Жара айыга элек: Тажикстандагы жарандык согуштун аяктаганына 20 жыл

Сүрөттүн булагы, СОЛОВЬЕВ АНДРЕЙ/ТАСС
- Author, Анора Саркорова
- Role, Би-Би-Си, Дүйшөмбү
27-июнда Тажикстандагы жарандык согуштун аяктаганына 20 жыл толду. Бул күнү Москвада өлкөнүн өкмөтү менен Бириккен тажик оппозициясы тынчтык келишимине кол койгон.
Дээрлик беш жылга созулган жарандык согуш (1992-1997) СССР тарап жаткан мезгилде анын мурунку аймагындагы эң кандуу жаңжалдардын бири болуп калды.
Расмий маалыматтарга караганда жарандык согуштан 100 миңге чукул киши каза тапкан. 25 миңдей аял жесир, 55 миң бала жетим калды.
Миллиондогон тажик жарандары өлкөдөн качып чыгып, баш-калкасыз калган. Арадан 20 жыл өткөндөн кийин дагы көптөр ошол күндөрдү эскерүү менен жашайт.
Белгилүү тажикстандык акын жана жазуучу Гулрухсор Сафиева "Аял жана согуш" деген эскерүү китебин жазган. Китепте согуш учурундагы өзү башынан кечирген реалдуу окуялар сүрөттөлөт.
Би-Би-Сиге курган маегинде акын согуштагы эң чоң оорчулук балдар менен аялдарга түшөрүн айтып берди. Ал өзүнүн чыгармасындагы каармандардын ар биринин ысымын жатка билет. "Жарандык согуштун жүрөктө калган жарасы дагы деле айыга элек"-деди ал.
"Жазуучу үчүн өзү басып өткөн согуш тууралуу жазуу баарынан кыйын. Кайра башынан эскерип чыгуу азабынан деле эместир. Объективдүүлүктөн тайып кетемби, окурмандардын алдында калпычы болуп калбайын деген кооптонуудан улам кыйын",-дейт Гулрухсор Сафиева.
Текстте айрым сүрөттөлүштөр үрөй учурарлык болушу мүмкүн.

Гулрухсор Сафиева:
Кандай гана согуш болбосун биринчи атылган октон башталат. Бирок ал окту ким биринчи атканын эч ким билбейт. Ошол атылган ок биринчи аялдын жүрөгүнө барып тийет. "Уулду тарбиялаганың эркекти тарбиялаганың. Кызды тарбиялаганың улутту тарбиялаганың" деген терең макал бар. Кудай өзү кечирсин, окурмандарым кечирсин! Бирок менин китебимди жүрөк оорутуп, көзгө жаш алып гана окуйсуң. Китепти эки жыл жаздым. Кийин улантып жаза албай койдум. Бул менден күчтүү болуп чыкты, абдан көп ачуу чындык бар эле. Мезгил баарын өчүрүп, жууп кетет, бирок эстутумду эмес. Менин каармандарымдын көбү тирүүлөрдүн катарында жок. Жарандык согуш башталган учурда алар болгону 25-30 жашта болчу. Тирүү калгандар чала жан болуп басып жүрөбүз деп азырга чейин моюнуна алышат.
"Биз айтып беребиз, сен жазгын"

Сүрөттүн булагы, СОЛОВЬЕВ АНДРЕЙ/ТАСС
Чынында китебим мага өзү келди. Каармандарым мени өздөрү таап келишип, башынан өткөндөрүн айтып беришти. Ал кезде мен дагы ошолор сыяктуу эле качкын элем. Мени өлтүрүүгө аракет кылышканда өлкөмдөн качып чыгууга аргасыз болдум. Азыр эми ким мени жок кылгысы келгенин ысымдарынан бери билем. Мен аларды кечирдим, кудай өзү жазаласын.
Менин каармандарым - тажик качкындары. Ал учурда алар Кыргызстанда, Ооганстанда, Казакстан, Орусияда жашап жүрүшкөн. Өз башынан өткөргөн азаптуу күндөрүн тарыхта унут болуп калбасын деп кимдир бирөө менен бөлүшкүлөрү келген. Ар бир жаңы окуя жүрөктү тилип өтүп, жандүйнөмдү бырчалап кетчү. Дем алалбай, уктай албай, тамак жей албай, ооруп калдым. Алардын азаптары мага тааныш болчу. Мен деле алар сыяктуу коргоосуз качкын болгом.
Өзүмчө толгончумун, санаага батчумун. Адам деген ким? Аларды кантип акыл-эстүү деп айта аласын? Ушундай жаман нерселерге кантип барат?

