммит болбойт" деди.
  • 24-майда Трамп саммитти токтотуп, бул үчүн Түндүк Кореяны айыптап, "өзүн өтө эле агресивдүү көрсөтүп, душмандыгын ачык көрсөтүүдө" деп билдирүү жасады.
  • 1-июнда Трамп КЭДРдин жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен жолуккандан кийин саммит боло турганын ырастаган.

(AbA)