Дүйнөнүн эң кымбат беш шаарында жашоо арзандады

Сүрөттүн булагы, iStock
- Author, Линдси Гэллоуэй
- Role, BBC Travel
Саясый агымдар ар дайым өзгөрүп турат, түрдүү глобалдык факторлор биздин дүйнөнү бир ары-бери калчап келүүдө.
Мындан бир аз мурун эле жашоо турмуш өтө кымбат эсептелген шаарлар жана борборлорго бир учурда эле эшиктер ачылып, барууга оңой болуп калат. Бирок канчалык оңой жана арзан? Суроо ушунда турат.
Ѳткөн жылдагы байкоолорго караганда дүйнөлүк экономикадагы алдыга жылуулардан улам айрым өтө кымбат шаарлар бир аз арзандады. Балким эл аралык саясаттагы өзгөрүүлөрдөн уламдыр, балким экспорт менен импорттун пропорциясындагы өзгөрүүлөр же валютадагы секириктер, айтор айрым кымбат шаарларда өзгөрүүлөр бар.
Economist Intelligence Unit (EIU) эл аралык аналитикалык компаниясынын жыл сайын жарыяланып келген керектөө индексинде айрым кымбат шаарлар мурдагы ордуларын жоготту.
Биз дал ушундай шаарларда жашаган жергиликтүүлөр жана чет элдиктер менен сүйлөштүк. Алар бул өзгөрүүлөрдү кантип сезип жатышат, азыр эми эмнеден үнөмдөп калса болот?
ЛОНДОН
Евробиримдиктен чыгуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы фунт стерлингдин курсуна кескин таасирин тийгизип, көптөгөн узак убакыттар эң кымбат шаар эсептелип жүргөн Лондон Economist Intelligence Unit индексинде 18 орунга түштү.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR ZAKHAROV/GETTY IMAGES
Башка өлкөлөрдөн келген туристтер эми алар үчүн арзан болуп калган буюмдарды сатып алууга шашып, британ баш калаасын суудай каптады. Айрым эсептөөлөргө караганда, Лондондогу чет элдиктердин чыгымдаган каражаттары өткөн жылга салыштырганда 36 пайызга өскөн.
Бирок фунтка карата башка көпчүлүк валюталар чыңдалып, британдыктар үчүн чет элден келген товарлардын баасы өстү деп белгилейт жүк ташуу менен алектенген MoverDB.com компаниясынын негиздөөчүсү Иэн Райт.
Эксперттер "брекситтин" жыйынтыгы менен импорттолгон маанилүү товарларга, айталы, жашылча жана мөмө-жемиштерге баалар болжолу 8 пайызга чейин өсүшү мүмкүн деп айтууда.
Бирок буга карабастан британ баш калаасында орточо капчык үчүн жашаганга толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Кеп жашай турган турак-жай тууралуу баратат. Муну менен айрым эрежелерди эске алганча жүрүү керек. Лондондун түндүгү менен батышына караганда түштүгү менен чыгышынан ижарага батир алуу же кыймылсыз мүлк сатып алуу арзан болот.

Сүрөттүн булагы, RAY WISE/GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, iStock
Теги канадалык Райттын айтымында, Лондондун кандайдыр бир деңгээлде таң калтырган жактары көп.
"Бул жерде аз камсыздалгандар үчүн социалдык турак жай миллиондогон фунт турган үйлөр менен коңшу жайгашып калуусу толук мүмкүн»,-дейт ал.
Райт Лондондун түштүк-чыгышындагы Эбби Вуд районунда жашайт. Анын айтымында айына 1000 фунтка ижарага үй алса болот же сатып алам десең болжолу 325 миң фунт.

