ДЭРдин "Сомали" батальонунун командири өлтүрүлдү

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS
Донбасстагы жикчилдердин батальонун жетектеген Михаил Толстых өлтүрүлгөнүн өзүн аймактык түзүм катары жарыялап алган Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү билдиришти.
"Гиви" деген каймана аты менен белгилүү болгон талаа командири кол салуудан каза тапкан деп айтылууда.
"Бүгүн саат 06:12 (мск) террордук актынын кесепетинен ДЭР баатыры, "Гиви" ысымы менен белгилүү "Сомали" батальонунун командири, полковник Михаил Толстых каза тапты",-деп айтылат ДЭРдин аскер командачылыгынын билдирүүсүндө.
Кийинчерек ДЭРдин өкүлдөрү талаа командири огнеметтон атылган октон каза тапкан деп ырастады. "Алдынала маалыматтарга караганда "Гивинин" өлүмүнө "Шмель" үлгүсүндөгү пехоталык реактивдүү огнеметтон атылган ок себеп болгон", -деп айтылды.
Мунун алдында орусиялык медиа "Гиви" Донецктин чет жакасындагы кабинетинде жардыруудан каза тапканын жазышкан.
Соңку эки жылда Донбасстагы куралдуу топтордун бир катар белгилүү талаа командирлери өлтүрүлгөн. Алардын бирөөсү дагы украиналык аскерлер менен ок атышуу учурунда өлгөн эмес.
Буга чейин 2016-жылдын октябрында Донецкте "Спарта" деп аталган батальондун командири, орусиялык Арсен Павлов өлтүрүлгөн. "Моторола" деген каймана ысымды алып жүргөн талаа командири өз үйүндөгү лифтиге коюлган жардыргычтан каза тапкан.
- 2015-жылдын январында ЛЭРдин мурдагы Коргоо министри, "Бэтмен" деген ысым менен белгилүү Александр Беднов өлтүрүлгөн. ЛЭРдин бийлиги Бедновду жана анын кишилерин тоноо, адам уурдоо жана кыйноолор боюнча айыпташкан эле.
- 2015-жылы январь соңунда "Казак гвардиясы" деп аталган бөлүктүн талаа командири Евгений Ищенко набыт болду. ЛЭР аны украиналык диверсиялык чалгын тобу өлтүрдү деп айыптаган.
- 2015-жылы май айында "Призрак" деп аталган бригаданын талаа командири Алексей Мозговой унаасында баратып жарылган.
- 2015-жылы декабрь айында казак атаманы Павел Дремов өзүнүн куралдуу бөлүгүнүн көзөмөлүндөгү аймакта унаасында жарылган.
- 2016-жылы сентябрь айында Подмосковьеде орусиячыл "Оплот" уюмунун лидери Евгений Жилин өлтүрүлдү. Орусиянын Тергөө комитети анын өлүмүнө коммерциялык ишмердүүлүгү себеп болгонун айткан.
- 2016-жылы октябрда талаа командири Армен Багирян Луганск аймагындагы Славяносербск кыштагында атылган. "Багги" деген ысым менен белгилүү болгон Армен Багирян менен бирге анын кол алдындагы бир нече киши да октон каза тапкан.