Сүрөттүн булагы, ВЛАСОВ ОЛЕГ/TASS
"Күйөөсү зордукталган аялын балдары менен кууп жиберген"
Каармандарымдын бирин мен Кыргызстандагы тоолуу айылдардын биринен кезиктиргем. Анын күйөөсү жарандык согуш учурунда каршылашкан тараптардын биринде болгон. Анын душмандары өч алуу максатында аялын зордуктап салышат. Күйөөсү өзүнүн кара башын куткарып качып кеткен. Келин качкындар менен Кыргызстанга өтүп келген экен.
Кийин согуш аяктагандан кийин ошол келин кайра мекенине кайтып келет. Күтүп жүргөн күйөөсү, колдоо көрсөтүп, түшүнүүнүн ордуна "сен булгангансың" деп аялын, балдары менен кууп салып, ажырашып кеткен. Ушул окуядан кийин мен согуштагы эркектер тууралуу жазууну кааладым. Тарыхта аялдар согуш жарыялап, кармашкан учурлар тууралуу мисалдар сейрек. Аялды бир эмес, миң жолу өлтүрүшөт. Балдары өлгөндө бир өлөт, күйөөсү өлгөндө, турак-жайы жок болгондо, зордуктаганда, үй-бүлөсүн бузганда, кайра-кайра өлтүрүшөт…
Эне үчүн баарынан азаптуусу баласынын өлүмүн көрүү. Тажикстандагы согушта жүз миңдеген кишилер өлтүрүлгөн, алардын баарынын энелери бар эле. Энелер ушунун баарын жашады. Каарманым Рохила аттуу аял Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусунда жашаган. Жарандык согуш учурунда бул аймакта айыгышкан кармаштар болгон. Бир күнү алардын үйүнө тааныштары келип, балдарын алып кеткен. Эми жөнөкөй колхоздун карпайым жумушчулары болсо балдарымы эмне кылат эле. Кайра коео беришет го деп үмүттөнгөн. Бирок балдары көпкө келбегенден кийин аял аларды издеп чыккан.

Сүрөттүн булагы, СОЛОВЬЕВ АНДРЕЙ/ТАСС
Согуш жүрүп жатат, айланада ок атышуу, бирок ал уулдарын издөө менен алек. Эки тун уулунун сөөгүн жайнаган өлүктөр жаткан чуңкурдан тапкан. Үйүнө өзү жалгыз сүйрөп жеткирип, өз колу менен жерге берген. Ал эми кичүү уулу өлгөндөр арасында жок болгон үчүн тирүү болушу мүмкүн деп ишенген.
Бир нече күндөн кийин коңшулары баткак жуурканга ороп, кичүү уулун алып келишти. Ал уулунун көкүрөгүнө кулап, "уулум тирүү" деп кыйкырган. "Уулумдун денеси муздак болсо дагы жүрөгү согуп жаткандай туюлган" деген эне. Рохиланын үйүндө үч жесир аял жана он беш небереси калды. Келиндеринин биринин боюнда калып, кийин кыз төрөлүп, небересине Интизор деген ысым беришкен.
Рохиланын өмүрүнүн аягына чейин эски советтик сыналгынын үстүндө уулдарынын сүрөттөрү илинип турду. Ар бир таңда ал уулдары менен учурашып, сүйлөшүп, ошол бөлмөдө намаз окучу. 90 жашында Меккеге ажылыкка барып келди.
Ажылыктан келгенден кийин аны тааныштарынын бири үйүнө конокко чакырат. Бирок үйүндөгүлөр чакыруудан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Энеси түшүндүрмө талап кылганда гана конокко чакырган киши уулдарын өлтүргөндөр менен тааныш экенин айтышкан.
Ал "мен ажылыктан келдим. Мен бизди жазалоого эмес, кечирүүгө үйрөткөн Кудайдан келдим" деген. Бул аял уулдарын өлтүргөндөрдү кечирди.

Сүрөттүн булагы, ФОТО ИТАР-ТАСС
"Үрөй учурган окуялар өтө эле көп"
Дагы бир карманым Садаф көп жылдар бала төрөп алсам деп зар какшап жүргөн. Ал бир нече ирет турмушка чыгып, бирок төрөбөй ажырашкан. Көп жылдар өткөндөн кийин кудай тилегин кабыл кылып, ал төрөйт.
Айыгышкан согуш күчөп турган учурда Садаф зарлап көргөн беш жаштагы кызы жана ондогон аялдар, балдар менен Ооганстанга өтүп кетүү үчүн Пянж дарыясын кечип өтүүгө аракет кылышат. Алар кайык менен сүзүп өтүп, ооган чек арасына жакындап калганда ок атылган. Кайык оодарылып Садаф менен барткандардын баары сууга чөгүп кеткен.
Садаф жээкке илешип, бир бутакты кармап калат. Кызы болсо чөгүп баратып жардам сураган. Жардам берүүгө кеч болуп калганын, эгер бадалды коео берсе кызы менен бирге чөгүп кетерин түшүнгөн.
Кийин ал мага айтып берип жатып, "бала өмүрдөн кымбат деп калп айтышат, бала менен өмүрүң таразага түшкөндө, кара жандын айласы биринчи болуп кетет" экен деп айтып берген.
Ал башынан өткөн окуясын сын-пикир, жек көрүүлөргө карабастан ачык айткан. Азыр эми ошондой жүктү көтөрүп, кантип жашап жүргөнүн элестетүү мүмкүн эмес.
Менде бул окуялардын уландылары бар. Бирок аларды улантып жазышым күмөн. Анткени мындай окуяларга кайрылып барууга кудуретим калбай калды.
27-июнь Москвада тынчтык келишимине кол коюлган күн - улуу майрам. Элдер согушту эскергиси келбейт. Ошол үрөй учурган жылдары кайра эскерүү кандай оор. Кандай гана согуш болбосун адамдагы адамдыкты өлтүрөт. (AbA)








