Өзбекстанда камакка алынган мурдагы башкы прокурорду эмне жаза күтөт?

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго карата кылмыш иши козголгонун ырастады. Мынданы мурун анын камакка алынганы тууралуу кабарлар айтылып, бирок расмий тактоо болгон эмес эле.

Ўзбекистон собиқ бош прокурори Рашитжон Қодиров

Сүрөттүн булагы, Official

Башкы прокуратуранын расмий сайтында мурдагы прокурор Кылмыш кодексинин 221-беренсинин негизинде камакка алынганы айтылат. Ага үч берене менен: 165-"Опузалоо", 205-"Кызмат абалынан кыянат пайдалануу",210- "Пара талап кылуу" деген айыптар тагылууда.

Эгерде Рашид Кадыровдун айыбы далилденсе, үч жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Рашид Кадыров Башкы прокурорлуктан 2015-жылы эле кызматтан алынган. Бирок биздин булактар аны өлкөдөгү эң бай кишилердин бири катары аташкан. Андан тышкары Кадыров өтө таасирдүү адам болчу. 2014-жылы президент Каримовдун кызы Гүлнаранын бизнес империясы урай баштаган. Гүлнара Каримовага паракорчулук боюнча айып тагылган. Рашиджан Кодиров ал учурда Башкы прокурор болчу. Демек, ал кызматтан кеткен күнү дагы өтө таасирдүү бойдон калганы эч жаңылык эмес. Президент Мирзиёев бийлигин бекемдеп жатат. Буга чейин бир нече жогорку даражадагы расмийлер кызматтан алынды, алардын арасында өтө таасирдүү делген Иноятов дагы бар. Иноятов Өзбекстандагы экинчи эң таасирдүү адам катары сыпатталчу. Ал кызматтан алынгандан кийин жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер Мирзиёевдун жолунда турган адам алынды деп баа беришкен",- деди Би-Би-Си Өзбек кызматынын продюсери Хайрулло Файз.

Рашиджан Кадыров узак убакыт -15 жыл Өзбекстандын Башкы прокуратурасын башкарган.

66 жаштагы Кадыров бул кызматка 2000-жылы келген. Үч жолу -2005-2010- 2015-жылдары беш жылдык мөөнөт менен кайра дайындалган эле. 2015-жылы төртүнчү мөөнөткө дайындалып, бир нече айдан кийин кызматынан алынган.

Рашиджан Кадыров 2015-жылдын 16-майында Конституциялык соттун судьясы болуп дайындалып, 2017-жылдын августунда Олий Мажлис тарабынан кайра тандоо болгондо кызматынан кол жууган.

Президент Шавкат Мирзиёев өткөн жылы жыйын учурунда прокуратура тармагын катуу сынга алган жайы бар. Булар "эң чоң уурулар" деп атаган президент. Ошондой эле президент Мирзиёев прокуратура кызматкерлеринин 80 пайызы өзгөрөрүн убада кылган эле. (AbA)