Сүрөттүн булагы, iStock
Башка варианттардын арасында сиздин капчыкка туура келе турган Лондондун чыгышындагы Олимпиада паркына жанаша жайгашкан Лейтон же андан түштүк тараптагы Ист-Хэм бар.
Баш калаанын түштүгүндөгү Ист-Кройдондо чоң курулуштар жүрүп жатат. Жакында бул жерде соода жана оюн-зоок комплекси ачылат. Бирок сиз мурдагыдай эле айына 500 фунтка жашай турган батир таба аласыз.
Бирок азыркы Британияда антимигранттык маанай байкала баштады. Райт болсо мунун баш калаага такыр тиешеси жок деп ишендирүүдө. Мурдагыдай эле көп улуттуу, ачык жана толеранттуу бойдон кала берүүдө дейт ал.
"Лондондо АКШнын шаарларына салыштырганда этникалык анклавдар бир топ эле аз. Ошондуктан ар кайсыл өлкөлөрдөн келген мигранттар жергиликтүүлөр менен ийиндешип жашайт. Менин көз карашымда бул шаардын жагымдуу мүнөзүнүн бири»,-деди Райт.
ПЕКИН
Economist Intelligence Unit индексинде Кытайдын көп шаарлары жогорку позицияларын жоготуп, 10 орунга чейин төмөндөдү. Алсак, Пекин шаары. Economist Intelligence Unit иликтөөсүндө мунун себеби аталган эмес.

Сүрөттүн булагы, ANDY BRANDL/GETTY IMAGES
Бирок айрым булактардагы маалыматтарда мындай абал кытай эскпортуна болгон талаптын төмөндөп жана юандын долларга карата наркын жоготушу себеп болгон.
Лондон сыяктуу эле бул жерде да болжолу турак-жай табуу шаардын борборунан канчалык алыстыкта экенине байланыштуу. Баш калаанын борбордук бөлүгүнөн 22 чакырым түштүк тараптагы Тунчжоу районунда эки бөлмөлүү батирди айына 2500 юанга алса болот.
"Бирок сиз чет өлкөлүк катары батирди шаардын борборуна жакын жерден болжолу 4000 юанга тапканыңыз оң болот. Ал тургай Санлитун же Гулоу сыяктуу бай райондордон да табышыңыз толук мүмкүн", -дейт Пекинде жашаган америкалык Ом Баффало.

Сүрөттүн булагы, iStock

Сүрөттүн булагы, iStock
Жалпылап айтканда Пекиндин түндүк жана чыгыш райондоруна караганда түштүк жана батыш райондору арзан.
Үнөмдөөнүн дагы бир жолу такси эмес метрону колдонуу керек.
"Башында [метрону колдонуу] бир аз ыңгайсыз көрүнөт, өзгөчө кишилер кымгуут болуп, жумушка, үйгө жөнөгөн мезгилдерде. Бирок барып-барып сиз өзүңүзгө оптималдуу багытты таап аласыз",-дейт Пекинде жүргөн Cheetah Mobile компаниясынын глобалдык маркетинг жана коммуникация боюнча директору Жош Онг.

Сүрөттүн булагы, DIANE LEVIT DESIGN PICS/GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, iStock
Ал ошондой эле жергиликтүүлөр сыяктуу эле чыныгы пекиндиктер кайдан тамактанарын билүү үчүн dianping.com сайтын пайдалануу кеңешин берет.
"Пекинде батыш ашканасы кымбат турат. Бирок эстен чыгарбагыла, даамдуу кесме жана таттуу пельмен сиз жашаган жерге жакын эле".
ЛАГОС
Нигериянын мурунку баш калаасы дагы Economist Intelligence Unit тизмесинде 16 орунга төмөндөдү. Себеби эле өлкөнүн негизги экспорту болгон мунай баасынын арзандашы.
Буга эми бул жерде иштеп жүргөн чет элдиктер ыраазы эле болсо керек. Бирок АКШдан келен Хасим Зейндин айтымында, жергиликтүүлөр үчүн баалар өсүп, мунун менен бирге эле кылмыштуулук, тоноо, уурулук дагы күчөдү.

Сүрөттүн булагы, ANDREW HOLT/GETTY IMAGES
"Нигериялыктардын менталитетинен улам мен бул өлкөдө өзүмдү үйдө жүргөндөй сезем. Алар көңүлүн чөгөрүп калбай, бардык нерсени жеңип чыгууга умтулуп жашайт. Ар дайым көңүл ачууга дагы убакыт табышат",-деп айтып берди Зейн.

Сүрөттүн булагы, iStock
Лагос табигый түрдө экиге бөлүнгөн- жарымы материкте, жарымы аралда. Көпчүлүк чет элдиктер аралдагы бөлүгүн, өзгөчө шаардын борбордук бөлүгүнөн 17 чакырым алыстыктагы Виктория районун артык көрүшөт.
Ошондой эле британдык колониалдык башкаруу учурунда курулган Икойи дагы престиждүү.

