Цивилизацияга коркунуч: жаныбарлар динозаврлар сыяктуу эле жоголууда

Сүрөттүн булагы, Gerardo Ceballos
Планета тарыхында алтынчы ирет биологиялык түрлөрдүн массалык кырылуусу жүрүп жатат. Анын масштабын динозаврлар тукум-курут болгон абал менен салыштырууга болот деп айтылат мексикалык жана америкалык окумуштуулар жүргүзгөн иликтөөдө.
Эксперттер тукум-курут болуп бара жаткан жаныбарларды анализдеп көрүп, сүт эмүүчүлөрдүн, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 515 түрүнүн тагдыры кыл учунда турганын айтып чыгышты. Бул деген жапайы жаратылышта булардын ар биринин миңге жетпеген саны гана калды дегенди түшүндүрөт.
Биологиялык түрлөрдүн биринчи жолку массалык кыргыны болжолу 540 млн жыл мурун болгон. Эң акыркы кыргын 66 миллион жыл мурун болгон деп болжошот. Эң эле ынанымдуу теориялардын бири - астероиддин кулашы динозаврлардын кырылышына алып келген.
Буга чейинки биосферадагы бүлүнүү табигый катастрофалардан улам пайда болсо, азыркы шартта адамдын ишмердүүлүгүнөн улам болууда. Биринчи кезекте токойлордун кыйылышы менен мыйзамсыз аңчылык.
"Биз кыргындын алтынчы баскычына келип калдык. Биздин иликтөөлөр жана байкоолор көрсөткөндөй, өтө олуттуу кризистин босогосунда турабыз. Алдыдагы 10-50 жылдагы аракеттерибиз адамзаттын болочогун аныктайт",-деди Би-Би-Сиге берген интервьюсунда иликтөөнүн авторлорунун бири, профессор Херардо Себальос.

Сүрөттүн булагы, Gerardo Ceballos
Окумуштуулар жаныбарлар дүйнөсүндөгү түрлөрдүн жок болуу темпи табигый мүнөздөгү абалын 100 эсе ашып түшөт деп айтууда. Жок болуп жаткан түрлөр Антарктиданы кошпогондо Жер шарынын бардык континенттеринде кездешет. Эң көбү тропикалык жана субтропикалык аймактарда.
Тукум-курут коркунучундагы жаныбарлар:

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Бразилиянын токойлорун байырлаган маймылдын түрлөрү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Эфиопиялык чөө (каберу)

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Индия жана ага коңшулаш өлкөлөрдүн аймагында кездешкен крокодилдин түрү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Колумбия жана ага коңшу өлкөлөрдүн аймагында кездешкен уулуу бака
Явандык керик, испандык көркоо шакылдак (алгыр куштардын бир түрү), Түштүк Американын попугайы.
Окумуштуулар биологиялык түрлөрдүн жок болуп жатышына климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу бир катар себептерди аташат.

Сүрөттүн булагы, Gerardo Ceballos
Тукум-курут болуп бара жаткан түрлөрдү сактап калуу - адамзаттын моралдык милдети дейт окумуштуулар. (AbA)












