Графика: Путин башкарган учурдагы турмуш
Владимир Путин жыйырма жылдан бери Орусиянын саясатында талашсыз лидер экени бышык.
Путин президент жана премьер-министр катары өлкөнү башкарып турган кезде Орусия экономикалык өсүүгө, аскердик экспансияга жетишип, мамлекет кайрадан ири державага айланды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул жылдар ичинде орусиялыктардын жашоо шарты оңолуп, туруктуулук орноду жана патриоттук сезим пайда болду. Бирок көпчүлүк Орусиянын жаш демократиясы талкаланды деген пикирде.
Путин бийликке келгенден бери карапайым тургундарынын жашоо шарты канчалык өзгөрдү?
1. Жакырчылыктан арылуу
Мурдагыга салыштырмалуу орусиялыктардын көбү жакырчылыктан чыгышты. Бирок дүйнөдөгү ири экономикаларга салыштырганда, бул өлкө бир топ артта бара жатканы маалым.
2. Соңку жылдары калктын маянасы жогорулабай калды
Путиндин алгачкы президенттик мөөнөтүндө орусиялыктардын орточо айлыгы жыл сайын 10 пайызга өскөн. 2012-жылы Путин премьер-министрлик кызматынан президенттикке келгенден кийин экономикалык кризис жана санкциялардан улам элдин маянасы өскөн жок.

2011-жылдан 2014-жылга чейин карапайым элдин таза кирешеси 11 пайызга жогорулады жана Путин башкарып турган учурда Орусиянын керектөө экономикасы кескин өстү.
3. Элдин көбүнүн унаасы бар, микротолкундагы мештер көп
Орусиялыктардын "Лада" машиналарына сүйүүсү дале байкалат. Өлкөдө 2017-жылы 1,595,737 жаңы унаа сатылса, алардын 311,588 "Лада" унаасы болду.

Унаага ээлик кылуу боюнча орусиялыктар мурдагы Советтер союзунун курамына кирген Польша жана Венгриянын тургундарына жеткен. Бирок коңшу Финляндия сыяктуу мамлекеттерге жете элек. Ал жерде ар бир 100 түтүндүн 76сында унаа бар.
4. Орусияны IKEA дүкөндөрү каптады
Орусияда таанымал IKEA дүкөнү биринчи жолу 2000-жылы ачылган. Химкидеги дүкөн тез арада дүйнө жүзүндөгү IKEA компаниясынын эң кирешелүү дүкөндөрүнүн бирине айланды.
Орусия 2015-жылы IKEA компаниясына эң көп киреше алып келген мамлекетке айланды.

Учурда бул ишкананын Орусияда 14 дүкөнү бар. Москва шаарында эле үчөө ачылды. Бирок IKEA бир топ көйгөйлөр пайда болгонун айтууда. Мисалы, компания коррупцияга каршы этикасын кармануу үчүн бир топ кыйынчылыктарга туш болгонун белгилейт.
5. Шампан көп ичилүүдө
Орусиялыктар көп арак ичет деген ой бүгүн дагы бар.
Расмий статистикага ылайык, орусиялыктар азырак арак ичип калышты. Бирок бул сан өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги айткан санга жетпейт. Министрликтин билдиришинче, орусиялыктар 80 пайызга азырак арак ичип калганын билдирген.

Адистердин айтымында, пиво жана вино ичүү маданияты калыптангандан бери арак азырак ичилип калды. Бир учурда орусиялыктар пивону шире сыяктуу кабыл алышчу. Ал эми бүгүнкү күнү Орусиянын олигархтары вино чыгарган заводдорду ачууда.
6. Интернет тез жайылууда
Орусиянын интернет айдыңында гиганттар бар. Мисалы, өлкөдө "В контакте" коомдук сайтынын 90 миллион колдонуучусу болсо, "Фейсбуктун" 20 миллиондой гана колдонуучусу бар.
Ошондой эле "Яндекс" издөө порталы орус тилинде алгоритм колдонгондуктан, Орусияда "Гуглдан" бир топ артыкчылыгы бар.
7. Цирк көрүүчүлөрү азайды
Орусияда цирк улуттук мекемеге айланган. Москва мамлекеттик цирки сыяктуу 60 уюмдун өзүнүн имараты дагы бар. Бирок Орусиянын цирки Cirque du Soleil сыяктуу батыш атаандаштарына туруштук бере албай жатат.
2010-жылдан бери цирк көрүүчүлөрү 60 пайызга төмөндөдү. Албетте, бул көрүнүштүн бир нече себеби бар. Мисалы, интернет жайылгандан кийин көңүл ачуу үчүн циркке баруунун зарылчылыгы деле болбой калды.

8. Китепканага баргандардын саны азайды
Дүйнө жүзүндө байкалган көрүнүш Орусияда дагы бар. Интернет тез жайылып, китепканага баргандардын саны кескин төмөндөдү.

9. Орусиянын калкы кайрадан өсүп жатат
Президент Путин 1991-жылдан бери көйгөйгө айланган көрүнүштү - калктын азайышын токтотом деп максат койгон. Путин 2012-жылы төрөлгөн балдардын санын көбөйтүү үчүн 53 миллиард доллар сарптоону сунуштаган. Анын саясатынан кийинки 21 жылдан бери биринчи жолу мамлекетте өлүм-житимге салыштырмалуу көбүрөөк бала төрөлдү.
Бирок 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны кайрадан кыскарды.
10. Путин аскердик бюджетти кыйла көтөрдү
Кубаттуу армия Орусиянын улуттук уңгусунун бир бөлүгү болуп келген. Бирок Советтер союзу кансыз согуш учурунда каражатты армияга жумшай берип, мамлекет банкрот болгон.
Союз ыдырап кеткенден кийин Орусиянын армиясы кризиске дуушар болуп, бюджет кескин кыскарган. Владимир Путин армияны заманбап, кубаттуу күчкө айландырды.
Ал бийликке келгенден бери армия Чеченстан, Грузия, Украина жана Сирияда кубатын көрсөттү.
Продюсер: Alex Murray, Tom Housden
Аналитик: Anastasia Napalkova, BBC Russian
Графика: Sandra Rodriguez Chillida, Joy Roxas, Zoe Bartholomew