Сүрөттүн булагы, iStock
А чынында бизнесте эмес, реалдуу өндүрүштө иштегендер адатта шаардын материктеги бөлүгүнө жайгашат. Хасим Зейндин айтымында бул жакта Илупей жана Икеджа райондору эң мыкты. Алар башкаларга салыштырганда коопсуз, жакшы өнүккөн жана инфраструктурасы стабилдүү иштейт.
МЕХИКО
Мексиканын борбору ар дайым керектөөлөр үчүн көп акча сарпталган шаар эсептелип келген. Бул жылы Economist Intelligence Unit индексинде он пункт боюнча төмөндөдү. Эми тизмедеги 132 өлкөнүн ичинен 82-орунда.
Өткөн жыл ичинде улуттук валюта бошоңдоосун улантты. Инфляция баалар менен бирге өстү (анын ичинде шаардагы коомдук транспортто жол акы кымбаттап каршылык жүрүштөрүнүн себеби болгон).

Сүрөттүн булагы, HARALD SUND /GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, iStock
Ошондуктан Мехикодо автобус колдонгондон көрө метро менен жүргөн жакшы дейт теги лондондук, саякат боюнча блог жазып жүргөн Лорен Кокинг.
Ал эми түн ичинде болсо Uber кызматын колдонуу керек деп кеңеш берет ал.
"Бул башка таксилерге караганда бир топ арзан жана коомдук танспортко караганда коопсуз. Өзгөчө караңгы кирип, кеч болуп калган убактарда".

Сүрөттүн булагы, iStock

Сүрөттүн булагы, iStock
Чоң супермаркеттерге караганда жергиликтүү базардан (tianguis) соода кылган арзан болот.
"Баалардагы айырма сизди таң калтырат,-деп белгилейт Кокинг. - Менин эсебимде жергиликтүү тамак-аш эмне үчүн бул жерге келип жашап калганыңы актаган укмуш нерсе".
Анын айтымында көпчүлүк чет элдиктер Рома жана Кондеса райондорунда жайгашат. Бирок ал жакта чыныгы мексикалык духту сезүү кыйын.
"Мен шаардын туштүк тарабындагы анчейин бааланбаган Нарварте же Дель Валле сыяктуу жерлерден батир издөөнү сунуш кылам. Бул жерде зилзала учурунда анча кооптуу эмес үйлөр бар. Ушундай эле мүнөздөмөнү Копилько жана Койоакан райондоруна берсе болот".
БУЭНОС-АЙРЕС
Бул жылы Economist Intelligence Unit индексинде Буэнос-Айрес (Лондон менен бирге) төмөн кулаган рекордсмен болду. Анын 20 орунга түшүп калганына аргентиналык экономиканын борпоңдугун айыптаса болот.

Сүрөттүн булагы, iStock
Деген менен жергиликтүүлөр баалардын секиригине мурдатан эле көнүп бүтүшкөн дейт. 10 жылдан бери Буэнос-Айресте жашаган америкалык Мади Лэнг.
"Жергиликтүү экономика кандайдыр бир акылга сыйгыс,-дейт ал. -Бирок аргентиналыктар аны сабырдуу кабыл алат. Аларга негизгиси гриль үчүн уй эти болсо болду".

Сүрөттүн булагы, PANORAMIC IMAGES/GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, iStock
Баш калаадагы ыргакты сезүү үчүн чет өлкөлүктөргө шаардын борборунан 4 чакырым түштүк-чыгыштагы Пуэрто-Мадеродо жашоо кеңешин беришет. Бул таза жана престиждүү район, океанга жакын, Ла-Плата булуңунун жээгинде.

Сүрөттүн булагы, iStock
Экинчи вариант - колониалдык учурда курулган Сан-Тельмо (бирок коопсуздук маселеси начар). Танго үчүн Буэнос-Айреске келгендер болсо анда Альмагрого жайгашуусу керек.
Бул райондо барлар, ресторандар, бий аянттары жана жандуу музыка толтура. Аргентина баш калаасында парктар жана аянттар көп болуп, эс алууга шарттар кеңири. (AbA)
Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуз.












