Карышкыр менен бийлеген аял

Peggy and her wolfdog Kalani

Сүрөттүн булагы, Adele Barclay

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пегги Жехли көп жылдар бою карышкырлар жана анын каны аралашкан иттер менен иштеп келет
    • Author, Dhruti Shah
    • Role, BBC News

Колорадо штатында карышкырды мамлекеттик корукка кайрадан алып келүү боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрым тургундар карышкырга карата терс көз карашты өзгөртүүгө аракеттенүүдө.

Garden of Gods же "Кудайлардын бакчасы" аттуу паркта карышкырды ит сыяктуу эле жетелеп жүргөн аялды кезиктирсе болот. Башында чоң итти жетелеп баратса керек деп ойлойсуз. Жакындаганда карышкырды көрүп, үрөй учат.

Албетте, бул көрүнүшкө ишенип, ишенбей кетесиз. Бул аял кантип карышкырды үйрөтүп алды деген суроо жаралат. Кыргызда "бөрү баласы ит болбойт" деген сөз бар эмеспи. Пегги Жехли мындай пикирге кошулбайт, ал карышкыр үйүрүнүн энеси болуп калды.

"Булар карышкырдын каны аралашкан бактылуу иттер",-дейт Пегги.

Калифорниялык Пегги сегиз жыл мурун карышкырлар менен паркта сейилдөө бизнесин баштаган. Ал кардарларына бул жаныбар тууралуу маалымат берип, терс көз карашты өзгөртүүгө умтулат.

Little Red Riding Hood, wood engraving, published in 1873 - stock illustration

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карышкырлар жомоктордо терс каарман катары сүрөттөлөт

Пегги карышкырларын элчи деп атайт. Аларды мектептерге, түрдүү иш-чараларга жетелеп барып, бул жаныбарлар жомокто сүрөттөлгөндөй коркунучтуу эместигин көрсөтүүдө.

"Мен сыйкырдуу жаныбарларга карата терс көз карашты өзгөрткүм келет",-дейт Пегги.

Сейилдөөгө чыкканда Пегги беш гана кишини кошот. Ал бизнеси тууралуу чоң деле жарнама кылбайт. Карышкырлар менен чогуу басып келгендер башка тааныштарына сөз кылып, учурда Пеггинин кардарлары көбөйдү.

Timber wolf mix dog standing up high on a rock with a leash on

Сүрөттүн булагы, Colorado Wolf Adventures

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пегги "Гоуст" аттуу карышкырды өлүмдөн сактап калган

Карышкырлар менен сейилдеп жүргөндө этият болуу керек. Башка иттерди көргөндө, Пегги "абайлагыла" деген эскертүү берет.

Сиз кадимки карышкыр менен сейилдей албайсыз. 96-97% карышкырдын каны аралашкан иттер менен чогуу басып жүрүүгө мүмкүн.

Jayden Williams walking Spirit
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэйден аттуу турист Спирит аттуу карышкырды жетелеп жүрдү
Presentational white space

Кошмо Штаттарында карышкырларды коргогон уюмдар жана жайлар көп. Ал жерде дагы карышкырга жакындаса болот. Бирок Пеггинин бизнеси өзгөчөлөнүп турат. Бул жаныбарлар бир жайда кармалбайт, алар корукта жашайт.

"Карышкыр менен чогуу басканда, өзгөчө күч-кубат аласың. Чогуу басып жүрүп, бул жаныбарлар жөнүндө маалымат таратам",-дейт Пегги.

Пеггинин атайын лицензиясы бар. Ал жапайы жаратылышты көп жылдар бою изилдеген. Бул мезгил аралыгында карышкырлар жана алардын каны аралашкан иттер менен иштеп келүүдө.

Карышкыр менен үгүштүрүлгөн иттерди багуу да оңой эмес. Айрым штаттарда бул жаныбарларга тыюу дагы салынган. "Такты оюндары" сериалынан кийин мындай жаныбарларга талап кыйла өстү. Алардын көбү карышкырларын бага албай, жаныбарды кайрадан Пегги сыяктуу адистерге беришкен. Мындай жаныбарды үйдө бакса болбойт, кенен жай керек.

Three people and two wolf dogs
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеггиге ыктыярчылар жардам берет

Пегги эми улуттук корукка карышкырларды кайрадан алып келүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул кадамга каршы чыккандар арбын. Колорадо штатынын чабандары карышкырлар малга жана тургундарга коркунуч жаратат деген жүйөөнү келтиришүүдө.

Активист Дэнни Бехренз дагы карышкырларды корукка алып келүүгө каршы:

"Карышкырларга каршы эч кандай терс көз караш жок. Бул жаныбарлар эмитен эле улуттук корукка келишүүдө. Бул табигый миграция. Бирок Канада же Аляска сыяктуу аймактардан карышкырларды атайын көчүрүп келүү ката болот. Колорадо коругунда карышкырлар каалагандай жүрө албайт, аларга кенен жер керек",-деди ал.

Пегги бизнесин улантып, карышкырлар тууралуу маалыматты тарата бермекчи. Бирок адис катары мындай жаныбарларды багуу, кароо жана үйрөтүү оңой эмес экенин баса белгилейт. (AT)